Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Б1

Ыйык Китептеги кабар

Жахаба Кудай бийлик жүргүзгөнгө толук укуктуу. Ал — теңдешсиз Өкүмдар. Анын жерге жана адамзатка карата ой-ниети сөзсүз ишке ашат.

Б. з. ч. 4026-ж. кийин

«Жылан» Жахабанын бийлик жүргүзгөнгө болгон укугун жана жакшы Өкүмдар экенин талашка салат. Жахаба жыландын, Шайтандын, башын жанчый турган «тукум» чыгарын убада кылат (Башталыш 3:1—5, 15). Бирок ал маал келгенче адамдарга жыландын бийлигинин алдында өз алдынча бийлик жүргүзгөнгө убакыт берилет.

Б. з. ч. 1943-ж.

Жахаба Ыбрайымга убада кылынган «тукум» анын урпактарынан чыгарын айтат (Башталыш 22:18).

Б. з. ч. 1070-ж.

Жахаба Дөөтү падышага, кийинчерээк уулу Сулайманга убада кылынган «тукум» анын урпактарынан чыгарын айтат (Шемуелдин 2-китеби 7:12, 16; Падышалар 1-китеп 9:3—5; Ышая 9:6, 7).

Б. з. 29-ж.

Жахаба Исанын Дөөтүнүн тактысын мурастай турган убадаланган «тукум» экенин ачып берет (Галатиялыктарга 3:16; Лука 1:31—33; 3:21, 22).

Б. з. 33-ж.

Жылан, Шайтан, убадаланган «тукумдун» согончогун чагат, башкача айтканда, Исаны өлтүрөт. Жахаба Исаны асманда жашаганга тирилтет жана жеткилең өмүрүнүн баасын кабыл алат. Ошентип, Адам атанын урпактарынын күнөөлөрүнүн кечирилишине жана түбөлүк жашашына жол ачылат (Башталыш 3:15; Элчилер 2:32—36; Корунттуктарга 1-кат 15:21, 22).

Б. з. 1914-ж. же көп өтпөй

Иса жыланды, Шайтанды, жерге кууп түшүрөт. Ошондон тартып Шайтандын чектелүү эле убактысы калган болот (Аян 12:7—9, 12).

Келечекте

Иса Шайтанды 1 000 жылга камайт. Андан соң жок кылат, каймана мааниде, башын жанчыйт. Ошондо Жахабанын жерге жана адамзатка байланыштуу баштапкы ой-ниети орундалат. Жалаа жабылган ысымы ыйыкталат, эң мыкты Өкүмдар экени далилденет (Аян 20:1—3, 10; 21:3, 4).