2 Шемуел 9:1—13
9 Дөөтү: «Шабулдун үйүнөн кимдир бирөө калдыбы? Мен ага, Жонатанга берген убадама ылайык+, мээримдүүлүк көрсөтөт элем»,— деди+.
2 Шабулдун үйүндө кызмат кылган Сиба деген киши бар эле+. Аны Дөөтү падышага чакырып келишти. Падыша андан: «Сиба деген сенсиңби?» — деп сурады. Ал: «Ооба, мырзам, менмин»,— деп жооп берди.
3 Падыша ага: «Шабулдун үйүнөн кимдир бирөө калдыбы? Мен ага Кудай көрсөткөндөй мээримдүүлүк көрсөтмөкмүн»,— деди+. Сиба: «Жонатандын эки бутунан тең аксап баскан бир уулу бар»,— деди+.
4 «Ал кайда?» — деп сурады падыша. «Ло-Дебарда+, Амиелдин уулу Махирдин+ үйүндө»,— деп жооп берди Сиба.
5 Дөөтү падыша ошол замат Ло-Дебарга киши жиберип, аны Амиелдин уулу Махирдикинен алдырды.
6 Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет Дөөтүнүн алдына келип, жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылды+. Дөөтү ага: «Мепибешет!» — деди. Ал: «Кулуңуз угуп жатат»,— деди.
7 Дөөтү: «Коркпо, мен сага атаң Жонатан үчүн+ мээримдүүлүк көрсөтөм+. Сага чоң атаң Шабулдун бүт жерин кайрып берем+. Сен дайыма менин дасторконумдан тамактанасың»,— деди+.
8 Ошондо Мепибешет таазим кылып: «Кулуңузга, мендей өлгөн итке көңүл бургудай+, мен ким болуп калыптырмын?» — деди.
9 Падыша Шабулдун кулу Сибаны чакырып: «Шабулга жана анын үйүнө эмне таандык болсо, ошонун баарын мырзаңдын небересине берем+.
10 Мырзаңдын небересинин үй-бүлөсүнүн жегенге тамак-ашы болушу үчүн, сен уулдарың жана кулдарың менен бирге анын жерин иштетип, түшүмүн жыйнайсың. Мырзаңдын небереси Мепибешет болсо дайыма менин дасторконумдан тамактанат»,— деди+.
Сибанын он беш уулу, жыйырма кулу бар эле+.
11 Сиба падышага: «Улуу урматтуу падышам кулуна эмне десе, кулу ошонун баарын аткарат. Мепибешет+ падышанын балдарынын бириндей болуп дайыма менин дасторконумдан* тамактанат»,— деди.
12 Мепибешеттин Миха+ деген кичинекей баласы бар эле. Сибанын үйүндөгүлөрүнүн баары Мепибешетке кызмат кылышты.
13 Мепибешет дайыма падышанын дасторконунан тамактангандыктан+ Иерусалимде жашады. Ал эки бутунан тең аксап басчу+.
Шилтемелер
^ Башка кол жазмаларда «Дөөтүнүн дасторконунан», «падышанын дасторконунан» делет. Айрымдардын ою боюнча, «менин дасторконумдан» дегенди «Дөөтүнүн дасторконунан» деп окуш керек. Же балким, Сиба Дөөтүнүн сөздөрүн эле кайталап койгон.