Амос 6:1—14

  • Өзүнө өзү корстон болгондордун башына каран түн түшөт! (1—14)

    • Пилдин сөөгүнөн жасалган сөөрүлөр; шарап куюлган чөйчөктөр (4,6)

6  «Сиондо өзүнө өзү корстон болгондордун,Самария тоосунда бейкапар жашагандардын,+Көрүнүктүү элдин арасындагы атактуу кишилердин,Ысрайыл эли таянгандардын башына каран түн түшөт!  2  Калнеге баргыла,Ал жактан чыгып, Улуу Хаматка+ баргыла,Андан соң пелиштиликтер жашаган Гатка баргыла да, көргүлө: Алар ушул эки падышалыктан* жакшы бекен? Же алардын жери силердикинен чоң бекен?  3  Силер келе турган каргашалуу күндү ойлобой,+Зордук-зомбулукчул кишилердин башкаларды эзишине жол берип жатасыңар.+  4  Пилдин сөөгүнөн+ жасалган керебеттерде жатасыңар, сөөрүлөрдө керилип жатасыңар,+Отордогу кочкорлордун, бордолгон торпоктордун* этин жеп,+  5  Кыл аспап чертип ырдаганга ыр чыгарып,+Дөөтүдөй болуп жаңы аспаптарды ойлоп таап жатасыңар.+  6  Чөйчөктөн шарап ичип,+Эң жакшы майлар менен майланып жатасыңар. Жусуптун урпактарынын башына түшкөн кырсыкты көрүп турсаңар да, кайдыгерсиңер.+  7  Ошон үчүн биринчилерден болуп туткунга кетесиңер,+Керилип жаткандардын той-тамашасы токтойт.  8  „Мен, Эгедер Теңир Жахаба, өзүмдү оозанып ант бердим,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Мен Жакыптын урпактарынын текебердигинен жийиркенем,+Алардын чептүү мунараларын жек көрөм,+Шаары менен андагынын бүт баарын душмандарына берем.+ 9  Эгер кайсы бир үйдө 10 киши калса, алар да өлөт. 10  Тууганы* аларды сыртка алып чыгып, бир-бирден өрттөйт. Үйдөн алардын сөөгүн алып чыккандан кийин, төркү бөлмөлөрдө ким болсо, ошондон: “Үйдө дагы бирөө барбы?” — деп сурайт. Тиги: “Жок”,— деп жооп берет. Ошондо ага: “Унчукпа! Азыр Жахабанын ысмын оозго ала турган убак эмес”,— дейт“. 11  Мен, Жахаба, буйрук берип жатам,+Ошон үчүн чоң үй урап,Кичине үйдүн таш-талканы чыгат.+ 12  Аттар асканын үстүндө чуркайбы? Адамдар ал жакта өгүз менен жер айдайбы? Силер болсо адилеттүүлүктү уулуу чөпкө,Адилдиктин жемишин эрменге айландырдыңар.+ 13  Болбогон эле бир нерсеге кубанып: “Биз өзүбүз эле күчтүү болуп кеттик”,— деп жатасыңар.+ 14  Ошон үчүн, оо, ысрайыл эли, мен бир элди силерге каршы чыгарам.+ Алар Лебо-Хаматтан*+ Араба өзөнүнө чейин үстөмдүк кылып, силерди эзишет“,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба».

Шилтемелер

Сыягы, Жүйүт жана Ысрайыл падышалыктары жөнүндө айтылып жатат.
Же: «букачарлардын».
Сөзмө-сөз: «Атасынын бир тууганы».
Же: «Хаматтын кире беришинен».