2 Падышалар 25:1—30

25  Ситкиянын башкаруусунун тогузунчу жылында+, онунчу айдын онунчу күнү+ Бабыл падышасы+ Небухаданасар+ бүт аскерлери менен келип, Иерусалимдин тушуна кошуунун жайгаштырып, аны курчоого алуу үчүн тегерегине дубал тургузду+.  Шаар Ситкия падышанын башкаруусунун он биринчи жылына чейин курчоодо болду.  Төртүнчү айдын тогузунчу күнү+ шаарда ачарчылык күчөп+, эл нансыз калды+.  Шаардын дубалын бузушкандан кийин+, каздимдиктер+ шаарды курчап турушканда, жоокерлердин баары түн ичинде падышанын багынын+ жанындагы эки дубалдын ортосундагы дарбазадан чыгып, качып жөнөштү. Падыша Арабаны+ көздөй качты+.  Каздимдиктердин аскерлери+ анын артынан түшүп, аны Жерихонун чөлдүү түздүктөрүнөн+ кууп жетишти+. Падышанын жоокерлеринин баары аны таштап, туш-тушка качып кетишти.  Каздимдиктер падышаны колго түшүрүп+, ага өкүм чыгарылышы үчүн, аны Риблага+, Бабыл падышасына алып барышты.  Алар Ситкиянын уулдарын анын көзүнчө өлтүрүштү+. Бабыл падышасы Ситкиянын эки көзүн оюп+, аны жез кишен менен кишендеп+, Бабылга алып кетти+.  Бабыл падышасы Небухаданасардын башкаруусунун он тогузунчу жылында+, бешинчи айдын жетинчи күнү Бабыл падышасынын кызматчысы, жан сакчылардын башчысы Небузарадан+ Иерусалимге келди+.  Ал Жахабанын үйүн+, падышанын үйүн+, Иерусалимдеги үйлөрдүн баарын+, ошондой эле бүт аттуу-баштуу кишилердин үйлөрүн өрттөп жиберди+. 10  Жан сакчылардын башчысы менен келген каздимдик аскерлер Иерусалимди курчап турган дубалдын баарын уратып салышты+. 11  Жан сакчылардын башчысы Небузарадан шаарда калган элди+, Бабыл падышасы тарапка өтүп кеткендерди жана башкалардын баарын туткундап кетти+. 12  Ал эми колунда жоктордун+ айрымдарын жүзүм өстүрүүгө, жер иштетүүгө калтырды+. 13  Каздимдиктер Жахабанын үйүндөгү жез мамыларды+, ошондой эле Жахабанын үйүндөгү арабалар+ менен чоң жез казанды+ талкалап, жездин баарын Бабылга алып кетишти+. 14  Алар кызмат кылууда колдонулган күл салгычтарды, калактарды, билик өчүргүчтөрдү, табактарды, чөйчөктөрдү жана жез буюмдардын баарын+ алып кетишти. 15  Жан сакчылардын башчысы таза алтын+ менен таза күмүштөн+ жасалган чок салгычтар менен табактарды да алып кетти. 16  Сулайман падыша Жахабанын үйү үчүн жасаган эки мамыга, чоң казанга жана арабаларга кеткен жез абдан көп болгондуктан, таразага тартылган эмес болчу+. 17  Ар бир мамынын бийиктиги он сегиз чыканак+, ал эми алардын ар биринин үстүндөгү жез таажынын+ бийиктиги үч чыканак болчу. Таажынын тегерегиндеги анарлар+ менен тор бүтүндөй жезден жасалган эле. Экинчи мамы менен анын тору да ошондой жасалган болчу. 18  Жан сакчылардын башчысы жогорку дин кызматчы* Сераяны+, экинчи дин кызматчы Сепанияны+ жана үч дарбаза кайтаруучуну+ да алып кетти. 19  Ошондой эле шаардан жоокерлердин үстүнөн коюлган ак сарай кызматчысын, падышанын шаардагы беш кеңешчисин, элди аскерге каттаган аскер башчысынын катчысын жана шаардагы элдин ичинен алтымыш кишини алып кетти+. 20  Алардын баарын жан сакчылардын башчысы Небузарадан+ Рибладагы+ Бабыл падышасына алып барды+. 21  Бабыл падышасы аларды Хамат+ жериндеги Риблада өлтүрдү+. Ошентип, Жүйүт өз жеринен туткундалып кетти+. 22  Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт жерине өзү калтырган элди+ башкарууга Шапандын+ небереси, Ахикамдын+ уулу Гедалияны+ дайындады. 23  Бабыл падышасынын элди башкарууга Гедалияны дайындаганын укканда аскер башчылары+ менен алардын кишилери Миспага+, Гедалияга барышты. Алардын арасында Нетаниянын уулу Ысмайыл, Кареахтын уулу Жоханан, нетопалык Танхуметтин уулу Серая, маахаттык бир кишинин уулу Жазания жана алардын кишилери бар эле. 24  Ошондо Гедалия аларга жана алардын кишилерине: «Каздимдиктерге кызмат кылгандан коркпогула. Бул жерде жашап, Бабыл падышасына кызмат кылгыла, ошондо өзүңөргө жакшы болот»+,— деп сөз берди+. 25  Жетинчи айда+ падыша тукумунан чыккан Элишаманын небереси, Нетаниянын уулу Ысмайыл+ он киши менен Миспага+ барып, Гедалияны+ жана анын жанындагы жүйүттөр менен каздимдиктерди өлтүрүп коюшту. 26  Ошондо бүт эл, жашынан карысына чейин, ошондой эле аскер башчылары каздимдиктерден корккондуктан+ Мисирге кетишти+. 27  Жүйүт падышасы Жаякиндин+ туткундалып кеткенине отуз жети жыл болгондо, он экинчи айдын жыйырма жетинчи күнү Бабыл падышасы Эбилмеродах+ өзү падыша болгон жылы Жүйүт падышасы Жаякинди камактан чыгарды+. 28  Ал ага жакшы сүйлөп, анын тактысын Бабылдагы өзүнүн жанындагы башка падышалардыкынан да жогору койду+. 29  Жаякин камакта кийген кийимин чечти+. Ал өмүрүнүн аягына чейин падышанын дасторконунан тамактанды+. 30  Ошентип, көзү өткөнчө, күн сайын ага Бабыл падышасынан белгиленген өлчөмдө азык берилип турду+.

Шилтемелер

1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.