2 Шемуел 14:1—33

14  Зеруянын уулу+ Жоап+ падышанын Абышаломго жүрөгү жибий баштаганын байкады+.  Ал Текояга+ киши жиберип, бир акылдуу+ аялды алдырды да, ага: «Аза кийимин кийип, май сүйкөнбөй+, жакыны каза болуп, көп күндөн бери күйүт тартып жүргөн аялга окшоп+,  падышага бар да, мындай деп айт...» — деди да, ага эмне айтыш керектигин үйрөттү+.  Текоялык аял падышага барды да, чөгөлөп, жерге чейин ийиле таазим кылып+: «Жардам бериңиз+, падышам!» — деди.  Падыша: «Эмне болду?» — деп сурады. Ал мындай деди: «Мен жесирмин+, күйөөм өлүп калган.  Күңүңүздүн эки уулу бар эле. Алар талаада жүргөндө чатакташа кетип+, ажыраткан эч ким болбогондуктан+, бири экинчисин уруп өлтүрүп коюптур.  Эми күңүңүзгө бүт үй-бүлөсү каршы чыгып: „Бир тууганын өлтүргөн балаңды бизге бер+, биз аны бир тууганын өлтүргөнү үчүн өлтүрөбүз+, мурасчы экенине карабайбыз“,— деп жатышат. Эми алар бул уулумду, жалгыз калган медеримди, өлтүрүшөт да, жер бетинен күйөөмдүн атын өчүрүп, тукумун* жок кылышат»+.  Падыша аялга: «Үйүңө бара бер, бул ишти өзүм бүтүрүп коём»,— деди+.  Текоялык аял падышага: «Баламдын күнөөсү менин жана атамдын үйүндөгүлөрүнүн мойнунда болсун+. Буга падышам да, анын тактысы да айыптуу эмес»,— деди. 10  Падыша ага: «Эгер бирөө бирдеме десе, аны мага ээрчитип кел, ал сага экинчи тийбейт»,— деди. 11  Аял: «Падышам Жахаба Кудайын унутпаса экен+, өлгөн уулумдун каны үчүн өч ала турган бирөө келип+, мурункудан да көбүрөөк зыян келтирип койбосо экен, берки уулумду да өлтүрүп коюшпаса экен»,— деди. Падыша: «Жахаба тирүү!+ Уулуңдун бир тал чачы+ да жерге түшпөйт»,— деди. 12  Аял: «Улуу урматтуу падышам күңүнө+ дагы бир нерсе айтууга уруксат этер бекен?»+ — деп сурады. Ал: «Айт»,— деди+. 13  Ошондо аял мындай деди: «Оо, падышам, эмне үчүн сиз Кудайдын элине+ зыян келтиргидей иш кылып жатасыз?+ Кууп жиберген уулуңузду кайра кабыл албай+, азыр эле айткан сөздөрүңүзгө каршы иш кылып жатпайсызбы+. 14  Биз баарыбыз өлөбүз+, жерге төгүлгөндөн кийин кайра эч ким чогулта албаган сууга эле окшош болуп калабыз. Бирок Кудай жанды кыюуну каалабайт+, ал куулган кишини кайра кабыл албаганга эч кандай негиз жок деп эсептейт. 15  Эл мени коркуткандыктан, ушуларды улуу урматтуу падышама айтканы келдим. Күңүңүз: „Падышама айтып көрөйүн. Балким, падышам күңүнүн айтканын аткарар, 16  анткени ал сөзүмө кулак салып, Кудай берген мурастан мени да, жалгыз уулумду да ажыраткысы келген кишинин колунан куткарууга макул болбодубу“,— деп ойлоду+. 17  Күңүңүз: „Улуу урматтуу падышамдын сөзүн угуп, сооронуп калайын“,— деп да ойлоду. Анткени улуу урматтуу падышам чыныгы Кудайдын периштесиндей+, ал жакшы менен жаманды ажырата билет+. Жахаба Кудайыңыз сиз менен болсун». 18  Падыша аялга: «Сенден бир нерсе сурайын, жашырбай айтчы»,— деди+. Аял: «Сураңыз, улуу урматтуу падышам»,— деди. 19  Падыша: «Ушунун баарын сага Жоап+ айт деген жокпу?»+ — деп сурады. Аял: «Улуу урматтуу падышам, сиз туура таптыңыз. Мен булардын баарын кулуңуз Жоаптын буйругу боюнча, ал үйрөткөндөй айттым+. 20  Кулуңуз Жоап муну сизди бул жагдайга башкача көз караш менен карасын деп жасады. Бирок мырзам чыныгы Кудайдын периштесиндей акылдуу+, ал жер жүзүндө болуп жаткандын баарын билет»,— деди. 21  Падыша Жоапка: «Мейли, сен айтканды кылайын+. Барып, уулум Абышаломду алып кел»,— деди+. 22  Ошондо Жоап жүзтөмөндөп жыгылып, падышага таазим кылып, батасын берди да+: «Улуу урматтуу падышам, бүгүн кулуңдун көз алдыңда ырайым тапканына көзүм жетти+, анткени падыша кулу айткандай кылды»,— деди. 23  Анан туруп, Гешурга+ барды да, Абышаломду Иерусалимге+ алып келди. 24  Бирок падыша: «Өз үйүнө барсын, ал менин жүзүмдү көрбөйт»,— деди+. Абышалом өз үйүнө кетти, ал падышанын жүзүн көргөн жок. 25  Бүт Ысрайылда Абышаломдой келишимдүү киши жок эле+. Анын башынан таманына чейин бир да кемтиги жок болчу. 26  Ал дайыма жылдын аягында чачын кырктырып турчу, анткени чачы абдан оор болуп кетчү+. Кыркылган чачынын салмагы падышанын тараза ташы менен өлчөгөндө 200 шекел* болчу. 27  Абышалом үч уулдуу+, бир кыздуу болду. Кызынын аты Тамар болчу, ал абдан сулуу эле+. 28  Абышалом Иерусалимде эки жыл жашады, бирок падышанын жүзүн көргөн жок+. 29  Бир күнү Абышалом падышага жибериш үчүн Жоапты чакыртты, бирок ал келбей койду. Абышалом аны экинчи жолу чакыртты, ал дагы келбей койду. 30  Ошондо ал кызматчыларына: «Жоаптын менин жеримдин жанында жери бар экенин билесиңер да. Ал жерине арпа айдаган. Барып, аны өрттөп жибергиле»,— деди+. Абышаломдун кызматчылары барып, Жоаптын жерин өрттөп салышты+. 31  Ошондо Жоап Абышаломдукуна барып: «Эмнеге кишилериң жеримди өрттөп салышты?» — деди. 32  Абышалом ага: «Мен сага кызматчыларымдан: „Келип кетчи. Мен сени падышага: “Гешурдан эмнеге келдим?+ Ошол жакта эле жүрө бербейт белем. Падышам мага жүзүн көрүүгө уруксат этсин. Эгер күнөөлүү болсом+, өлтүрүп салсын”,— деп айтыш үчүн жөнөтөйүн“— деп айттырып жибергем»,— деди. 33  Жоап падышага барып, баарын айтып берди. Падыша Абышаломду чакыртты. Ал келип, падышанын алдына чөгөлөп, жерге чейин ийиле таазим кылды. Падыша аны өптү+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «калдыгын».
Болж. м-н 2,3 кг.