2 Падышалар 3:1—27

3  Жүйүт падышасы Жошапаттын башкаруусунун он сегизинчи жылында Ахаптын уулу Жорам+ Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал он эки жыл башкарды.  Жорам Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+, бирок атасы менен энеси кылганчалык кылган жок+. Ал атасы Баалга арнап жасаган+ ыйык мамыны жок кылды+.  Анткен менен Ысрайылды күнөөгө батырган+ Небаттын уулу Жеробам кылган жаман иштерди кылып+, күнөө кылганын токтоткон жок.  Маап падышасы Меша+ койлорун көбөйтүп, Ысрайыл падышасына салыкка 100 000 козу, 100 000 кыркылбаган кочкор берип турду.  Ахап өлгөндөн кийин+, Маап падышасы Ысрайыл падышасына каршы чыкты+.  Ошондо Жорам падыша Самариядан чыгып, бүт Ысрайылды чогултту+.  Андан сырткары, ал Жүйүт падышасы Жошапаттан: «Маап падышасы мага каршы чыгып жатат. Мага кошулуп, Маап менен согушканы барасыңбы?» — деп сураганы киши жөнөттү. Жошапат: «Барам+. Сен экөөбүз бирбиз. Менин элим — сенин элиң, менин аттарым — сенин аттарың»,— деди+.  Анан: «Кайсы жол менен барабыз?» — деп сурады. Тиги: «Эдом+ чөлүнө кеткен жол менен»,— деди.  Ошентип, Ысрайыл падышасы, Жүйүт падышасы жана Эдом падышасы жолго чыгышты+. Алар айланып өтчү жол менен жети күн жүрүштү. Акырында кошуундагыларга да, артында келаткан малга да ичкенге суу жок калды. 10  Ошондо Ысрайыл падышасы: «Башыбызга мүшкүл түшкөн турбайбы! Жахаба бизди, үч падышаны, Мааптын колуна салып бериш үчүн чогулткан турбайбы!» — деди+. 11  Жошапат+: «Бул жерде Жахабанын пайгамбары барбы?+ Ошол аркылуу Жахабадан сурап көрбөйлүбү»,— деди+. Ысрайыл падышасынын бир кишиси: «Ооба, Илиястын колуна суу куюп берип жүргөн+ Шапаттын уулу Элиша бар»,— деди+. 12  Жошапат: «Ал дайыма Жахаба айтканды айтат»,— деди. Анан Ысрайыл падышасы, Жошапат жана Эдом падышасы ага жолукканы жөнөштү. 13  Элиша Ысрайыл падышасына: «Менде эмне ишиң бар?+ Бар, атаң менен апаңдын пайгамбарларынан сура»,— деди+. Бирок Ысрайыл падышасы ага: «Мени кубалаба, Жахаба бизди, үч падышаны, Мааптын колуна салып бериш үчүн чогултуптур»,— деди+. 14  Ошондо Элиша: «Мен кызмат кылган асман аскерлеринин Кудайы Жахаба тирүү!+ Жүйүт падышасы Жошапат болбогондо, сени карамак да эмесмин+»,— деди+. 15  Анан: «Мага кыл аспап черткен киши таап келгиле»,— деди+. Ал киши келип, кыл аспабын черте баштаганда, Жахаба Элишанын үстүнө колун койду+. 16  Анан Элиша мындай деди: «Жахаба мындай дейт: „Ушул өзөндүн баарына терең арыктарды казгыла+, 17  анткени Жахаба мындай дейт: “Шамал болгонун же нөшөр жааганын көрбөйсүңөр, бирок ушул өзөн сууга толот+, андан өзүңөр да ичесиңер+, малыңар да ичет”“. 18  Бул Жахаба үчүн кыйын эмес+, ал атүгүл Маапты да колуңарга салып берет+. 19  Силер болсо алардын чептүү шаарлары+ менен башка жакшы шаарларынын баарын талкалагыла. Ошондой эле бүт жакшы бактарын кыйып+, булактарынын көзүн бүтөп, жакшы жерлерине таш ыргытып салгыла». 20  Эртең менен+ нан курмандыгы алынып келчү маалда+ Эдом тараптан суу агып келип, өзөндүн баары сууга толуп калды. 21  Мааптыктар падышалардын алар менен согушканы келгенин укканда согушка жарактуулардын баарын+, жашынан карысына чейин чогултуп, чек арага барып тизилишти. 22  Алар эртең менен эрте турушту. Карама-каршы тарапта турушкандыктан, күн чыкканда, суунун бети чагылышып, аларга кан сымал кыпкызыл болуп көрүндү. 23  Ошондо алар: «Бул — кан! Падышалар согушуп, бири-бирин кылычтап салышыптыр. Маап, жөнө, олжо сеники!» — дешти+. 24  Алар Ысрайылдын конушуна келишкенде, ысрайылдыктар+ аларды кыра башташты, мааптыктар качып жөнөштү+. Ысрайылдыктар аларды кууп, Маапка жетер-жеткиче кырып барышты. 25  Анан алардын шаарларын талкалап+, жакшы жерлеринин баарына таш ыргытып, булактарынын көзүн бүтөп+, бүт жакшы бактарын кыйып салышты+. Бир гана Кир-Харесеттин таш дубалдарын талкалашкан жок+. Салмоорчулар ал шаарды курчап алып, таш менен аткылашты. 26  Өзүнүн жеңилип баратканын көргөндө Маап падышасы кылыч көтөргөн 700 жоокерин алып, Эдом падышасы+ жакка өтүп барууга аракет кылды, бирок өтө албай коюшту. 27  Ошондо ал өзүнүн ордуна падыша боло турган тун уулун алып, дубалдын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды+. Элдин катуу каарданганын көрүп, ысрайылдыктар артка бурулуп, өз жерине кетишти.

Шилтемелер