Амос 4:1—13

  • Самариянын аялдары ашкереленет (1—3)

  • Жахаба Ысрайылды шылдыңдайт (4, 5)

  • Ысрайыл оңдоп-түзөөнү четке кагат (6—13)

    • «Кудайың менен... жолугушканга даяр бол» (12)

    • Кудай пендесине ой-ниетин айтпай койбойт (13)

4  «Самария тоосундагы+ Башандын уйларындай болгон аялдар,Бей-бечараларды алдагандар,+Жакырларды эзгендер,Күйөөлөрүнө*: „Шарап алып кел!“ — дегендер, уккула.  2  Эгедер Теңир Жахаба өзүнүн ыйыктыгын оозанып мындай деп ант берди: „“Душман силерди касапчынын илмегине эттей кылып иле турган,Калганыңарды кайырмакка илип тартып чыгара турган күндөр келатат.  3  Ошондо ар бириңер өз тушуңардагы дубалдын тешигинен чыгасыңар да,Хармонго ыргытыласыңар”,— дейт Жахаба“.  4  „Бейтелге барып, кылмыш кылгыла.+ Гилгалга барып, кайра-кайра кылмыш кылгыла*!+ Эртең менен курмандыктарыңарды чалгыла,+Үчүнчү күнү ондуктарыңарды* алып баргыла.+  5  Ачыткы кошулган нанды Кудайга ыраазычылык билдириш үчүн тартуу катары өрттөгүлө,+Ыктыярдуу курмандыгыңар жөнүндө жар салгыла! Себеби ошенткенди жакшы көрөт эмессиңерби, ысрайыл эли“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.  6  „Мен силерди бардык шаарларыңарда ачка калтырдым,Үйлөрүңөрдүн биринде да жегенге нан калтырган жокмун,+Ошондо да мага кайтып келген жоксуңар“,+— дейт Жахаба.  7  „Оруп-жыюу маалына үч ай калса да, нөшөр жиберген жокмун,+Бир шаарга жаан жаадырсам, экинчисине жаадырган жокмун. Бир талаа жамгырга сугарылса,Экинчиси жамгыр жаабагандыктан какшып калды.  8  Суу ичкенге эки-үч шаардын эли бир шаарга чогулуп жатты,+Бирок суусунун кандыра алышкан жок. Силер ошондо да мага кайтып келген жоксуңар“,+— дейт Жахаба.  9  „Түшүмүңөрдү ысык шамалга куйкалаттым, көк бастырдым.+ Багыңар, жүзүмзарыңар көбөйсө да,Анжир дарагыңарды, зайтун дарагыңарды чегиртке жеди,+Ошондо да мага кайтып келген жоксуңар“,+— дейт Жахаба. 10  „Силерге Мисирдеги оорудай жугуштуу оору жибердим.+ Улан-жигиттериңерди кылыч менен өлтүрүп,+ аттарыңарды айдап кеттим.+ Жериңерге конушуңардагы өлүктөрдүн каңырсыган жытын каптаттым.+ Ошондо да мага кайтып келген жоксуңар“,— дейт Жахаба. 11  „Содом менен Аморду кыйратканымдай,+Силерди да кыйраттым. Силер оттон алынган чычаладай болдуңар. Ошондо да мага кайтып келген жоксуңар,+— дейт Жахаба.— 12  Ошон үчүн, оо, ысрайыл эли, силерди кайрадан жазалайм. Силерди сөзсүз жазалайм,Ошондуктан, ысрайыл эли, мени менен — Кудайың менен — жолугушканга даяр бол“. 13  Ал тоолорду калыптаган,+ шамалды жараткан.+ Ал пендесине ой-ниетин айтпай койбойт. Ал таңды түнгө айлантат,+Бийик чокуларда басып жүрөт.+ Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба».

Шилтемелер

Же: «Кожоюндарына».
Же: «козголоң чыгаргыла».