2 Падышалар 7:1—20
7 Элиша: «Жахабанын сөзүнө кулак салгыла+. Жахаба мындай дейт: „Эртең ушул убактарда Самариянын дарбазасында бир сата* эң жакшы ун бир шекел, эки сата арпа да бир шекел болот“»,— деди+.
2 Ошондо падышанын жардамчысы*+ чыныгы Кудайдын кишисине: «Жахаба асман дарбазаларын ачкан күндө да+ мындай болушу мүмкүн эмес»,— деди+. Элиша ага: «Муну сен өз көзүң менен көрөсүң+, бирок эч нерсе жебейсиң»,— деди+.
3 Дарбазанын жанында төрт пес оорулуу киши отурчу+. Алар: «Качан өлөбүз деп ушул жерде отура беребизби?
4 Шаарга барсак деле, ачарчылык болуп жаткандыктан, баары бир өлмөкпүз+. Бул жерде отура берсек деле өлөбүз. Андан көрө, жүргүлө, сириялыктардын конушуна баралы. Тирүү калтырышса калтырды, калтырышпаса жок»,— дешти да+,
5 күүгүм кире баштаганда сириялыктардын конушун көздөй жөнөштү. Конуштун четине жакындаганда ал жакта эч ким жок экенин көрүштү.
6 Көрсө, Жахаба мындай кылган экен: конуштагы сириялыктарга майдан арабалардын дүңгүрөгөнү, аттардын дүбүртү, сан жеткис аскерлердин ызы-чуусу+ угулуптур+. Анан алар бири-бирине: «Ысрайыл падышасы бизге кол салыш үчүн Хеттин тукумдарынын падышалары+ менен Мисирдин падышаларын+ жалдаган турбайбы» — дешип,
7 жанын+ сактап калыш үчүн бүт конушун кандай болсо, ошол бойдон таштап, күүгүм талаш качып жөнөшүптүр+. Алар чатырларын, аттарын, эшектерин бүт калтырып кетишиптир+.
8 Тиги пес оорулуу кишилер болсо конуштун четиндеги бир чатырга кирип, ичип-жешти да, андагы күмүш менен алтынды, кийимдерди алып чыгып, катып коюшту. Анан кайра барып, башка чатырга киришти да, анын ичиндеги буюмдарды алып чыгып, дагы катып коюшту+.
9 Анан бири-бирине: «Мындай кылганыбыз жарабайт. Бул жакшы кабарды башкаларга да айтышыбыз керек+. Эгер таң атканга чейин күтүп, создуктура турган болсок, айыптуу болуп калабыз+. Жүргүлө, падышанын үйүнө барып, баарын айтып берели»,— дешти.
10 Алар барып, дарбазачыларды чакырып+: «Биз сириялыктардын конушуна барып келдик. Ал жакта эч ким жок экен, бир да адамдын үнү угулбайт, аттары менен эшектери эле байланып турат. Чатырлары кандай болсо, ошол бойдон турат»,— дешти+.
11 Дарбазачылар бул тууралуу падышанын үйүндөгү кишилерге айтышты.
12 Падыша түн ичинде туруп, кызматчыларына+: «Мен билдим+, сириялыктар биздин ачка экенибизди билгендиктен+: „Шаардан чыгышканда, аларды тирүүлөй кармап алабыз да, шаарына кирип барабыз“,— деген ой менен конушунан чыгып, талаага жашынып алышты»,— деди+.
13 Ошондо кызматчыларынын бири: «Бир нече киши тандайлы. Алар шаарда калган аттардан бешөөнү алып+, ал жакта эмне болгонун билип келгени барышсын. Анткени шаарда калышабы же ал жакка барышабы, алар деле бул жерде калган башка ысрайылдыктардай эле өлүшөт да»,— деди+.
14 Анан эки майдан араба менен аттарды алып келишти. Падыша: «Барып, билип келгиле» — деп, аларды сириялыктардын кошуунунун артынан жөнөттү.
15 Алар сириялыктардын артынан тээ Иорданга чейин барышты. Жолдун баарында сириялыктардын качып баратканда таштап кеткен+ кийимдери менен буюмдары жатыптыр+. Жиберилген кишилер кайра падышага келип, баарын айтып беришти.
16 Эл барып, сириялыктардын конушун талап-тоноп кетти+. Ошондо, Жахабанын сөзү боюнча, бир сата эң жакшы ун бир шекел, эки сата арпа да бир шекел болуп калды+.
17 Ага чейин падыша өзүнүн жардамчысын+ дарбазачыларга башчы кылып койгон эле. Ал дарбазанын жанында турганда, эл аны тебелеп салды+. Ошентип, чыныгы Кудайдын кишисинин падыша келгенде айткан сөзү боюнча, ал өлдү+.
18 Чыныгы Кудайдын кишисинин падышага айткан сөздөрү бүт аткарылды. Ал падышага: «Эртең ушул убактарда Самариянын дарбазасында эки сата арпа бир шекел, бир сата эң жакшы ун да бир шекел болот»,— деп айткан болчу+.
19 Ошондо падышанын жардамчысы чыныгы Кудайдын кишисине: «Жахаба асман дарбазаларын ачкан күндө да сен айткандай болушу мүмкүн эмес»,— деген+. Элиша болсо ага: «Муну сен өз көзүң менен көрөсүң, бирок эч нерсе жебейсиң»,— деп айткан эле+.
20 Ал жөнүндө эмне деп айтса, так ошондой болду+: ал дарбазанын жанында элдин тебелендисинде калып өлдү+.