Амос 2:1—16

  • Кайра-кайра чыгарылган козголоң үчүн жаза (1—16)

2  Жахаба мындай дейт: „“Мааптыктардын+ үч, атүгүл төрт козголоңу үчүнЧечимимди өзгөртпөйм. Себеби алар Эдомдун падышасынын сөөгүн күлү калгыча* өрттөшкөн.  2  Ошон үчүн Маапка от коём,Ал Кериоттун+ чептүү мунараларын жалмап кетет. Мааптыктар чуру-чуу,Согуш урааны, сурнай үнү угулуп жатканда кырылат.+  3  Мен алардын башкаруучусун*,Аны менен кошо бардык төрөлөрүн жок кылам”.+ Жахаба мына ушундай деди“.  4  Жахаба мындай дейт: „Жүйүттүн+ үч, атүгүл төрт козголоңу үчүн чечимимди өзгөртпөйм. Себеби анын тургундары Жахабанын мыйзамдарын четке кагышкан,Көрсөтмөлөрүн аткарышкан эмес;+Ата-бабаларындай болуп жалган нерселерге ишенип, адашып жүрүшкөн.+  5  Ошон үчүн мен Жүйүткө от коём,Ал Иерусалимдин чептүү мунараларын жалмап кетет“.+  6  Жахаба мындай дейт: „Ысрайыл элинин+ үч, атүгүл төрт козголоңу үчүн чечимимди өзгөртпөйм. Себеби алар адил кишини күмүшкө,Жакырды жуп сандалга сатышкан.+  7  Алар жакырлардын башын баткакка тыгып, тебелешет,+Мүнөзү жумшактарга адилеттикке жеткенге тоскоолдук кылышат,+Атасы менен уулу бир аял менен жатып,Ыйык ысмымды булгап жатышат.  8  Күрөөгө алынган кийимди астына салып,+Ар бир курмандык жайынын жанында жатышат.+ Бирөөнү айыпка жыгып өндүрүп алган шарабынӨз кудайларынын ибадатканасында ичишет“.  9  „Бир кезде мен алар үчүн аморлуктарды,Бал карагайлардай бийик,Эмен дарагындай кубаттуу аморлуктарды кырып салбадым беле?!+ Алардын башындагы мөмөсүн, түбүндөгү тамырын жок кылган эмес белем?!+ 10  Силерди Мисир* жеринен алып чыгып,+Аморлуктардын жерин ээлешиңер үчүн,40 жыл бою чөлдө жетектеп жүргөм.+ 11  Уулдарыңардын айрымдарын пайгамбар,+Улан-жигиттериңердин айрымдарын назир* кылгам.+ Же андай эмеспи, ысрайыл эли?“ — дейт Жахаба. 12  „Силер болсо назирлерге шарап ичирип,+Пайгамбарларга: “Пайгамбарлык кылба!” — деп тыюу салчусуңар.+ 13  Ошон үчүн силерди турган жериңерде тебелеп-тепсейм,Орулган эгин жүктөлгөн араба жолундагынын баарын тебелеп кеткендей тебелейм. 14  Күлүк киши качарга жай таппай калат,+Күчтүү киши күчүнөн ажырайт,Бир да жоокер жанын сактай албайт. 15  Жаачы майданда туруштук бере албайт,Күлүк качып кутула албайт,Атчан жанын сактап кала албайт. 16  Жоокерлердин эң эр жүрөгү даОшол күнү жылаңач бойдон качат“,+— дейт Жахаба».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «акиташка айлангыча».
Сөзмө-сөз: «сотун».
Египет.