2 Падышалар 4:1—44

4  Пайгамбар уулдарынын+ биринин аялы Элишага келип: «Кулуңдун, күйөөмдүн, көзү өтүп кетти. Анын Жахабадан корккон киши болгонун жакшы билесиң+. Бизге карыз берген киши+ келип, эки баламды кул кылганы алып кеткени жатат»,— деп ыйлай баштады.  Элиша андан: «Сага эмне кылып берейин?+ Айтчы, үйүңдө эмнең бар?» — деп сурады. Ал: «Күңүңдүн үйүндө май куюлган кумурадан башка эч нерсеси жок»,— деди+.  Элиша: «Көчөгө чыгып, кошуналарыңдан бош идиш сура. Мүмкүн болушунча, көбүрөөк идиш чогулт.  Анан уулдарың менен үйүңө кирип, эшигиңди жап да, бош идиштердин баарына майдан куюп, толгондорун улам четке коё бер»,— деди.  Аял анын жанынан кетти. Анан уулдары менен үйүнө кирип, эшигин бекитти. Уулдары ага идиштерди бере баштады, ал аларга май куюп жатты+.  Идиштер толгондон кийин, аял уулдарынын бирине: «Дагы идиш алып кел»,— деди+. Ал: «Башка идиш жок»,— деди. Ошол замат май токтоп калды+.  Анан аял чыныгы Кудайдын кишисине барып, баарын айтып берди. Ал: «Барып, майды сат да, карызыңдан кутул+. Калганына уулдарың менен оокат кыл»,— деди+.  Күндөрдүн биринде Элиша Шунемге+ барды. Ал жактан кадыр-барктуу бир аял аны үйүнө кирип, тамактанып кетүүгө көндүрдү+. Ошондон тартып Элиша ал жерден өткөн сайын аныкына кирип, тамактанып турчу болду.  Бир күнү аял күйөөсүнө+: «Мен биздин үйгө келип жүргөн кишинин Кудайдын ыйык кишиси+ экенин билем. 10  Кел, ага үйдүн үстүнө+ бир чакан бөлмө даярдап, ичине төшөнчү-орун, үстөл, отургуч, чырак коюп коёлу+. Биздикине келгенде, ошол бөлмөгө жатып жүрсүн»,— деди+. 11  Бир күнү Элиша адаттагысындай эле алардыкына келип, өзү жатып жүргөн үстүнкү бөлмөгө чыгып жатты. 12  Анан кызматчысына, Гехазиге+: «Шунемдик+ аялды чакырып кел»,— деди. Ал барып, аялды чакырды. 13  Элиша кызматчысына: «Андан: „Сен бизге кам көрүп, ушунча убара болуп жатасың+, сага эмне кылып берейин?+ Падыша+ менен же аскер башчысы менен сүйлөшүп берейинби?“+ — деп сурап көр»,— деди. Аял: «Өз элимдин арасында жашагандыктан+, кыйынчылыгым деле жок»,— деди. 14  Элиша: «Анда эмне кылып бериш керек?» — деди. Гехази: «Анын баласы жок эмеспи+, күйөөсү болсо карып калган»,— деди. 15  Элиша ошол замат: «Аны чакырып кел»,— деди. Кызматчысы аны чакырып келди. Аял келип, босогого турду. 16  Элиша ага: «Эмки жылы так ушул убакта уулдуу болосуң»,— деди+. Бирок аял: «Жок, мырзам, сен чыныгы Кудайдын кишисисиң, күңүңдү антип алдаба»,— деди. 17  Аялдын боюна бүтүп, Элиша айткандай+, кийинки жылы так ошол убакта уул төрөдү+. 18  Чоңоюп калган кезинде уулу адаттагысындай эле бир күнү орокчулар+ менен жүргөн атасына барды. 19  Анан бир убакта атасына: «Башым ай, башым ооруп жатат!» — дей баштады+. Акыры, атасы кызматчысына: «Муну энесине алып барчы»,— деди+. 20  Кызматчысы аны энесине алып барды. Ал энесинин алдында түшкө чейин отурду да, анан өлүп калды+. 21  Энеси аны үстүнкү бөлмөгө көтөрүп чыгып, чыныгы Кудайдын кишисинин+ төшөгүнө+ жаткырды да, эшикти жаап, сыртка чыкты. 22  Анан күйөөсүн чакырып: «Мага бир кызматчыңды эшеги менен жөнөтүп жиберчи. Тезирээк чыныгы Кудайдын кишисине барып келейин»,— деди+. 