2 Шемуел 18:1—33
18 Дөөтү жанындагы кишилерин санап чыгып, миң башыларды, жүз башыларды дайындады+.
2 Анан кишилерин согушка жөнөтөрдө алардын үчтөн бир бөлүгүнө+ Жоапты+, дагы үчтөн бир бөлүгүнө Зеруянын уулу, Жоаптын бир тууганы+ Абышайды+, дагы үчтөн бир бөлүгүнө гаттык Итайды+ башчы кылып дайындады. Падыша кишилерине: «Мен да силер менен согушка барам»,— дегенде,
3 алар: «Жок, барба+. Сен биздин он миңибизге тетесиң+. Эгер биз кача турган болсок, же атүгүл жарымыбыз кырылып калсак да, алар көңүл деле бурушпайт+, алардын издегени сенсиң. Андан көрө, бизге шаардан эле жардам берип турганың жакшы»,— дешти+.
4 Падыша аларга: «Мейли, силер айткандай кылайын»,— деди+. Ал дарбазанын жанында турду+, эл болсо жүздөн, миңден болуп чыга баштады+.
5 Анан падыша Жоапка, Абышайга жана Итайга: «Мен үчүн уулум Абышаломго катаал мамиле кылбагыла»,— деп буйруду+. Падышанын бүт башчыларга Абышалом жөнүндө эмне деп буйрук бергенин баары укту.
6 Алар ысрайылдыктар менен беттешкени талаага барышты. Салгылаш Эпрайым токоюнда+ болду.
7 Дөөтүнүн кишилери ысрайылдыктарга+ катуу сокку уруп+, ошол күнү алардын 20 000 кишисин өлтүрүштү.
8 Согуш күч алып, көз жеткен жердин баарына жайылды. Ошол күнү кылычтан өлгөндөргө караганда токойдон өлгөндөр көп болду.
9 Абышалом капысынан Дөөтүнүн кишилерине жолугуп калып, качып жөнөдү. Минип жүргөн качыры шактуу чоң дарактын астынан өтүп баратканда, Абышалом бутакка чачынан илинип, асман менен жердин ортосунда+ асылып калды, астындагы качыры болсо качып кетти.
10 Муну бир киши көрүп калып, Жоапка+: «Абышаломдун бир чоң даракта асылып турганын көрдүм»,— деп айтып барды.
11 Жоап ага: «Эгер көрсөң, аны эмнеге өлтүргөн жоксуң? Мен сага кур, он күмүш тыйын бермекмин»,— деди+.
12 Ал: «Мага миң күмүш тыйын берсең да, падышанын уулуна кол көтөрмөк эмесмин. Анткени падышанын сага, Абышайга жана Итайга: „Баарыңарга айтып коёюн, уулум Абышаломго катаал мамиле кылбагыла“,— деп буйрук бергенин баарыбыз укканбыз+.
13 Эгер ага чыккынчылык кылсам, бул падышага угулбай коймок эмес+, сенин болсо ишиң да болмок эмес»,— деди.
14 Жоап ага: «Сени менен бул жерде тургудай убактым жок!» — деди да, үч кыска найза алып, чоң бакта асылып турган өлө элек Абышаломго барып, аны жүрөккө сайды+.
15 Анан Жоаптын куралын көтөргөн он жоокери Абышаломду тегеректеп алып өлтүрүп салышты+.
16 Жоап ысрайылдыктарды кууп бараткан элди токтотуш үчүн мүйүз сурнай тартты+. Ошондо эл токтоп калды.
17 Абышаломду болсо токойдогу бир чоң чуңкурга таштап, үстүнө таш үйүп салышты+. Ал эми калган ысрайылдыктар үйлөрүнө качып кетишти.
18 Тирүү кезинде Абышалом: «Артымда атымды өчүрбөй сактап кала турган уулум жок» — деп+, өзүнө Падыша өрөөнүнө+ эстелик орнотуп+, аны өзүнүн аты менен атаган болчу+. Ал ушу күнгө чейин Абышаломдун эстелиги деп аталат.
19 Садоктун уулу Акимаас+ Жоапка: «Уруксат этсеңиз, падышага чуркап барып, Жахабанын аны душмандарынын колунан куткарганын кабарлайын»,— деди+.
20 Бирок Жоап: «Бүгүн кабарды сен жеткирбейсиң, анткени бүгүн падышанын уулу өлдү+. Сен бүгүн эмес, башка күнү кабарчы болосуң»,— деди да,
21 куштук бир кишиге+: «Баргын да, көргөнүңдүн баарын падышага айт»,— деди. Ал Жоапка таазим кылып, чуркап жөнөдү.
22 Садоктун уулу Акимаас Жоаптан: «Эмнеси болсо да, куштук кишинин артынан чуркап бара берейинчи»,— деп суранды. Жоап ага: «Уулум, анын артынан чуркап эмне кыласың? Эмнени кабарламак элең?» — деди.
23 Бирок ал: «Эмнеси болсо да, чуркап бара берейинчи»,— деп дагы суранды. Жоап: «Мейли, чурка!» — деди. Акимаас Иордан өрөөнүнө*+ кеткен жол менен чуркап жөнөдү да, куштук кишиден ашып кетти.
24 Дөөтү ошол учурда эки дарбазанын ортосунда отурган эле+. Күзөтчү+ дубалга, дарбазанын үстүндөгү чатырга чыгып, бир кишинин чуркап келатканын көрдү да,
25 падышага кыйкырып кабарлады. Падыша: «Жалгыз келатса, анда ал — кабарчы»,— деди. Тиги киши болсо жакындай берди.
26 Күзөтчү дагы бир кишинин чуркап келатканын көрүп, дарбазачыга: «Дагы бир киши чуркап келатат!» — деди. Падыша: «Бул да кабарчы»,— деди.
27 Анан күзөтчү: «Биринчисинин чуркаганы Садоктун уулу Акимаастыкына+ окшош экен»,— деди+. Падыша: «Ал — жакшы киши+, ал жакшы кабар менен келатат»,— деди+.
28 Акимаас падышага чуркап келип: «Баары жакшы!» — деп кыйкырды да, тизелеп, жерге чейин ийиле таазим кылып: «Улуу урматтуу падышама кол көтөргөндөрдү колуңузга салып берген+ Жахаба Кудайыңызга даңк!» — деди+.
29 Падыша андан: «Уулум Абышалом аман-эсенби?» — деп сурады. Акимаас: «Жоап падышанын кулун жана мени, сиздин кулуңузду, жиберип жатканда, ал жерде катуу дүрбөлөң болуп жаткан, бирок эмне болгонун билбейм»,— деди+.
30 Падыша ага: «Тигиндей туруп тур»,— деди. Ал тигиндейрээк барып турду.
31 Анан куштук киши+ чуркап келип: «Улуу урматтуу падышама айтчу кабарым бар. Жахаба бүгүн сизди сизге каршы чыккандардын баарынан куткарды»,— деди+.
32 Бирок падыша андан: «Уулум Абышалом аман-эсенби?» — деп сурады. Куштук киши: «Ал кабылган нерсеге улуу урматтуу падышамдын душмандары менен ага каршы чыккандардын баары кабылсын»,— деди+.
33 Падыша жаман болуп кетип, дарбазанын үстү жагындагы бөлмөгө кирип+, боздоп ыйлады. Ал ары-бери басып: «Уулум Абышалом, уулум ай, уулум, Абышалом!+ Сенин ордуңа мен өлсөм кана, уулум Абышалом, уулум ай, уулум!» — дей берди+.
Шилтемелер
^ Иордан өрөөнүнүн төмөнүрөөк келген жери.