2 Шемуел 3:1—39
3 Шабулдун үйү менен Дөөтүнүн үйүнүн ортосундагы согуш көпкө созулду+. Дөөтү барган сайын күчтөнө берди+, ал эми Шабулдун үйү барган сайын күчүн жогото берди+.
2 Хеброндо+ жашап жүргөндө Дөөтү бир нече уулдуу болду+. Тун уулу Амнонду+ изреилдик Акиноам+,
3 экинчи уулу Килапты*+ мурун кармелдик Набалдын аялы болгон Абигейил+, үчүнчү уулу Абышаломду+ Гешур падышасы Талмайдын+ кызы Мааха,
4 төртүнчү уулу Адонияны+ Кагыт+, бешинчи уулу Шепатияны+ Абытал,
5 алтынчы уулу Итрамды+ Эгла төрөп берди. Дөөтүнүн бул уулдары Хеброндо төрөлдү.
6 Шабулдун үйү менен Дөөтүнүн үйүнүн ортосунда согуш жүрүп жаткан убакта Абинер+ Шабулдун үйүндө барган сайын таасирдүү боло берди.
7 Шабулдун Риспа+ деген токолу бар болчу. Ал Аянын кызы эле+. Бир күнү Ишпошет+ Абинерге: «Эмнеге атамдын токолунун койнуна кирдиң?» — деди+.
8 Абинер анын сөзүнө аябай ачууланып+, мындай деди: «Мен, эмне, Жүйүт жеринде тентип жүргөн ит белем?+ Мен атаң Шабулдун үйүнө, анын бир туугандары менен досторуна мээримдүүлүк көрсөтүп келатам, сени да Дөөтүнүн колуна салып берген жокмун. Сен болсо мени бир аял үчүн күнөөлөп жатасың.
9 Эгер Жахабанын Дөөтүгө ант берип айткандарын аткарбасам+, Кудай Абинерди катуу жазаласын+,
10 Шабулдун үйүнөн падышалык бийликти тартып алып, Дөөтүнү бүт Ысрайыл менен Жүйүт жерине, Дандан Беир-Шабага чейинки жерлерге+, падыша кылып, такка отургузбасам, Кудай жазаласын».
11 Ишпошет андан корккондуктан эч нерсе дей алган жок+.
12 Абинер ошол замат Дөөтүгө кишилерин жөнөтүп: «Бул жер кимге таандык? Мени менен келишим түз. Ошондо мен сени колдоп, бүт Ысрайылды сага каратып берем»+,— деп айттырып жиберди.
13 Дөөтү ага: «Макул, мен сени менен келишим түзөм, бирок ал үчүн мындай шарт коём: мага келатканда Шабулдун кызы Михалды+ ала келесиң. Эгер ала келбесең, жүзүмдү көрбөйсүң»+,— деп жооп берди.
14 Андан кийин Дөөтү Шабулдун уулу Ишпошетке+ кишилерин жөнөтүп: «Аялым Михалды кайра өзүмө бер. Аны аялдыкка алыш үчүн мен жүз пелиштиликтин сүннөтүн кесип келгем»+,— деп айттырып жиберди.
15 Ишпошет Лаиштин уулу Палтиелге*+ киши жиберип, анын аялы Михалды алдырды.
16 Күйөөсү анын артынан ээрчип, Бакуримге+ жетер-жеткиче ыйлап барды. Бирок Абинер ага: «Бар үйүңө!» — деди. Ошондо ал үйүнө кайтты.
17 Ал ортодо Абинер Ысрайыл аксакалдарына кайрылып: «Силер мурун эле+ Дөөтүнү өзүңөргө падыша кылууну каалачусуңар.
18 Эми ишке киришкиле, анткени Жахаба өзү Дөөтүгө: „Кулум Дөөтүнүн колу менен+ ысрайыл элимди пелиштиликтерден жана башка бардык душмандарынан куткарам“,— деп айткан»,— деди.
19 Андан соң Бенжемин уруусундагылар+ менен сүйлөштү да, алардын жана Ысрайылдын кандай чечимге келгенин Дөөтүгө айтып бериш үчүн Хебронго жөнөдү.
20 Абинер жыйырма кишиси менен Хебронго келгенде, Дөөтү той өткөрүп+, аларды коноктоду.