23  Күйөөсү: «Ай деле жаңырган жок+, ишемби да эмес, эмнеге бүгүн барганы жатасың?» — деп сурады. Аялы: «Кабатыр болбой эле кой, баары жакшы эле»,— деди. 24  Анан эшекти+ токуду да, кызматчысына: «Жетелеп бас, мен айтмайынча токтобо»,— деди. 25  Ошентип, ал жолго чыгып, Кармел тоосуна, чыныгы Кудайдын кишисине барды. Чыныгы Кудайдын кишиси аны алыстан көрүп, кызматчысы Гехазиге+: «Карасаң, шунемдик аял келатат. 26  Алдынан чуркап чыгып: „Аман-эсен жүрөсүңбү? Күйөөң, балаң аман-эсенби?“ — деп сура»,— деди. Аял ага: «Аман-эсенбиз»,— деп койду. 27  Анан тоого, чыныгы Кудайдын кишисине барып, анын бутун кучактай жыгылды+. Гехази келип, аны түртүп жиберейин дегенде+, чыныгы Кудайдын кишиси+: «Тийбе, жөн кой муну+, жаны кейип турат+. Жахаба муну мага айтпай, жашырып койгон тура»,— деди+. 28  Аял: «Мен мырзамдан бала сурадым беле? „Мени курулай үмүттөндүрбө“,— деп айткан жок белем?» — деди+. 29  Ошондо Элиша Гехазиге+: «Кийимиңдин этегин куруңа кыстарып+, колуңа менин таягымды ал+ да жөнө. Жолдон кезиккен кишиге салам бербе+, бирөө салам берсе, алик алба. Барып, таягымды баланын бетине кой»,— деди+. 30  Баланын энеси: «Жахаба тирүү+, сен да тирүүсүң+, мен сенсиз бул жерден кетпейм»,— деди+. Элиша туруп, аны менен жөнөдү. 31  Гехази алардан мурун барып, таякты баланын бетине койду, бирок бала былк этип да койгон жок+. Гехази Элишанын алдынан тосуп чыгып: «Бала ойгонбой койду»,— деди+. 32  Элиша үйгө келсе, өлгөн бала анын төшөгүндө жатыптыр+. 33  Элиша кирип, эшикти жапты да+, Жахабадан тилене баштады+. 34  Анан төшөктүн үстүнө чыгып, баланын оозуна оозун, көзүнө көзүн, алакандарына алакандарын тийгизип жатты+. Баланын денеси акырындан жылый баштады. 35  Элиша туруп, дагы бир жолу ары-бери басты да, кайра баланын үстүнө жатты. Бала жети жолу чүчкүрүп, көзүн ачты+. 36  Элиша Гехазини чакырып: «Шунемдик аялды чакырып кел»,— деди+. Аял келгенде, ага: «Уулуңду ал»,— деди+. 37  Аял ичкери кирип, анын бутуна жыгылып, жерге чейин ийиле таазим кылды+. Анан уулун алып, сыртка чыкты+. 38  Элиша кайра Гилгалга барды+. Ал жерде ачарчылык болуп жаткан+. Пайгамбар уулдары+ Элишанын жанында отурушканда+, ал кызматчысына+: «Казан асып, пайгамбар уулдарына суюк тамак жасап бер»,— деди+. 39  Алардын бири топчу баш+ терип келгени талаага барып, чырмалып өскөн жапайы өсүмдүк таап алды. Анан анын, жапайы дарбыздын, мөмөсүнөн кийиминин этегине толтура терип келди да, анын эмне жемиш экенин эч кимиси билбесе да, майда кылып туурап, бышып жаткан тамакка кошту. 40  Тамак бышкандан кийин, андан ошол жердегилерге куюп беришти. Бирок алар ичип көрүп: «Чыныгы Кудайдын кишиси+, казанда уу бар экен!»+ — деп кыйкырып жиберишти. Ошентип, аны иче албай коюшту. 41  Элиша: «Мага ун бергиле»,— деди. Анан унду казандагы тамакка кошуп: «Эми куюп бере бергиле, ичишсин»,— деди. Ошондо казандагы тамак ичкенге жарактуу болуп калды+. 42  Бир күнү Баал-Шалишадан+ бир киши келди. Ал баштыгына эгининин биринчи түшүмүнөн жасалган нан+, он эки арпа нан+, жаңы бышкан дандан салып, чыныгы Кудайдын кишисине алып келди+. Элиша: «Буларды элге бер, эл жесин»,— деди+. 43  Бирок кызматчысы: «Муну жүз кишиге кантип жеткирем?» — деди+. Элиша: «Элге бер, жешсин. Анткени Жахаба: „Алар жешет, артып да калат“+,— деп айтып жатат»,— деди. 44  Ал элге таратып берди. Алар жешти, Жахаба айткандай, артып да калды+.

Шилтемелер