2 Шемуел 13:1—39

13  Дөөтүнүн Амнон+ деген уулу бир тууганы Абышаломдун+ Тамар+ деген абдан сулуу карындашын сүйүп калды+.  Амнон карындашы Тамарды ойлой берип ооруп калды+. Тамар кыз болгондуктан, ага бир нерсе кылуу+ Амнонго кыйын сезилди.  Анын Жонадап+ деген абдан куу досу бар болчу. Ал Дөөтүнүн бир тууганы Шимеанын+ уулу эле.  Ал Амнонго: «Падышанын уулу, айтсаң, эмне эле кабагың ачылбай жүрөт?» — деди+. Амнон: «Бир тууганым Абышаломдун Тамар деген карындашын+ сүйүп калдым»,— деп айтты+.  Жонадап ага: «Сен төшөккө жатып, оорумуш болуп кал+. Анан атаң сени көргөнү келгенде: „Мен ооруп жатам, карындашым Тамар келип, менин көзүмчө мага нан жасап берсинчи, мен анын колунан нан жейин“,— деп айт»,— деди+.  Амнон төшөккө жатып, оорумуш болуп калды+. Падыша аны көргөнү келгенде, ал: «Карындашым Тамар келип, менин көзүмчө мага эки нан жасап берсинчи, мен анын колунан нан жейин»,— деди.  Ошондо Дөөтү Тамардын үйүнө киши жөнөтүп: «Бир тууганың Амнондукуна барып, ага нан жасап берчи»,— деп айттырып жиберди.  Тамар төшөктө жаткан бир тууганы Амнондукуна+ барып, камыр жууруп, анын көзүнчө нан жасады.  Анан көмөч казандын ичиндеги нанды алып, Амнондун алдына койду. Бирок ал аны жебей: «Баарыңар чыгып кеткиле!» — деди+. Баары чыгып кетишти. 10  Ошондо Амнон Тамарга: «Нанды ички бөлмөгө алып кирчи, мен ооруп жатам, сенин колуңдан нан жейин»,— деди. Тамар өзү жасаган нанды алып, Амнон жаткан ички бөлмөгө алып кирди. 11  Анан ага бериш үчүн жанына барганда, Амнон аны кармап алып+: «Карындашым+, кел, мени менен жат»,— деди+. 12  Бирок ал: «Жок, бир тууганым! Мени маскара кылба+. Ысрайылда мындай иш кылбайт+, мындай уятсыз, акылсыз ишти кыла көрбө+. 13  Маскара болгондон кийин мен кайда барам? Сен да Ысрайылда акылсыз кишилердин бири болуп каласың. Мындан көрө, падыша менен сүйлөшүп көр, ал мени сага бергенге каршы деле болбойт»,— деди. 14  Бирок Амнон анын сөзүн укпай, зордуктап койду+, аны маскара кылды+. 15  Андан кийин аны абдан жек көрүп калды. Анын жек көрүүсү сүйүүсүнөн да күчтүү болду. Ал Тамарга: «Тур, жогол бул жерден!» — деди. 16  Тамар: «Жок, бир тууганым, мындай кылба! Мени кубалап жиберсең, буга чейин кылган ишиңден да жаман иш кылган болосуң»,— деди. Бирок Амнон аны уккусу келген жок. 17  Анан өзүнүн кызматчысын чакырып: «Муну сыртка чыгарып сал да, эшикти бекитип кой»,— деди. 18  (Кыздын үстүндө жол-жол кеткен кийими бар эле+, анткени падышанын турмушка чыга элек кыздары кийиминин сыртынан ошондой жеңи жок кийим кийишчү.) Кызматчысы аны сыртка чыгарып, эшикти бекитип койду. 19  Тамар башына күл чачып+, жол-жол кеткен кийимин айрып, башын мыкчып+, боздоп ыйлап баратты. 