2 Шемуел 20:1—26

20  Ошол жерде Шеба деген бир начар киши бар эле+. Ал Бенжемин уруусунан болгон Бихринин уулу болчу. Шеба+ сурнай тартып+: «Дөөтүнүн мүлкүнөн, Жышайдын уулунун мурасынан бизге эч нерсе тийбейт+. Ысрайылдыктар, өз кудайларыңарга кайткыла!» — деди+.  Ошондо бардык ысрайылдыктар Дөөтүнү таштап, Бихринин уулу Шебаны ээрчип кетип калышты+. Жүйүттөр болсо падышадан калбай, аны Иордандан Иерусалимге чейин коштоп барышты+.  Иерусалимдеги үйүнө+ кайтып келгенден кийин Дөөтү падыша үйдү карап турганга калтырган он токолун+ өзүнчө бир үйгө жайгаштырып, аларды кайтартып койду. Падыша аларды тамак-аш менен камсыз кылып турду, бирок аларга жакындаган жок+. Ал аялдар кайтаруучулары бар ошол үйдө өлөр-өлгөнчө жашашты. Күйөөсү бар болсо да, алар жесирлердей жашашты.  Падыша Амасага+: «Үч күндүн ичинде бүт жүйүттөрдү мага чакырып кел, өзүң да кел»,— деди.  Амаса жүйүттөрдү чакырганы кетти, бирок белгиленген убакта келбей, кечигип жатты.  Ошондо Дөөтү Абышайга+: «Эми Бихринин уулу Шеба+ бизди Абышалом+ кылгандан да жаман кылат. Ошондуктан мырзаңдын кишилерин алып+, анын артынан кууп жөнө, болбосо ал чептүү шаарлардын бирине качып кирип, жашынып калат»,— деди.  Жоаптын+ кишилери, керейтиликтер+, пелеликтер+ жана башка күчтүү эркектердин баары анын артынан жөнөштү. Алар Иерусалимден чыгып, Бихринин уулу Шебанын артынан кууп жөнөштү.  Гибондогу+ чоң таштын жанына жетишкенде Амасага+ жолугуп калышты. Жоап аскер кийимин кийип, кылычын кынына салып, белине тагып алган болчу. Ал алдыга кадам шилтегенде, кылычы түшүп калды.  Жоап Амасага: «Бир тууганым, баары жакшыбы?»+ — деди да, аны өпмөкчү болуп+ оң колу менен сакалынан кармады. 10  Амаса болсо анын колундагы кылычына көңүл деле бурган жок. Жоап аны ичке сайды+, ошондо анын ичеги-карыны жерге чубалып калды. Ал өлүп бараткандыктан, Жоап аны кайта сайган жок. Анан бир тууганы Абышай экөө Бихринин уулу Шебаны андан ары кууп жөнөштү. 11  Жоаптын жигиттеринин бири Амасанын жанына туруп: «Ким Жоапты жакшы көрсө, ким Дөөтү тарапта болсо+, Жоаптын артынан жөнөсүн!» — деп жатты. 12  Амаса жолдун ортосунда канжалап жатты+. Ары-бери өткөндөрдүн баары анын жанына токтоп жатышканын көрүп+, тиги жигит аны жолдун четине сүйрөп барып, үстүнө кийимдерин жаап койду. 13  Ал аны жолдун четине сүйрөп таштагандан кийин, баары Жоаптын артынан Бихринин уулу Шебаны+ кууп жөнөштү. 14  Шеба болсо Ысрайылдын бардык урууларын аралап, Абыл-Бет-Маакка+ барды. Бихринин тукумдары да чогулуп, анын артынан шаарга киришти. 15  Жоап жанындагы кишилери менен Шеба жашынган Абыл-Бет-Маакка барып, аны курчап алды+. Алар дубал менен тосулган ал шаарды тегерете жал үйүштү. Анан шаардын дубалын уратыш үчүн түбүн каза башташты. 16  Ошондо бир акылдуу аял+ дубалдын үстүнөн: «Эй, уксаңар! Мени уксаңар! Жоапка айтып койгулачы, жакыныраак келсин, ага айтчу сөзүм бар»,— деп кыйкырды. 17  Жоап жакыныраак келгенде, аял андан: «Сен Жоапсыңбы?» — деп сурады. Ал: «Ооба, менмин»,— деп жооп берди. Аял: «Күңүңдүн сөзүнө кулак салчы»,— деди+. Жоап: «Сүйлөй бер, угуп жатам»,— деди. 18  Аял ага: «Мурда: „Абыл шаарына барып сурашсын, ошондо алардын иши чечилет“,— дешчү эле. 19  Мен Ысрайылдагы тынчтыкты сүйгөн+ ишенимдүү адамдардын+ атынан сүйлөп жатам. Эмнеге сен Ысрайылдын энедей болгон шаарын талкалаганы жатасың?+ Жахабанын мурасын+ жок кылып+ эмне кыласың?» — деди. 20  Жоап: «Бул шаарды талкалайын же жок кылайын деген деле оюм жок. 21  Келгенимдин себеби: Эпрайымдын тоолуу аймагынан+ болгон Бихринин уулу Шеба+ качып келип, силердин шаарыңарга кирип кетти. Ал Дөөтү падышага каршы чыгып жатат+. Эгер аны мага чыгарып берсеңер+, шаарыңарга тийбейм»,— деди+. Аял ага: «Азыр силерге дубалдын үстүнөн анын башын ыргытабыз»,— деди+. 22  Аял дароо барып, элге акылын айтты+. Алар Бихринин уулу Шебанын башын кесип, Жоапка ыргытышты. Ошондо Жоап сурнай тартты+. Анын кишилери ошол замат шаардан чегиништи да, үйлөрүнө тарап кетишти. Жоап болсо Иерусалимге, падышага кайтып барды. 23  Жоап бүт Ысрайыл аскерине+, Жояттын+ уулу Беная+ болсо керейтиликтер+ менен пелеликтерге+ башчылык кылчу. 24  Адорам+ жалданма жумушчуларды башкарчу. Акилуттун уулу Жошапат жылнаамачы+, 25  Шеба+ катчы+, Садок+ менен Абыятар+ дин кызматчы эле. 26  Жайырдын тукуму* Ира да Дөөтүнүн дин кызматчыларынын* бири болчу+.

Шилтемелер

Же: «Жатирлик».
Же: «башчыларынын».