Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

А1

Ыйык Китепти которуудагы принциптер

Ыйык Китеп байыркы еврей, арамей жана грек тилдеринде жазылган. Бүгүн ал толугу менен же кайсы бир бөлүктөрү 3 000ден ашык тилге которулган. Ыйык Китепти окугандардын көбү ал жазылган байыркы тилдерди түшүнбөйт. Андыктан анын котормолору керек. Ыйык Китепти которууда кайсы принциптерге кармануу маанилүү? Ошол принциптер Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» кандайча колдонулду?

Айрымдар түзмө-түз, сөзмө-сөз котормо түп нускадагы ойду жакшыраак түшүнгөнгө шарт түзөт деп ойлошу мүмкүн. Бирок дайыма эле андай эмес. Бир нече мисал карап көрөлү.

  • Грамматикасы, сөздөрү, сүйлөмдүн түзүлүшү коёндой окшош бир да тил жок. Еврей тилин изилдеген профессор С. Р. Драйвер тилдердин «грамматика, сөздөрүн келип чыгышы жагынан эле эмес,.. сүйлөмдөгү ойлордун байланышы жагынан да айырмаланарын» жазган. Ар кайсы тилде сүйлөгөндөрдүн ой жүгүртүүсү да ар башка болот. Профессор Драйвер сөзүн: «Демек, ар кандай тилде сүйлөмдөр ар башкача түзүлөт»,— деп улайт.

  • Азыркы учурда бир да тилдин сөздөрү, грамматикасы Ыйык Китеп жазылган байыркы еврей, арамей, грек тилдерине дал келбейт. Ошол себептен сөзмө-сөз котормо түшүнүксүз, атүгүл айрым учурларда туура эмес да болуп калышы мүмкүн.

  • Кайсы бир сөздүн же сөз айкаштарынын мааниси контекстке жараша ар кандай болушу ыктымал.

Котормочу түп нускадагы айрым ойлорду түзмө-түз бере алышы мүмкүн. Бирок андайда өтө сак болушу керек.

Сөзмө-сөз которгондо ойлор туура эмес берилип калышы мүмкүн. Айрым мисалдарга токтололу:

  • Ыйык Китепте «уктоо» деген сөз түзмө-түз уйкуга да, өлүм уйкусуна да карата айтыла берет (Матай 28:13; Элчилер 7:60). Бул сөз өлүмгө карата колдонулганда Ыйык Китепти которгондор «өлүм уйкусу» деген сөз айкашын колдоно алат. Ошондо окурман чаташпайт (Корунттуктарга 1-кат 7:39; Тесалоникалыктарга 1-кат 4:13; Петирдин 2-каты 3:4).

  • Элчи Пабылдын Эфестиктерге 4:14төгү «митаамдык менен адаштырган адамдар» деген сөзү түзмө-түз «сөөк ыргытып ойногондор» деп которулат. Байыркы убакта сөөк ыргытып ойногондор башкаларды көп алдашчу. Бул идиома ошондон келип чыккан. Көптөгөн тилдерде бул сөз айкашынын сөзмө-сөз которулушу кандайдыр бир маанини туюнтпайт. Ошондуктан «митаамдык менен адаштырган адамдар» деп которулганы ойду айкын берет.

  • Римдиктерге 12:11де грек тилинен сөзмө-сөз «рухтун кайнашы» деп которулган сөз айкашы кездешет. Бул сөз айкашын ушул бойдон калтырса, түп нускадагы ой туура берилбей калат. Ошол себептен кыргыз тилинде «Кудайдын ыйык рухунун таасири менен ынталуу болгула» деп которулган.

  • МАТАЙ 5:3

    Түзмө-түз котормо: «руху жакырлар»

    Негизги ою: «Кудайды таанып-билгиси келгендер»

    Исанын тоодо айткан насааттарынын бири көп учурда «руху жакырлар бата алышат» деп которулат (Матай 5:3). Бирок көп тилдерде бул ойдун ушинтип сөзмө-сөз которулушу түшүнүксүз болуп калат. Кээ бир учурларда сөзмө-сөз которулушу «руху жакыр» кишилер акыл-эс жагынан тең салмаксыз, чечкинсиз деген ойду берип коюшу мүмкүн. Бирок Иса бакыт кадимки муктаждыктарды канааттандыруудан эмес, Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөнүбүздөн көз каранды экенин айткысы келген (Лука 6:20). Андыктан жогорудагы сөз айкашы бир котормодо: «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу»,— деп берилген («The New Testament in Modern English»). Ал эми «Жаңы дүйнө котормосунда»: «Кудайды таанып-билгиси келгендер бактылуу»,— деп которулган. Ушундай которулганы түп нускадагы ойду тагыраак берет (Матай 5:3).

  • Еврей тилиндеги кина деген сөз көп учурда кызганыч же көрө албастык сыяктуу терс сезимдерди сүрөттөш үчүн колдонулат (Накыл сөздөр 6:34; Ышая 11:13). Анткен менен еврей тилинде бул сөз оң маанини да туюнтат. Мисалы, Жахаба «өзүнө толук берилгендикти талап кылган» же өзүнүн кызматчыларын «бүт ынтасы менен коргогон» жагдайларда ушул сөз оң мааниде айтылат (Чыгуу 34:14; Падышалар 2-китеп 19:31; Жезекиел 5:13; Закарыя 8:2). Ошондой эле «кызганыч» деген сөз Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын Кудайга жана ага сыйынууга карата туйган сезимин же Кудайдан баш тартып кеткендерге «көз жумуп койбой», ынталуулук менен кылган ишин сүрөттөш үчүн колдонулат (Забур 69:9; 119:139; Сандар 25:11).

