2 Шемуел 10:1—19

10  Арадан убакыт өтүп, Амон уулдарынын+ падышасы көз жумуп, ордуна уулу Ханун падыша болду+.  Бул тууралуу укканда Дөөтү: «Нахаш мага мээримдүүлүк көрсөткөндөй эле, мен да анын уулу Ханунга мээримдүүлүк көрсөтөйүн» — деп+, атасын жоктоп кайгырып жаткан Ханунга көңүл айтыш үчүн кишилерин жиберди+. Алар Амон уулдарынын жерине барышты.  Бирок Амон уулдарынын төрөлөрү өздөрүнүн мырзасы Ханунга: «Дөөтү кишилерин атаңды сыйлагандыктан көңүл айтканы жиберди деп жатасыңбы? Аларды шаарды чалгындап+, бардыгын байкап көрүп, анан аны талкалаш үчүн жиберген жокпу?» — дешти+.  Ошондо Ханун Дөөтүнүн кишилерин кармап алып, сакалдарын жарым-жартылай кырып+, кийимдерин белинен ылдый кесип, жолго салды+.  Бул жөнүндө Дөөтүгө билдиришкенде, ал ошол замат аларды тосуп чыкканы кишилерин жөнөттү, анткени алар аябай маскара болушкан эле. Падыша аларга: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо+ тура тургула, анан келесиңер»,— деп айттырып жиберди.  Амон уулдары Дөөтүгө жек көрүндү болуп калышканын+ билгенде элчилерин жөнөтүп, Бет-Рекоп+ менен Собадан+ сириялыктардын 22 000 жөө аскерин, Мааханын+ падышасы менен анын 1 000 кишисин, ошондой эле Иштоптон 12 000 кишини жалдашты.  Дөөтү муну укканда Жоапты бүт аскери, күчтүү кишилери менен жөнөттү+.  Амон уулдары шаардын дарбазасынын алдына аскердик тартипте тизилишти. Соба менен Рекоптон+ келген сириялыктар жана Иштоп менен Маахадан келгендер болсо талаага барып, өзүнчө турушту+.  Душмандардын алды жактан да, арт жактан да келатканын көрүп, Жоап Ысрайылдын жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алды да+, аларды сириялыктардын каршысына койду. 10  Калган кишилерин болсо, Амон уулдарынын+ каршысына коюшу үчүн, бир тууганы Абышайга+ берди. 11  Жоап ага: «Эгер сириялыктар мени жеңип баратса, сен мага жардамга келесиң. Эгер Амон уулдары сени жеңип баратса, мен сага жардамга барам+. 12  Кайраттуу бол+, элибиз үчүн, Кудайыбыздын шаарлары үчүн эр жүрөктүк менен согушалы+. Жахаба болсо өзү туура көргөндөй кылат»,— деди+. 13  Анан Жоап кишилери менен сириялыктарга каршы согуша баштады, алар качып жөнөштү+. 14  Сириялыктардын качканын көрүп, Амон уулдары да Абышайдан качып, шаарга кирип кетишти+. Амон уулдары менен согушкандан кийин Жоап Иерусалимге кайтып барды+. 15  Ысрайылдыктардан жеңилип калышканын көрүп, сириялыктар бир жерге чогулушту. 16  Ададезер+ дарыя* тараптагы+ сириялыктарды чакырганы киши жиберди. Алар Ададезердин аскер башчысы Шобактын+ жетеги астында Хеламга келишти. 17  Бул тууралуу Дөөтүгө билдиришкенде, ал дароо бүт Ысрайылды чогултту да, Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, Хеламга барды. Сириялыктар аскерлерин тизип, Дөөтү менен согуша башташты+. 18  Бирок алар ысрайылдыктардан качып жөнөштү+. Дөөтү алардын араба айдаган 700 жоокерин+, 40 000 атчан жоокерин, ошондой эле аскер башчысы Шобакты өлтүрдү+. 19  Ададезерге кызмат кылган падышалардын баары+ өздөрүнүн жеңилип калышканын көргөндө+ ысрайылдыктар менен тынчтык келишимин түзүп, аларга кызмат кыла башташты+. Ошондон кийин сириялыктар Амон уулдарына жардам бергенден коркуп калышты+.

Шилтемелер

Евфрат.