2 Падышалар 8:1—29

8  Элиша өзү уулун тирилтип берген аялга+: «Үйүңдөгүлөрүң менен бул жактан кетип, башка бир жерге барып жаша+, анткени Жахаба бул жерге жети жылга+ созула турган ачарчылык жиберет»,— деди+.  Аял чыныгы Кудайдын кишиси айткандай кылды+: үйүндөгүлөрү+ менен пелиштиликтердин жерине барып+, ошол жерде жети жыл келгин болуп жашады.  Жети жылдан кийин ал пелиштиликтердин жеринен кайтып келип, өзүнүн үйү менен жерин сураганы падышага барды+.  Ошол учурда падыша чыныгы Кудайдын кишисинин кызматчысы Гехази менен сүйлөшүп отурган эле+. Сүйлөшүп отуруп ал ага: «Элиша жасаган улуу иштер жөнүндө айтып берчи»,— деди+.  Гехази падышага Элишанын өлгөн баланы тирилткени жөнүндө айтып берип жатканда+, ал баланын энеси падышадан өзүнүн үйү менен жерин сураганы келип калды+. Ошондо Гехази: «Улуу урматтуу падышам+, Элиша тирилткен бала ушул аялдын баласы болчу»,— деди.  Падыша аялдан ошол окуя тууралуу сурады+, ал баарын айтып берди. Андан кийин падыша ак сарай кызматчыларынын+ бирин чакырып: «Бул аялга өзүнө таандык болгон нерсенин баарын, ошондой эле бул жерден кеткен күндөн тартып ушул күнгө чейин талаасынан канча түшүм алмак болсо, ошонун баарын кайрып бер»,— деди+.  Элиша Дамаскка барды+. Ошол убакта Сирия падышасы Бенадат+ ооруп жаткан эле. Ага: «Бул жакка чыныгы Кудайдын кишиси+ келиптир»,— деп айтышты.  Падыша Хазаелге+: «Белек алып+, чыныгы Кудайдын кишисине бар да, ал аркылуу Жахабадан ушул оорумдан айыгар-айыкпасымды сурап кел»,— деди+.  Хазаел Кудайдын кишисине белек кылыш үчүн Дамасктагы эң жакшы деген нерселерден кырк төөгө жүктөп алып, ага барды да: «Мени сага Сирия падышасы, уулуң+ Бенадат, оорусунан айыгар-айыкпасын сурап кел деп жөнөттү»,— деди. 10  Элиша Хазаелге: «Барып, ага: „Сен айыгасың“,— деп айт+, бирок Жахаба мага анын өлөрүн айтты»,— деди да+, 11  андан көзүн албай карап тура берди. Ал ыңгайсыз болуп кетти. Анан чыныгы Кудайдын кишиси ыйлап жиберди+. 12  Хазаел андан: «Мырзам, эмнеге ыйлап жатасың?» — деп сурады. Ал: «Сен Ысрайыл уулдарына көп жамандык кыласың+. Алардын чептүү шаарларын өрттөйсүң, күчтүү эркектерин кылычтайсың, балдарын мыкаачылык менен өлтүрөсүң+, кош бойлуу аялдарынын курсагын жарасың»,— деди+. 13  Хазаел: «Ошондой иш кылгыдай кулуң ким болуп калыптыр? Мен бир жүргөн ит эмесминби»,— деди+. Элиша ага: «Жахаба мага сенин Сирияга падыша болоруңду ачып берди»,— деди+. 14  Хазаел Элишанын жанынан кетип, мырзасына барды. Мырзасы андан: «Элиша эмне деди?» — деп сурады. Хазаел: «Ал: „Айыгасың“,— деп айтты»,— деди+. 15  Эртеси күнү Хазаел жууркан алып, аны сууга малды да, падышанын бетине жаап+, аны тумчуктуруп өлтүрүп койду+. Анан ордуна өзү падышалык кыла баштады+. 16  Ысрайыл падышасы Ахаптын уулу Жорамдын башкаруусунун+ бешинчи жылында, Жүйүт жеринде Жошапат падышалык кылып турганда, Жүйүт падышасы Жошапаттын уулу Жорам+ падыша болду. 17  Ал отуз эки жашында такка отуруп, Иерусалимде сегиз жыл падышалык кылды+. 18  Ал Ахаптын кызына үйлөнгөндүктөн+, Ахаптын үйүндөгүлөрүнө окшоп+, Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрдү+ жана Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды. 19  Бирок Жахаба кызматчысы Дөөтү үчүн+ Жүйүт падышалыгын жок кылгысы келген жок+, анткени ал ага жана анын уулдарына тукум* калтырууну убада кылган болчу+. 20  Анын күндөрүндө Эдом+ Жүйүт бийлигине каршы чыгып, өзүнө падыша шайлап алды+. 21  Ошондо Жорам бүт майдан арабалары менен Саирге барды. Анан түн ичинде туруп, өзүн жана майдан арабаларынын башчыларын курчап алган эдомдуктарды талкалады. Эл чатырларына качып кетти. 22  Анткен менен Эдом ушул күнгө чейин Жүйүт бийлигине баш ийбей келет. Ошол убакта Либна+ да каршы чыкты. 23  Жорамдын калган иштери, анын эмнелерди кылганы жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 24  Акыр-аягы, Жорам ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн ата-бабалары коюлган жерге, Дөөтүнүн шаарына коюшту+. Анын ордуна уулу Ахазия+ падышалык кыла баштады. 25  Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазия Ысрайыл падышасы Ахаптын уулу Жорамдын башкаруусунун он экинчи жылында такка отурду+. 26  Ал жыйырма эки жашында такка отуруп, Иерусалимде бир жыл падышалык кылды+. Анын энеси Аталея+ Ысрайылдын падышасы Омринин+ небереси болчу. 27  Ахазия, Ахаптын үйүндөгүлөрүнө окшоп+, Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып+, алардын жолу менен жүрдү, анткени Ахаптын үйүндөгүлөрүнө тууган эле+. 28  Ошондуктан ал Ахаптын уулу Жорамга кошулуп, Сирия падышасы Хазаел менен согушканы+ Рамот-Гилатка+ барды. Сириялыктар Жорамды жарадар кылышты+. 29  Ахаптын уулу Жорам+ Рамада* Сирия падышасы Хазаел менен согушканда алган жараатын айыктыруу үчүн Изреилге+ кайтып келди. Ал ооруп жаткандыктан, Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазия аны көргөнү Изреилге барды+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «чырак».
Рамот-Гилаттын кыскача аталышы.