2 Шемуел 19:1—43

19  Бир нече убакыт өткөндөн кийин Жоапка: «Падыша Абышаломду жоктоп ыйлап жатат»,— деп билдиришти+.  Ошол күнү эл куткарылганына кубанбай эле, кайра кайгыга батты, анткени падышанын уулунун өлгөнүнө кайгырып жатканын угушту.  Алар, согуштан качып келгенине уялган кишилердей болуп, шаарга уурданып кирип жатышты+.  Падыша болсо жүзүн жаап алып: «Уулум Абышалом! Абышалом, уулум ай, уулум!» — деп боздоп жатты+.  Акыры, Жоап падышанын үйүнө барып, ага мындай деди: «Сен бүгүн өзүңдү, уул-кыздарыңды+, аялдарың+ менен токолдоруңду+ куткарып калган+ кызматчыларыңдын баарын уяткардың.  Сен сени жек көргөндөрдү жакшы көрөсүң да, сени жакшы көргөндөрдү жек көрөсүң. Бүгүн сен башчыларың менен кызматчыларыңды баалабай турганыңды көрсөттүң. Көрсө, биз баарыбыз өлүп, Абышалом тирүү калса, сага жакшы болмок экен да, мен эми түшүнбөдүмбү.  Туруп, сыртка чык да, кызматчыларыңды кайраттандыр+. Эгер чыкпасаң, Жахабаны оозанып ант берем, ушул түнү жаныңда бир да кишиң калбайт+. Ошондо бул жаш кезиңден ушу күнгө чейин көргөн жамандыктарыңдын баарынан ашып түшөт».  Падыша туруп, дарбазанын жанына барып отурду+. Бүт элге: «Падыша дарбазанын жанында отурат»,— деп билдиришти. Ошондо эл падышанын алдына чогула баштады. Жеңилип калган ысрайылдыктар болсо үйлөрүнө качып кетишти+.  Ысрайылдын бардык уруусундагылар ар кандай пикирлерди айтып: «Падыша бизди душмандарыбыздын колунан, пелиштиликтерден куткарган эле+, эми болсо Абышаломдон качып, башка жерде жүрөт+. 10  Биз падыша болсун деп майлаган Абышалом+ болсо согушта каза тапты+. Эми эмнеге падышаны кайра алып келбей жатасыңар?» — деп жатышты+. 11  Дөөтү падыша болсо дин кызматчылар Садок+ менен Абыятарга+ мындай деп айттырып жиберди: «Жүйүт аксакалдары+ менен сүйлөшүп, аларга: „Бүт Ысрайылда эмне сөз болуп жатканы падышанын үйүнө чейин жетти. Эмнеге аны кайра өз үйүнө алып келбей, создуктуруп жатасыңар? 12  Силер менин бир туугандарымсыңар, бир боорумсуңар*+. Эмнеге падышаны кайра алып келбей, создуктуруп жатасыңар?“ — деп айткыла. 13  Амасага болсо+: „Сен менин бир боорумсуң. Эгер сени Жоаптын+ ордуна биротоло аскер башчы кылып дайындабасам, Кудай мени катуу жазаласын“+,— дегиле». 14  Ошентип, Жүйүт уруусундагылардын баары+ анын айткандарына ынанып, ага: «Өзүң да, кызматчыларың да кайтып келгиле»,— деп айттырып жиберишти. 15  Падыша кайра үйүнө кайтып барыш үчүн жолго чыгып, Иорданга келди. Жүйүттөр болсо падышаны тосуп алып, Иордандан өткөрүш үчүн Гилгалга+ барышты. 16  Бенжемин уруусундагы Геранын уулу+ бакуримдик+ Шимей+ жүйүттөргө кошулуп, Дөөтү падышаны тоскону шашыла жөнөдү. 17  Анын жанында Бенжемин уруусунан 1 000 киши бар эле. (Ошондой эле аны менен Шабулдун үйүндөгү кызматчы Сиба+ да 15 уулу+, 20 кулу менен бараткан болчу. Алар Иорданга падышадан мурун жетишти. 18  Ал падышанын үйүндөгүлөрүн дарыядан өткөрүп, падыша эмне десе, ошонун баарын аткарыш үчүн дарыяны кечип өттү.)+ Падыша Иордандан өтөйүн деп жатканда, Геранын уулу Шимей алдына жыгылып+, ага: 19  «Улуу урматтуу падышам кулунун күнөөсүн кечирсе экен, ал Иерусалимден чыгып баратканда кылган туура эмес ишин эстебесе экен+, падышам аны көңүлүнө албаса экен+. 20  Анткени күнөө кылганын кулуңуз өзү да түшүнүп жатат. Ошондуктан улуу урматтуу падышамды тоскону бүгүн Жусуптун үйүнөн биринчи болуп келдим»,— деди+. 21  Ошондо Зеруянын уулу+ Абышай+: «Жахабанын майланганын каргаганы үчүн+ Шимейди өлтүрүш керек»,— деди. 22  Дөөтү: «Зеруянын уулдары, биздин ишибиз эмне?