21 Анан Абинер Дөөтүгө: «Барып, бүт Ысрайылды улуу урматтуу падышама чогултуп келүүгө уруксат эт. Алар сени менен келишим түзүшсүн. Ошондо сен өзүң каалагандын бардыгына падыша болосуң»,— деди+. Дөөтү аны тынчтык менен коё берди, ал жөнөп кетти+.
22 Ошол убакта Дөөтүнүн кишилери менен Жоап жортуулдан көп олжо+ менен кайтып келатышкан эле. Абинер ал убакта Хеброндон кетип калган болчу, анткени Дөөтү аны тынчтык менен коё берген эле.
23 Жоап+ аскерлери менен келгенде, ага: «Падышага Неирдин+ уулу Абинер+ келип кетти. Падыша аны тынчтык менен коё берди»,— деп айтышты.
24 Жоап падышага кирип: «Бул эмне кылганың!+ Сага Абинер келген турбайбы. Аны эмнеге коё бердиң?
25 Неирдин уулу Абинерди өзүң жакшы билесиң, ал сени алдап, сенин качан кирип, качан чыкканыңды+, эмне кылып жатканыңды билиш үчүн келди»,— деди+.
26 Дөөтүгө кирип чыккандан кийин Жоап Абинердин артынан кишилерин жөнөттү. Алар аны Сира деген суу сакталчу чуңкурдун жанынан кайтарып келишти+. Дөөтү бул тууралуу билген жок.
27 Абинер Хебронго+ кайтып келгенде, Жоап аны менен жекече сүйлөшөм демиш болуп+, аны ары жакка, дарбаза тарапка ээрчитип барды. Анан аны бир тууганы Асаелди+ өлтүргөнү үчүн ичке сайды+, Абинер өлүп калды.
28 Дөөтү бул тууралуу укканда: «Мен да, менин падышалыгым да Неирдин уулу Абинердин өлүмүнө эч күнөөлүү эмес+ экенин Жахаба билет.
29 Анын каны үчүн Жоап менен анын атасынын үйү жоопко тартылсын+. Жоаптын үйү+ жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат аккан+ эркектерден, пес оорулуулардан+, ийик ийриген эркектерден+, кылычтан өлгөндөрдөн же нанга муктаж болгондордон арылбасын!» — деди+.
30 Жоап менен анын бир тууганы Абышай+ Абинерди+ Гибондогу согушта алардын бир тууганы Асаелди өлтүргөнү үчүн өлтүрүп салышты+.
31 Дөөтү падыша Жоап менен кишилеринин баарына: «Кийимиңерди айрып+, таар* жамынып+, Абинерди жоктоп ыйлагыла»,— деди. Ал өзү да Абинердин сөөгү салынган табыттын артында баратты.
32 Абинердин сөөгүн Хебронго коюшту. Падыша анын мүрзөсүнүн жанында катуу ыйлады, ага кошулуп элдин баары ыйлады+.
33 Анан падыша Абинерди жоктоп мындай кошок кошту:
«Абинер ушинтип акылсыз кишилер+ өлгөндөй өлөт беле?
34 Колдоруң байланган жок,
Буттарың кишенделген жок+.
Сен ыймансыздардын колунан өлгөндөй өлдүң»+.
Ошондо элдин баары аны жоктоп дагы ыйлады+.
35 Ошол күнү Дөөтүнү сооротуш үчүн жегенге тамак алып келишти+, бирок ал: «Күн батканга чейин оозума наар албайм+. Эгер наар алсам, Кудай мени катуу жазаласын!»+ — деп ант берди.
36 Муну элдин баары көрдү. Алар анын кылганын туура көрүштү. Падыша эмне иш кылбасын, эл анын кылгандарынын баарын туура көрдү+.
37 Ошол күнү Дөөтүнүн кишилери менен бүт Ысрайыл Неирдин уулу Абинердин өлүмүнө падышанын эч катыштыгы жок экенин түшүнүштү+.
38 Падыша кишилерине: «Бүгүн Ысрайыл кимден айрылганын билесиңерби? Төрөсүнөн, улуу адамынан айрылды+.
39 Мен падыша болуп майлансам да+, бүгүн алсызмын. Зеруянын уулдары+ болсо ырайымсыз кишилер+. Жамандык кылгандарга жамандыгына жараша Жахаба өзү тиешесин берсин»,— деди+.
Шилтемелер
^ Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.