  • Еврей тилиндеги «йадх» деген сөз көбүнчө «кол» деп которулат. Бирок контекстке жараша «күч», «марттык», «бийлик» же дагы башка сөздөр менен которулат

    Кишинин колун билдирген еврей тилиндеги сөз кеңири мааниге ээ. Ал контекстке жараша «күч», «бийлик», «марттык» деп которулушу мүмкүн (Чыгуу 14:31; Шемуелдин 2-китеби 8:3; Падышалар 1-китеп 10:13). Ошондуктан кыргыз тилиндеги ушул котормодо бул сөз ар кандай сөздөр менен берилди.

Ушуларды эске алып, Ыйык Китепти которгондор түн нускадагы сөздөрдү алар кездешкен жердин баарында эле бирдей сөздөр менен которо беришкен эмес. Түп нускадагы текстте камтылган ойду эң жакшы которуш үчүн котормочудан сөздөрдү тандап жатканда эстүүлүк талап кылынат. Мындан тышкары, текст окуганга оңой болушу үчүн, сүйлөм которулуп жаткан тилдин грамматикасына ылайык түзүлүшү керек.

Ошол эле учурда чектен чыгып кетпеш керек. Котормочу Ыйык Китептеги негизги ойду өзү түшүнгөндөй эркин баяндап койсо, тексттин мааниси бурмаланып калышы мүмкүн. Кандайча? Котормочу түп нускадагы ой муну билдирет деп өзүнүн көз карашын кошуп жибериши мүмкүн же түп нускадагы маанилүү нерсени алып салышы ыктымал. Ыйык Китептин эркин баяндалып которулган котормосу окуганга жеңил болгон күндө да, анын чыныгы маңызы окурманга жетпей калат.

Котормочуга өзүнүн ишенген нерселерине байланыштуу көз карашы оңой эле таасир этип коюшу мүмкүн. Маселен, Матай 7:13тө: «Кенен жол өлүмгө алып барат»,— делет. Айрым котормочулар, кыязы, ишенген нерселерине таянып, бул жерди «тозокко алып барат» деп которуп коюшкан. Чынында, грек тилиндеги бул сөз «жок болууга алып барат» деген маанини туюнтат.

Ыйык Китепти которгон котормочу ал китептин жер иштеткендер, койчулар жана балыкчылар сыяктуу карапайым эле кишилер күнүмдүк турмушта сүйлөгөн тилде жазылганын эске алышы керек (Некемия 8:8, 12; Элчилер 4:13). Андыктан жакшы которулган Ыйык Китеп, тек-жайы кандай болбосун, жүрөгү таза кишилерге түшүнүктүү болот. Ошон үчүн анын түшүнүксүз, эл көп колдонбогон сөздөргө караганда, түшүнгөнгө оңой, мааниси айкын, эл колдонгон сөздөр менен которулганы маанилүү.

Ыйык Китепти которгон көптөгөн котормочулар эч кандай олуттуу себеби жок эле учурдагы котормолордон Кудайдын ысымын, Жахаба деген ысымды, Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларында бар болсо да, алып салышкан. (А4 тиркемесин карагыла.) Көп котормочулар Кудайдын ысымын «Теңир» деген сыяктуу наамдарга алмаштырып салышкан. Башкалары Кудайдын ысымы бар деген ойду атүгүл акылына сыйдыра алышпайт. Алсак, кээ бир котормолордо Исанын Жакан 17:26да тиленгенде айткан сөзү мындай деп которулган: «Сени аларга таанытып, ачып бердим». Ал эми Жакан 17:6дагы Кудайга айткан сөздөрү: «Мага берген адамдарыңа сени ачып берип, тааныттым»,— деп которулган. Чынында, Исанын сөздөрүнүн «сенин атыңды аларга таанытып, ачып бердим», «мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып берип, тааныттым» деп которулганы эң туура болот.

Англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» биринчи чыгарылышынын баш сөзүндө мындай делген: «Бул Ыйык Жазманын эркин баяндалган котормосу эмес. Ыйык Китепти учурда эл сүйлөгөн англис тилинде бергенге күч жумшап, мүмкүн болушунча түзмө-түз которгонго аракет кылдык. Ой бурмаланып калчудай болгон жагдайларда гана түзмө-түз которгон жокпуз». Ооба, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети тең салмактуу болгонго аракет кылган. Тагыраак айтканда, түп нускага дал келген сөздөр менен сөз айкаштарын колдонгон. Ошол эле учурда ой табигый эмес же түшүнгөнгө кыйын болуп калбашына күч жумшаган. Натыйжада Ыйык Китептин окуганга оңой котормосу жаралды. Андыктан окурман Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган кабардын туура, так берилгенине шектенбесе болот (Тесалоникалыктарга 1-кат 2:13).