3 Жакан 1:1—14

 Сүйүктүү Гайга аны чындап жакшы көргөн+ аксакалдан+.  Сүйүктүү+ бир тууганым, мурдагыдай эле бардык жагынан ийгиликке жетип+, ден соолукта болушуң үчүн+ тиленем.  Бир туугандар келип, сенин баштагыдай эле чындыкка бек карманып, чындык жолунда жүргөнүңдү айтып беришкенде, абдан сүйүндүм+.  Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөнүн уккандан өткөн кубаныч* жок+.  Сүйүктүү бир тууганым, сен өзүң тааныбаган бир туугандарга да+ ишенимдүүлүк менен кызмат кылып жатасың+.  Алар сенин сүйүүң жөнүндө бүт жыйналыштын алдында айтып беришти. Ал бир туугандарды Кудайга жаккыдай кылып узатышыңды суранам+.  Анткени алар башка элдерден эч нерсе албай+, Кудайдын ысмы үчүн жолго чыгышкан.  Ошондуктан, чындык жолунда кызматташ болушубуз үчүн+, андай бир туугандарга меймандостук көрсөтүүгө милдеттүүбүз+.  Жыйналышка айрым нерселерди жазган элем, бирок алардын арасында биринчи болгонду жакшы көргөн+ Диотреф биздин айткандарыбызды кабыл албай+, тоготпой жатат+. 10  Ошондуктан, эгер барсам, кылып жаткан иштерин ашкерелейм+. Ал биз жөнүндө жаман сөздөрдү таратып жүрөт+. Анысы аз келгенсип, бир туугандарды+ урмат-сый менен кабыл албай жатат, ал эми кабыл алгысы келгендерге+ тоскоолдук кылып+, аларды жыйналыштан чыгарганга аракет кылып жатат+. 11  Сүйүктүү бир тууганым, жамандык кылгандан эмес, жакшылык кылгандан үлгү ал+. Жакшылык кылган киши Кудайдан+, жамандык кылган киши Кудайды көргөн эмес+. 12  Димитир жөнүндө болсо баары жакшы сөздөрдү айтып жатышат+. Ал сөздөрдүн чын экенин өзү да чындыкка ылайык жашаганы менен көрсөтүп жатат. Муну биз да ырастайбыз+, ал эми биздин айткандарыбыз чындык экенин өзүң билесиң+. 13  Сага дагы көп нерсе айткым келет, бирок анын баарын сыя, калем менен жазгым келген жок+. 14  Анткени сени жакында көрөм деп үмүттөнөм. Ошондо бетме-бет сүйлөшөбүз+. Сага тынчтык болсун+. Бул жактагы достор сага салам айтып жатышат+. Сен да менден ал жактагы достордун ар бирине салам айтып кой+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ыраазычылык».