2 Шемуел 17:1—29

17  Акитопел Абышаломго мындай деди: «Эгер уруксат этсең, 12 000 киши тандап алып, бүгүн түндө Дөөтүнүн артынан кууп жөнөйүн+.  Мен ага ал чарчап-чаалыгып турганда+ кол салып, үрөйүн учурам. Анан жанындагы кишилеринин баары туш тарапка качып, падыша жалгыз калып калганда, аны өлтүрүп салам+.  Ошентип, элдин баарын кайра сен тарапка өткөрөм. Сен издеген киши жок болгондон кийин, элдин баары сага кайрылып келет да, тынчып калат».  Бул сөздөр Абышаломго да+, Ысрайылдын аксакалдарына да жагып калды.  Анткен менен Абышалом: «Архиттик Хушайды+ чакыргыла. Ал эмне дейт экен, угуп көрөлү»,— деди.  Хушай келгенде, Абышалом: «Акитопел ушундай деди. Кандай дейсиң, ошондой кылалыбы? Эгер андай кылбайбыз десең, анда сен айт, эмне кылалы?» — деди.  Хушай ага: «Бул жолкусунда Акитопел жакшы кеңеш бербептир»,— деди+.  Анан Хушай сөзүн мындай деп улады: «Сен атаңды да, анын кишилерин да жакшы билесиң. Алар — күчтүү кишилер+. Анын үстүнө, азыр алардын, мамалактарынан ажыраган ургаачы аюуга окшоп+, каары кайнап турган учуру+. Атаң — мыкты жоокер+, ал кишилери менен түнөбөйт.  Ал азыр үңкүрдө же дагы башка бир жерде жашынып жүрөт+. Эгер ал биздин кишилерибизге биринчи кол сала турган болсо, „Абышалом тараптагылар жеңилип калышты!“ деген сөз бүт жакка тарап кетет. 10  Ошондо арстан жүрөк+ тайманбас жоокердин да коркконунан кайраты качат+. Анткени бүт Ысрайыл атаңдын күчтүү экенин+, жанындагы кишилеринин да эр жүрөк экенин жакшы билет+. 11  Ошондуктан мен мындай кеңеш берем: Дандан Беир-Шебага+ чейин жашаган деңиз жээгиндеги кумдай сансыз ысрайыл элинин+ баары жаныңа чогулсун. Аларды согушка өзүң баштап барасың+. 12  Анан аны жашынып жүргөн жерлеринин биринен таап+, жерге түшкөн шүүдүрүмдөй+ каптап калабыз да, анын өзүн да, кишилерин да, эч кимисин тирүү калтырбай кырып салабыз. 13  Эгер ал кайсы бир шаарга жашынып калса, бүт Ысрайыл барып, ал шаарды талкалап, аркан менен дарыяга сүйрөп таштайбыз, анын майда ташын да калтырбайбыз»+. 14  Ошондо ысрайылдыктардын баары: «Архиттик Хушайдын кеңеши Акитопелдикине караганда жакшы экен»,— дешти+. Акитопелдин кеңеши жакшы болсо да+, алар анын кеңеши боюнча иш кылышкан жок+, анткени Жахаба ошентип чечип койгон болчу+. Жахаба Абышаломдун башына мүшкүл түшүрүүнү ойлоп жаткан эле+. 15  Хушай дин кызматчылар Садок+ менен Абыятарга: «Акитопел Абышалом менен Ысрайыл аксакалдарына ушундай кеңеш берди, мен болсо мындай кеңеш бердим. 16  Ошондуктан тезинен Дөөтүгө барып+: „Бүгүн түнү чөлдүн түздүктөрүндө калбай, дарыянын аркы өйүзүнө өтүп кет+, болбосо падыша да, анын кишилери да набыт болушат“+,— деп айткыла»,— деди. 17  Жонатан+ менен Акимаас+ эч кимге көрүнбөш үчүн шаарга кирбей, Эн-Рогелдин+ жанында турушкан эле. Бир күң аял аларга барып, баарын айтып берди. Анан ал экөө муну Дөөтүгө кабарлаш үчүн жөнөштү. 18  Бирок бир улан аларды көрүп калып, Абышаломго айтып койду. Жонатан менен Акимаас тезинен ал жерден кетип, Бакуримдеги+ бир кишинин үйүнө барып, короосундагы кудукка түшүп жашынып калышты. 19  Анан ал кишинин аялы кудуктун үстүн жабуу менен жаап, эч нерсе билинбегендей кылып үстүнө майдаланган данды жайып койду+. 20  Абышаломдун кызматчылары ал аялдыкына келип: «Акимаас менен Жонатан кайда?» — деп сурашты. Аял: «Алар дарыяны көздөй кетип калышты»,— деди+. Алар издеп-издеп таппай коюп+, кайра Иерусалимге кетип калышты. 21  Алар кеткенден кийин, тигилер кудуктан чыгып, Дөөтү падышага барып: «Туруп, тезинен дарыянын аркы өйүзүнө өтүп кеткиле, анткени Акитопел силерге каршы мындай кеңеш берди»,— дешти+. 22  Дөөтү менен жанындагы кишилери ошол замат туруп, Иордандын аркы өйүзүнө өтө башташты. Таң атканга чейин+ бири да калбай аркы өйүзгө өтүп кетишти. 23  Акитопел болсо кеңешин жаратпай коюшканын көрүп+, эшегин токуп үйүнө, өзүнүн шаарына жөнөдү+. Анан үйүндөгүлөрүнө үй иштерине байланыштуу айтчу сөздөрүн айткандан кийин+ муунуп алды+. Анын сөөгүн ата-бабалары коюлган жерге коюшту+. 24  Дөөтү Маханаимге+ барды. Абышалом жанындагы ысрайылдыктар менен Иорданды кечип өттү. 25  Ал Жоаптын+ ордуна Амасаны+ аскер башчысы кылып койду. Амаса Нахаштын кызы Абигейилге жакындаган ысрайылдык Итранын+ уулу болчу. Абигейил+ Жоаптын энеси Зеруянын бир тууганы эле. 26  Абышалом менен ысрайылдыктар Гилат+ жерине барып жайгашышты. 27  Дөөтү Маханаимге барганда, Амон уулдарынын+ Раббасынан+ Нахаштын уулу Шоби, Ло-Дебардан Амиелдин+ уулу Махир+ жана Гилат жериндеги Роглимден+ Барзелай+ 28  төшөнчүлөрдү, дагараларды, чопо идиштерди, буудай, арпа, ун+, куурулган дан+, буурчак+, жасмык+, кызарта куурулган дан, 29  бал+, сары май+, быштак, кой алып келип: «Эл чөлдө жүрүп ачка болду, чарчады, суусады»+ — деп, Дөөтү менен анын кишилерине беришти+.

Шилтемелер