2 Падышалар 6:1—33
6 Пайгамбар уулдары+ Элишага: «Сени менен чогуу жашап жаткан жерибиз+ бизге тардык кылып жатат+.
2 Бизге уруксат бер, Иорданга баралы да, ар бирибиз бирден устун алып, ошол жакка өзүбүз жашагыдай жай куралы»,— дешти+. Ал: «Барсаңар баргыла»,— деди.
3 Алардын бири: «Сен да биз менен, кызматчыларың менен, бирге барчы»,— деп суранды. Ал: «Мейли, барайын»,— деди да,
4 алар менен жөнөдү. Ошентип, баары Иордандын боюна барып, бак кыя башташты+.
5 Бир убакта биринин балтасынын башы+ сууга түшүп кетти. Ал: «Туй ата, мырзам+, мен муну бирөөдөн сурап алган болчумун да!»+ — деп кыйкырып жиберди.
6 Чыныгы Кудайдын кишиси андан: «Кайсы жерге түштү?» — деп сурады. Ал түшкөн жерин көрсөттү. Ошондо чыныгы Кудайдын кишиси жыгач кертип алып, ошол жерге ыргытты эле, балтанын башы калкып чыкты+.
7 Анан ал: «Балтаңды ал»,— деди. Тиги колун сунуп, балтаны алды.
8 Сириянын падышасы+ Ысрайылга согуш ачты. Ал кызматчылары менен кеңешип+: «Мени менен баланча жерге барып жайгашкыла»,— деди+.
9 Чыныгы Кудайдын кишиси+ Ысрайыл падышасына: «Сак бол, баланча жерден өтпө+, анткени сириялыктар ошол жакка баратышат»,— деп айттырып жиберди+.
10 Ысрайыл падышасы чыныгы Кудайдын кишиси айткан жерге кишилерин жөнөттү+. Ошентип, ал эскерткендиктен+, падыша ал жерге барган жок. Бир нече жолу ушундай болду.
11 Ушундан улам Сириянын падышасы ачууланып+, кызматчыларын чакырды да, аларга: «Арабыздан Ысрайыл падышасы тарапка ким өтүп кеткен, айткыла»,— деди+.
12 Кызматчыларынын бири: «Улуу урматтуу падышам, арабызда андай эч ким жок. Мунун баарын Ысрайылдагы Элиша+ деген пайгамбар кылып жатат. Ал Ысрайыл падышасына сенин атүгүл уктап жаткан бөлмөңдө айткан сөздөрүңдү да+ айтып берет»,— деди+.
13 Ошондо падыша: «Барып, анын кайда экенин билип келгиле, аны кармап келгенге киши жиберейин»,— деди+. Бир канча убактан кийин ага: «Ал Дотанда жүрөт»+,— деп билдиришти.
14 Падыша дароо ал жакка аттары менен майдан арабаларын, көп аскерин жөнөттү+. Алар түн ичинде барып, шаарды курчап алышты.
15 Чыныгы Кудайдын кишисинин кызматчысы+ эртең менен эрте туруп, сыртка чыгып караса, шаарды көп аскерлер аттары, майдан арабалары менен курчап алыптыр. Ошондо ал: «Каран күн, эми эмне кылабыз, мырзам?!» — деди+.
16 Элиша ага: «Коркпо+, алар тараптагыларга караганда биз тараптагылар көп»,— деди+.
17 Анан: «Оо, Жахаба, мунун көзүн ача көр, көрсүн»+,— деп тиленди+. Жахаба ошол замат анын кызматчысынын көзүн ачты. Ошондо ал Элишаны курчап турган+ тоолордун оттой жалындаган майдан арабалар менен аттарга+ толуп калганын көрдү.
18 Сириялыктар Элишага жакындай баштаганда, ал Жахабадан: «Буларды сокур кылып койчу»+,— деп тиленди. Ошондо ал, Элишанын суранычы боюнча, аларды сокур кылып койду.
19 Элиша аларга: «Силер башка жолго түшүп алыптырсыңар, бул — башка шаар. Менин артымдан жүргүлө, мен силерди издеп жүргөн кишиңерге алып барам»,— деди да, аларды Самарияга+ ээрчитип жөнөдү.
20 Алар Самарияга келишкенде, Элиша: «Оо, Жахаба, булардын көзүн ача көр, көрүшсүн»,— деди+. Жахаба ошол замат алардын көзүн ачты. Алар өздөрүнүн Самариянын ортосунда турганын көрүштү.
21 Аларды көрүп, Ысрайыл падышасы Элишага: «Буларды өлтүрөйүнбү, ата?+ Өлтүрүп салайынбы?» — деди+.
22 Бирок ал: «Өлтүрбө. Сен, эмне, согуштан туткундап келгендерди өлтүрчү белең?+ Буларга нан менен суу бер, жеп-ичишсин да+, кайра өздөрүнүн мырзасына барышсын»,— деди.
23 Ошондо падыша алар үчүн чоң той өткөрдү. Ичип-жешкенден кийин, аларды коё берди, алар мырзасына кайтышты. Ошондон кийин сириялык аскерлер Ысрайыл жерине жортуулга+ барбай калышты.
24 Бир канча убактан кийин Сирия падышасы Бенадат бүт аскерин чогултту да, Самарияга барып, аны курчап алды+.
25 Самарияда катуу ачарчылык башталды+. Алар курчап тура бергендиктен, Самарияда эшектин башы+ сексен күмүш шекелге, бир каб* көгүчкөн кыгынын+ төрттөн бир бөлүгү элүү күмүш шекелге чыгып кетти.
26 Бир күнү Ысрайыл падышасы дубалдын үстүндө баратканда, бир аял ага: «Улуу урматтуу падышам, жардам бере көр!» — деп кыйкырды+.
27 Падыша ага: «Эгер сага Жахаба жардам бербесе, мен кантип жардам бермек элем?+ Мени дан, шарап же май бере алат деп ойлойсуңбу?» — деди.
28 Анан: «Эмне болду, эмне жардам керек?» — деп сурады. Аял ага: «Бул аял мага: „Балаңды бер, бүгүн сенин балаңды жейли, эртең меникин жейбиз“,— дегенинен+,
29 менин баламды бышырып+ жеген болчубуз+. Анан эртеси күнү буга: „Балаңды бер, эми сенин балаңды жейли“,— десем, бул баласын катып коюптур»,— деди.
30 Аялдын сөзүн укканда падыша кийимин айрып жиберди+. Ошондуктан ал дубалдын үстүндө баратканда, эл анын ичинен таар* кийип алганын көрдү.
31 Ал: «Эгер бүгүн Шапаттын уулу Элишанын башы алынбаса, Кудай мени катуу жазаласын!» — деди+.
32 Элиша үйүндө аксакалдар менен отурганда+, падыша ага киши жиберди. Бирок ал келгенге чейин, Элиша аксакалдарга: «Бу киши өлтүргүчтүн уулу+ менин башымды алганы киши жиберди. Ал келгенде, эшикти жаап, киргизбей койгула. Мына, артында мырзасы да келатат»,— деди+.
33 Ал сүйлөп бүтө электе эле, падыша жиберген киши келди. Падыша: «Бул каргашаны Жахаба жиберди+. Жахабаны дагы күтүп эмне кылам?» — деди+.
Шилтемелер
^ 1 каб = 1,22 л.
^ Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.