2 Шемуел 6:1—23
6 Дөөтү кайрадан Ысрайылдагы мыкты кишилерин чогултту+. Алардын саны 30 000 эле.
2 Анан кишилери менен чыныгы Кудайдын келишим сандыгын, керуптардын* үстүндө отурган+ асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын+ аты менен аталган+ келишим сандыгын, алып келиш үчүн+ Баале-Жүйүткө+ жөнөдү.
3 Алар чыныгы Кудайдын келишим сандыгын адырда жашаган Абынадаптын үйүнөн алып кетиш үчүн+ жаңы арабага салышты+. Арабаны Абынадаптын уулдары Уза менен Ахио+ айдап жөнөдү.
4 Ошентип, чыныгы Кудайдын келишим сандыгын адырда жашаган Абынадаптын үйүнөн алып жөнөштү. Ахио келишим сандыгынын алдында баратты.
5 Дөөтү менен бүт ысрайылдыктар кыл аспаптарды чертип, дап кагып+, жез табак кагып+, арчадан жасалган ар кандай күү аспаптарда ойноп+, шылдырак кагып, арфа чертип+, Жахабанын алдында кубанып-шаттанып баратышты.
6 Нахондун* кырманына жеткенде, өгүздөр арабаны көңтөрүп сала жаздагандыктан, Уза+ чыныгы Кудайдын келишим сандыгын кармап калды+.
7 Ошондо ага Жахабанын каары кайнады+. Чыныгы Кудай аны ушундай ишти кылганга батынганы үчүн өлтүрдү+. Ошентип, Уза чыныгы Кудайдын келишим сандыгынын жанында өлдү+.
8 Дөөтү Жахабанын Узага каарын төккөнүнө ачууланды. Ал жер ушул күнгө чейин Перез-Уза* деп аталат+.
9 Ошол күнү Дөөтү Жахабадан абдан коркуп+: «Жахабанын келишим сандыгын өзүм жашаган жерге кантип алып барам?» — деди+.
10 Ал Жахабанын келишим сандыгын Дөөтүнүн шаарына+ алып баргысы келбей, гаттык+ Обет-Эдомдукуна+ алып барууну буйруду.
11 Жахабанын келишим сандыгы гаттык Обет-Эдомдукунда үч ай турду. Жахаба Обет-Эдом менен анын үйүндөгүлөрүнүн баарына батасын берип жатты+.
12 Дөөтү падышага: «Чыныгы Кудайдын келишим сандыгы Обет-Эдомдукунда тургандыктан, Жахаба анын үйүндөгүлөрүнө жана бардык нерсесине батасын берип жатат»,— деп айтышты. Ошондо Дөөтү барып, чыныгы Кудайдын келишим сандыгын Обет-Эдомдукунан Дөөтүнүн шаарына салтанат менен алып жөнөдү+.
13 Жахабанын келишим сандыгын көтөргөндөр+ алты кадам шилтегенден кийин, ал бука менен бордолгон музоону курмандыкка чалды+.
14 Дөөтү зыгыр эфод кийип+, белин байлап, Жахабанын алдында бүт күчү менен бийлеп баратты.
15 Ал бүт Ысрайыл үйү менен бирге мүйүз сурнайдын+, кубанычтуу кыйкырыктардын коштоосунда+ Жахабанын келишим сандыгын+ алып баратты.
16 Жахабанын келишим сандыгын Дөөтүнүн шаарына алып киришкенде, Шабулдун кызы Михал+ терезеден Дөөтү падышанын Жахабанын алдында секирип, бийлеп келатканын көрүп, ичинен+ кемсинтти+.
17 Жахабанын келишим сандыгын Дөөтү атайын ал үчүн даярдаган чатырга алып кирип, ордуна коюшту+. Андан кийин Дөөтү Жахабанын алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар+ менен тынчтык курмандыктарын+ чалды.
18 Курмандыктарды чалып бүткөндөн кийин ал асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын атынан+ элге бата берди+.
19 Анан калың элдин баарына, чогулган ысрайылдыктардын ар бирине, эркек-аял дебей ортосу оюк токочтон бирден, курма менен жүзүмдүн ныкталып жасалган кагынан+ да бирден берди+. Анан баары үйлөрүнө тарады.
20 Дөөтү өз үйүндөгүлөрүнө бата бергени келгенде+, Шабулдун кызы Михал+ алдынан чыгып: «Бүгүн Ысрайылдын падышасы кызматчыларынын күңдөрүнүн көзүнчө акылсыз немедей+ жылаңачтанып алып укмуш даңкка бөлөндү го!» — деди+.
21 Дөөтү ага: «Мен Жахабанын алдында, мени сенин атаңдан, анын бүт үйүндөгүлөрүнөн артык көрүп, өзүнүн элине, Ысрайылга, жол башчы кылып койгон+ Жахабанын алдында кубанып жатам. Жахабанын алдында мен дайыма кубанып-шаттанам+.
22 Мен өзүмдү мындан да кемсинтип+, өзүмдүн көз алдымда басынтылам, сен айткан күңдөрдүн көз алдында болсо даңкка бөлөнөм»,— деди+.
23 Шабулдун кызы Михал+ өмүрү өткөнчө балалуу болгон жок.