2 Шемуел 21:1—22
21 Дөөтүнүн күндөрүндө үч жыл катары менен ачарчылык болду+. Ал бул тууралуу Жахабадан сураганда, Жахаба: «Гибондуктарды өлтүргөнү үчүн Шабул менен анын үйү канга забын болду»+,— деп жооп берди.
2 Ошондо падыша гибондуктарды+ чакырып, алар менен сүйлөштү. (Гибондуктар Ысрайыл уулдарынан эмес болчу, алар аморлуктардын+ калдыктары болчу. Ысрайыл уулдары аларга ант беришкен эле+, бирок Шабул Ысрайыл уулдары менен Жүйүткө болгон кызганычынан улам+ аларды кырып таштагысы келген.)+
3 Дөөтү алардан: «Жахабанын мурасына+ бата беришиңер үчүн, силерге эмне кылып берейин? Күнөөдөн арылышыбыз үчүн+ эмне кылайын?» — деп сурады.
4 Гибондуктар: «Шабул менен анын үйүндөгүлөрүнүн кылган иши үчүн күмүш да, алтын да талап кылбайбыз+. Ал эми Ысрайылда кимдир бирөөнү өлтүргөнгө биздин укугубуз жок»,— дешти. Ал: «Силер эмне десеңер, ошонун баарын аткарам»,— деди.
5 Алар падышага: «Ал бизди кыргандыктан, Ысрайыл жеринен жок кылгысы келгендиктен+
6 бизге анын уулдарынан жетөөнү бергиле+. Биз аларды өлтүрүп+, Жахаба падыша кылып тандаган Шабулдун+ жери Гибада+ Жахабанын алдында асып коёбуз»,— дешти. Падыша: «Макул, берейин»,— деди.
7 Бирок Шабулдун уулу Жонатан экөө бири-бирине Жахабанын ысмын оозанып ант беришкендиктен+, Дөөтү падыша Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешетти+ аяды.
8 Ошондуктан ал Аянын кызы Риспанын+ Шабулга төрөп берген Армони менен Мепибешет деген эки уулун жана Шабулдун кызы Михалдын+ меколалык Барзелайдын уулу Адриелге+ төрөп берген беш уулун*
9 гибондуктарга берди. Гибондуктар аларды өлтүрүп, тоодо Жахабанын алдында асып коюшту+. Ошентип, жетөө чогуу өлдү. Алар оруп-жыюунун алгачкы күндөрүндө, арпа орула баштаган убакта+ өлүштү.
10 Аянын кызы Риспа+ таар алып барып+, аны аскага төшөп, оруп-жыюу башталган убактан асмандан жамгыр жаай баштаганга чейин+ ошол жерде болуп, аларды күндүз канаттуулардан+, түнкүсүн талаа жаныбарларынан+ коруду.
11 Бир канча убакыт өткөндөн кийин Дөөтүгө Шабулдун токолунун, Аянын кызы Риспанын, эмне кылганын айтышты+.
12 Дөөтү Жабеш-Гилаттын тургундарына барып, Шабул менен Жонатандын сөөгүн алып кетти+. Пелиштиликтер аларды Гилбояда+ Шабулду өлтүргөн күнү Бет-Шанда+ асып салышкан эле+. Жабеш-Гилаттын+ тургундары болсо алардын сөөгүн Бет-Шандагы аянттан жашыруун алып кетишкен болчу.
13 Дөөтү Шабул менен Жонатандын сөөгүн ал жактан алып келди, асылган берки кишилердин да сөөгүн чогултушту+.
14 Анан алар Шабул менен анын уулу Жонатандын сөөгүн Бенжемин уруусундагылардын жериндеги Зелага+, Шабулдун атасы Киштин+ сөөгү коюлган жерге коюп, падыша буйругандын баарын аткарышты. Ошондон кийин Кудай алардын өтүнүчтөрүн угуп+, жерине батасын берди.
15 Пелиштиликтер+ кайрадан Ысрайыл менен согушканы чыгышты. Дөөтү менен анын кишилери пелиштиликтер менен согушуп, Дөөтү чарчады.
16 Репаимдердин+ тукумдарынан болгон, салмагы+ 300 шекел* жез найза көтөрүп, белине жаңы кылыч байланган Ишпибеноп аны өлтүрөйүн дегенде,
17 Зеруянын уулу Абышай+ Дөөтүгө жардамга келип+, анын өзүн өлтүрүп койду. Ошондо Дөөтүгө кишилери: «Ысрайылдын чырагы+ өчүп калбашы үчүн+, сен мындан ары биз менен согушка чыкпайсың!»+ — деп ант беришти.
18 Андан кийин Гопто пелиштиликтер менен дагы согуш болду. Хуштук+ Сипхай+ репаимдердин+ тукумдарынан болгон Сапты өлтүрдү.
19 Пелиштиликтер менен Гопто дагы согуш болуп, бетлехемдик Жареоргимдин уулу Элханан+ найзасынын сабы кездеме токугучтун баканындай+ болгон гаттык Голиатты өлтүрдү.
20 Андан кийин Гатта согуш болду+. Ал жерде колдору менен буттарында алтыдан манжасы, баары биригип жыйырма төрт манжасы бар, бою абдан узун бир киши бар эле. Ал да репаимдердин тукумдарынан болчу+.
21 Ысрайылды мазактаганы үчүн+ Дөөтүнүн бир тууганы Шимейдин* уулу+ Жонатан аны өлтүрүп койду+.
22 Бул төртөө репаимдердин Гатта төрөлгөн тукумдары эле+. Алар Дөөтү менен анын кишилеринин колунан өлүштү+.
Шилтемелер
^ Болж. м-н 3,42 кг.