+ Бүгүн мага каршы чыгып эмне кыласыңар?+ Ысрайылда бүгүн бирөөнү өлтүргүдөй күн болуп турабы?+ Мени бүгүн Ысрайылга падыша болгонумду билбейт дейсиңерби?» — деди. 23  Анан Шимейге: «Сен өлбөйсүң» — деп, ага ант берди+. 24  Падышаны тоскону Шабулдун небереси Мепибешет+ да келди. Падыша кетип, кайра тынчтык менен кайтып келгенге чейин, ал мурутун+ кырккан эмес болчу, бутун да+, кийимин да жууган эмес болчу. 25  Ал падышаны тоскону Иерусалимге келгенде, падыша андан: «Мепибешет, эмнеге мени менен барган жоксуң?» — деп сурады. 26  Ал мындай деди: «Улуу урматтуу падышам, кулум+ мени алдап коюптур. Кулуңуз аксак болгондуктан+: „Эшегимди токуюн да, минип алып, падыша менен кетейин“,— деген эле. 27  Кулум болсо мени, кулуңузду, улуу урматтуу падышама жамандап, жалаа жааптыр+. Бирок улуу урматтуу падышам чыныгы Кудайдын периштесиндей+, андыктан эмне кылам десеңиз, өзүңүз билиңиз. 28  Улуу урматтуу падышамдын алдында атамдын үйүндөгүлөрү өлүм жазасына тартылышы керек болсо да, сиз кулуңузду өзүңүз менен бирге тамактангандардын арасына отургуздуңуз+. Анан кантип мен падышага нааразы болмок элем?»+ 29  Падыша ага: «Болду, сүйлөбө. Сиба экөөңөр жерди бөлүп аласыңар+, мен ушундай чечтим»,— деди. 30  Мепибешет падышага: «Улуу урматтуу падышам үйүнө тынчтык менен кайтып келген соң, ал баарын алса деле макулмун»,— деди+. 31  Падышаны Иорданга чейин узатып барыш үчүн Гилат жериндеги Роглимден Барзелай+ келди. 32  Ал сексенге чыккан абдан кары киши эле+. Аябай бай болгондуктан+ ал, падыша Маханаимде жүргөндө, аны азык-түлүк менен камсыз кылып турган+. 33  Падыша ага: «Мени менен аркы өйүзгө өтүңүз, мен сизди Иерусалимде азык-түлүк менен камсыз кылып турам»,— деди+. 34  Бирок ал мындай деди: «Падыша менен бирге Иерусалимге баргыдай, мен дагы көпкө жашамак белем? 35  Сексенге чыгып калдым+, эми мен жакшыны жамандан айырмалай алмак белем, ичкен-жегенимдин даамын билмек белем+ же ырчылардын+ ырын уга алмак белем?+ Кулуң улуу урматтуу падышама жүк болуп эмне кылат?+ 36  Падыша мага ушунча чоң сыйлык бергидей+, мен эмне кылдым? Кулуң, көп болсо, падышаны Иорданга чейин эле узатып келди. 37  Кулуңа үйүнө кайтууга уруксат эт, өз шаарыма эле барып өлөйүн+, сөөгүм ата-энем коюлган жерге эле коюлсун+. Улуу урматтуу падышам менен кулуң Кимам барсын+, ага өзүң туура көргөндөй кыл». 38  Падыша: «Мейли, мени менен Кимам барсын. Мен ага сиз каалагандын баарын кылам, сиз үчүн да каалаганыңыздын баарын кылам»,— деди. 39  Бүт эл Иордандан өттү, падыша да өттү. Ал Барзелайды өөп+, ага батасын берди+. Анан Барзелай үйүнө кайтты. 40  Падыша Гилгалга+ барганда, аны менен бирге Кимам да барды. Жүйүттөрдүн баары жана ысрайылдыктардын жарымы падышаны коштоп барышты. 41  Ысрайылдыктардын баары падышага келип: «Бир туугандарыбыз жүйүттөр эмне үчүн бизге айтпай+ сизди, үйүңүздөгүлөр менен бардык кишилериңизди Иордандан өткөргөнү алып кетип калышты?» — дешти+. 42  Жүйүттөр аларга: «Падыша биздин жакын тууганыбыз болот+. Буга эмнеге мынча ачууландыңар? Биз, эмне, падышанын тамагынан жептирбизби же белек алыптырбызбы?» — дешти. 43  Ысрайылдыктар жүйүттөргө: «Биз падышалыктын он бөлүгүн түзөбүз+, ошондуктан Дөөтүгө байланыштуу биздин укугубуз силердикине караганда көп. Эмне үчүн силер бизди теңиңерге албай, падышаны бизден мурун алып келдиңер?» — дешти+. Бирок жүйүттөр ысрайылдыктарга караганда корс сүйлөп жатышты.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сөөгүм жана денемсиңер».