20  Агасы Абышалом+ ага: «Сени бир тууганың Амнон+ маскара кылдыбы? Эми унчукпай эле кой. Ал сенин бир тууганың+, буга жүрөгүңдү оорутпа»,— деди. Тамар эч кимге кошулбай, агасы Абышаломдукунда жашап калды. 21  Болгон окуяны укканда+ Дөөтү падыша аябай ачууланды+. 22  Абышалом болсо Амнонго жаман да, жакшы да айткан жок, анткени карындашы Тамарды маскара кылганы үчүн аны жек көрүп калган эле+. 23  Эки жылдан кийин Абышалом Эпрайымдын+ жанындагы Баал-Хасордо койлорун кыркып+, падышанын бүт уулдарын чакырды+. 24  Ал падышага келип: «Өзүңүз билгендей, кулуңуз койлорун кырктырып жатат. Падыша кызматчыларын кошуп алып кулуңуз менен бирге барсын»,— деди. 25  Падыша: «Жок, уулум, баарыбыз барып, сага оордук кылып койбойлу»,— деди. Абышалом кайра-кайра суранса да+, ал макул болбой койду, бирок ага батасын берди+. 26  Ошондо Абышалом: «Сиз барбасаңыз, анда биз менен бир тууганым Амнон барсын»,— деди+. Падыша: «Ал сени менен эмнеге бармак эле?» — деди. 27  Бирок Абышалом суранып отуруп+ атасын көндүрдү. Падыша Амнонду да, башка уулдарын да аны менен жиберди. 28  Абышалом кызматчыларына: «Байкап тургула, Амнон шарап ичип, көңүлү көтөрүлгөндө+, мен силерге: „Амнонду өлтүргүлө!“ — дейм, ошондо аны өлтүрүп салгыла. Коркпогула+, анткени бул буйрукту силерге мен берип жатам. Эр жүрөк, чечкиндүү болгула»,— деп айтты. 29  Абышаломдун кызматчылары, ал буйрук кылгандай, Амнонду өлтүрүштү+. Муну көргөндө падышанын бүт уулдары ордуларынан тура калып, качырларына минип, качып жөнөштү. 30  Алар жолдо келатышканда, Дөөтүгө: «Абышалом падышанын уулдарынын бирин калтырбай өлтүрүп салыптыр»,— деген кабар жетти. 31  Аны укканда падыша кийимин айрып+, жерге жатты+. Кулдары да кийимдерин айрып+, анын жанында турушту. 32  Ошондо Дөөтүнүн бир тууганы Шимеанын+ уулу Жонадап+: «Мырзам уулдарынын баары, уландардын баары, өлүп калды деп ойлобосун, бир гана Амнон өлдү+. Анткени бул Абышаломдун буйругу менен жасалды+. Ал муну Амнон анын карындашы Тамарды+ маскара кылган күндөн бери эле ойлоп жүргөн+. 33  „Падышанын бүт уулдары өлдү“ деген сөзгө падышам ишенбей эле койсун, бир гана Амнон өлдү»,— деди. 34  Ал ортодо Абышалом качып кетти+. Бир нече убакыт өткөндөн кийин күзөттө турган жигит+ арт жакта тоонун боорундагы жол менен көп киши түшүп келатканын көрдү. 35  Жонадап+ падышага: «Көрдүңүзбү, падышанын уулдары кайтып келишти. Баары кулуңуз айткандай болду»,— деди+. 36  Ал сүйлөп бүтөрү менен, падышанын уулдары келип, өкүрүп ыйлап киришти. Падыша да кулдары менен кошо боздоп ыйлай баштады. 37  Абышалом Гешур падышасы+ Амиюттун уулу Талмайга+ качып кетти. Дөөтү болсо баласын жоктоп, күндө ыйлап жүрдү+. 38  Абышалом Гешурга+ качып барып, ал жерде үч жыл болду. 39  Амнондун өлгөнүнө кайгырып жүргөн Дөөтү акыры сооронду. Ал Абышаломду сагына баштады.

Шилтемелер