2 Шемуел 11:1—27
11 Жылдын башында*+, падышалар согушка барчу убакта+, Дөөтү Жоап менен анын кишилерин жана бүт Ысрайылды Амон уулдарын кыйратып, Раббаны курчоого алыш үчүн жиберди+. Өзү болсо Иерусалимде калды.
2 Бир күнү кечинде Дөөтү төшөгүнөн туруп, сейилдегени падыша сарайынын үстүнө чыкты+. Ары-бери басып жүрүп ал жуунуп жаткан бир абдан сулуу аялды+ көрүп калды+.
3 Анан анын ким экенин билип келүүгө киши жөнөттү+. Ага: «Бул — Элиамдын* кызы+, Хеттин тукумдарынан+ болгон Урийдин+ аялы Батшеба»+,— деп айтышты.
4 Дөөтү кишилерин жиберип, аны алдырды да+, аны менен жатты+. Ошол убакта аял таза эместигинен тазаланып жаткан эле+. Андан кийин ал үйүнө кайтты.
5 Боюна бүтүп калганын билгенде ал аял Дөөтүгө: «Боюма бүтүп калыптыр»,— деп айттырып жиберди.
6 Ошондо Дөөтү Жоапка киши жөнөтүп: «Хеттин тукумдарынан болгон Урийди мага жөнөтүп жибер»,— деп айттырды. Жоап Урийди Дөөтүгө жөнөттү.
7 Урий келгенде, Дөөтү андан Жоап менен элдин ал-жайын, согуштун кандай жүрүп жатканын сурады.
8 Анан Урийге: «Үйүңө барып, бир аз эс алып ал*»,— деди+. Урий падышанын үйүнөн чыкканда, артынан падыша берген белекти алып жөнөштү.
9 Бирок Урий үйүнө барбай, падышанын башка кулдарына кошулуп анын ак сарайына кире берген жерге жатты.
10 Дөөтүгө: «Урий үйүнө барган жок»,— деп билдиришти. Ошондо ал Урийден: «Жол жүрүп келбедиңби, эмнеге үйүңө барган жоксуң?» — деп сурады.
11 Ал: «Келишим сандыгы+ чатырда турса, Ысрайыл менен Жүйүт да чатырларда жашап жатса, мырзам Жоап менен мырзамдын кулдары+ талаада түнөп жатышса, мен кантип үйүмө барып, ичип-жеп, аялым менен жатмак элем?+ Эч качан антпейм!» — деп жооп берди.
12 Дөөтү ага: «Бүгүн да бул жерде кал, эртең кетесиң»,— деди. Ошентип, Урий ал күнү да, эртеси күнү да Иерусалимде болду.
13 Дөөтү Урийди чакырып, аны менен чогуу тамактанып, аны мас болгуча ичирди+. Бирок Урий кечинде падышаныкынан чыгып, үйүнө барбай, дагы мырзасынын кулдарынын жанына барып жатып алды.
14 Эртең менен Дөөтү Жоапка кат жазып+, Урийден берип жиберди.
15 Ал катка: «Урийди катуу салгылаш болуп жаткан жерге+, алды жакка койгула да, өлүп калышы үчүн, аны жалгыз калтырып койгула»+,— деп жазды+.
16 Ошентип, Жоап шаарды курчоого алып жатканда Урийди душмандын эр жүрөк жоокерлери турган жерге койду+.
17 Ал шаардын тургундары Жоап менен согушуп, Дөөтүнүн бир нече кишиси каза тапты, алардын арасында Хеттин тукумдарынан болгон Урий да бар эле+.
18 Жоап Дөөтүгө салгылаш тууралуу толугу менен айтып бериш үчүн киши жиберди.
19 Аны жөнөтүп жатып мындай деди: «Падышага салгылаш жөнүндө баарын айтып бер.
20 Эгер падыша ачууланып, сага: „Эмнеге шаарга ошончолук жакын бардыңар? Силерди дубалдын үстүнөн атышарын билген жоксуңарбы?
21 Жерубешеттин*+ уулу Абымелекти+ ким өлтүргөнүн унутуп койдуңарбы? Ал, Тебесте+ бир аял дубалдын үстүнөн жаргылчактын ташын таштап жибергенде+, өлүп калбады беле?! Эмнеге дубалга ошончолук жакын бардыңар?“ — десе, сен: „Хеттин тукумдарынан болгон Урий да өлдү“,— деп айт»+.
22 Кабарчы Дөөтүгө барып, Жоаптын айткандарынын баарын айтып берди.
23 Ал Дөөтүгө: «Душмандарыбыз бизден күчтүү экен, алар биз менен согушканы талаага чыгышты. Аларды шаардын дарбазасына чейин кууп барганыбызда,
24 дубалдын үстүнөн бизди жаачылар аткылап+, кулдарыңыздын айрымдары курман болду. Хеттин тукумдарынан болгон кулуңуз Урий да каза тапты»,— деди+.
25 Ошондо Дөөтү ага: «Барып, Жоапка: „Буга көп кайгырбай эле кой, анткени кылыч бирде тигинин, бирде мунун башын кыят+. Эми шаарга мурдагыдан да катуу сокку уруп, аны талкала“+ — деп айтып, аны кайраттандырып кой»,— деди.
26 Урийдин аялы күйөөсүнүн+ каза болгонун угуп, аны жоктоп ыйлады+.
27 Аза күтүү күндөрү+ бүтөрү менен, Дөөтү киши жиберип, аны үйүнө алдырды. Ал анын аялы болуп калды+. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, ал уул төрөдү. Дөөтүнүн бул кылганы Жахабанын көз алдында+ жаман иш эле+.