Амос 5:1—27
5 «Оо, ысрайыл эли, силер жөнүндө кошок кошуп айткандарымды уккула:
2 „Ысрайыл аттуу кыз өз жеринде жыгылып,Ордунан тура албай жатат.
Аны баары таштап кетти,Тургузар эч кимиси жок“.
3 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт:
„Ысрайыл эли мындай болот: шаардан согушка кеткен миң кишинин жүзү эле аман калат,Согушка кеткен жүз кишинин ону эле аман калат“.+
4 Жахаба ысрайыл элине мындай дейт:
„Кайрадан мага сыйынгыла, ошондо тирүү каласыңар.+
5 Сыйыныш үчүн Бейтелге барбагыла,+Гилгалга барбагыла,+ Беир-Шебага бет албагыла.+
Себеби Гилгалдын эли сөзсүз туткунга айдалат,+Бейтел эч нерсеге жарабаган* жерге айланат.
6 Кайрадан Жахабага сыйынгыла, ошондо тирүү каласыңар.+
Болбосо ал силерди, Жусуптун урпактары, оттой жалмап кетет,Бейтелде алоолонгон отту эч ким өчүрбөйт.
7 Силер адилеттикти эрменге айлантып,Адилдикти тебелеп жатасыңар.+
8 Кима топ жылдызын*, Кесил топ жылдызын*+ жараткан Кудайга сыйынгыла.
Ал коюу түндү таңга айлантат,Күндү түндөй капкараңгы кылат.+
Деңиздин суусун өзүнө чакырып,Кайра жер бетине каптатат.+
Анын ысмы — Жахаба.
9 Ал кубаттууну ойрон кылат,Чептүү жерлерди кыйратат.
10 Силер шаар дарбазасынын алдында силерди ашкерелеген кишини жаман көрөсүңөр,Чындыкты айткан кишини жек көрөсүңөр.+
11 Жакырдан жердин ижара акысын талап кылып,Эгинин салык катары тартып алып жатасыңар.+
Ошон үчүн жылмаланган таштан салган үйлөрүңөрдө жашабайсыңар,+Жүзүмзарыңар укмуш болсо да, шарабын ичпейсиңер.+
12 Себеби кылмышыңардын канчалык көп экенин*,Күнөөлөрүңөрдүн канчалык оор экенин билем:
Силер адил адамдарды эзип жатасыңар,Пара аласыңар*,Шаар дарбазасынын алдында бей-бечаралардын укугун тебелеп жатасыңар.+
13 Ал убак алаамат учуру боло тургандыктан,+Эстүү кишилер унчукпайт.
14 Жамандык эмес, жакшылык кылгыла,+Ошондо өлбөйсүңөр.+
Өзүңөр айтып жүргөндөй,Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба силер менен болот.+
15 Жаман нерсени жек көрүп, жакшы нерсени жакшы көргүлө.+
Шаар дарбазасынын алдында отурган соттор адилет сот жүргүзүшсүн.+
Мүмкүн, асман аскерлеринин Кудайы ЖахабаЖусуптун аман калган урпактарына ырайым кылар“.+
16 Ошондуктан Жахаба, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейт:
„Шаардын бардык аянттарында эл боздойт,Алар бардык көчөлөрдө: “Башыбызга каран түн түштү!” — деп ыйлашат.
Дыйкандарды аза күткөнгө чакырышат,Кошокчуларды кошок кошконго жалдашат“.
17 „Бардык жүзүмзарларда боздогондордун үнү угулат,+Анткени мен силерди жазалаш үчүн араңардан өтөм“,— дейт Жахаба.
18 „Жахабанын күнүн эңсеп күткөндөрдүн башына каран түн түшөт!+
Жахабанын күнү силерге мындан башка эмне алып келмек эле?+
Ал күн жарык эмес, караңгы күн болот.+
19 Ошол күнү силер арстандан качып баратканда алдынан аюу чыккан,Үйүнө кирип, дубалга таянса, жылан чагып алган кишидей болосуңар.
20 Жахабанын күнү жарык эмес, караңгы күн болот.
Жаркыраган күн эмес, коюу түн болот.
21 Мен майрамдарыңарды жек көрөм, алардан жийиркенем.+
Салтанаттуу жыйындарыңарда чалган курмандыктарыңардын жыты чыкканда иренжийм.
22 Бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды чалып, тартуу алып келсеңер да,Аныңарга сүйүнбөйм.+
Тынчтык курмандыгына чалган семиз малыңарды кабыл албайм.+
23 Кулактын кужурун алган ырыңарды мага угузбагыла.
Кыл аспаптарыңардын үнүн уккум келбейт.+
24 Адилеттик суудай,+Адилдик соолубас дайрадай аксын.
25 Оо, ысрайыл эли, 40 жыл бою чөлдө жүргөндөМага курмандык чалып, мага тартуу алып келдиңер беле?+
26 Эми өзүңөргө жасап алган жылдыз-кудайларыңарды:
Падыша туткан Сакутту, Кайбанды* көтөрүп алып туткунга кетесиңер.
27 Силерди Дамасктан ары айдап жиберем“,+— дейт Кудай. Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба».+
Шилтемелер
^ Же балким: «жамандыкка толгон».
^ Сыягы, Орион топ жылдызы.
^ Сыягы, Букачар топ жылдызындагы Үркөр жылдыз чогулмасы.
^ Же: «Ооз басырыкка акча аласыңар».
^ Же: «канчалык көп козголоң чыгарганыңарды».
^ Сыягы, Сакут менен Кайбан адамдар кудай туткан Сатурн планетасынын башкача аталыштары болгон.