Амос 7:1—17

  • Ысрайылдын талкаланары тууралуу аян (1—9)

    • Чегиртке  (1—3), от (4—6), жипке асма салмоор (7—9)

  • Амоско пайгамбарлык кылганга тыюу салынат (10—17)

7  Эгедер Теңир Жахаба мага аян аркылуу муну көрсөттү: кеч себилген үрөн* өнүп чыкканда, Кудай жер жайнаган чегиртке жиберди. Ал падышанын чөбү чабылгандан кийинки маал болчу. 2  Чегиртке өсүмдүктөрдүн баарын жеп түгөткөндө, мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, элиңди кечире көр.+ Жакыптын урпактары кантип аман калат? Алар алсыз эл эмеспи!»+ — дедим. 3  Ошондо Жахаба чечимин өзгөрттү*.+ Жахаба: «Сен көргөн нерселер болбойт»,— деди. 4  Анан Эгедер Теңир Жахаба мага аян аркылуу муну көрсөттү: Эгедер Теңир Жахаба бул жерди от менен жазалай турганын жарыялады. Ал от түпсүз терең сууларды жалмап, жердин бир бөлүгүн куйкалап кетти. 5  Ошондо мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, токтото көр.+ Жакыптын урпактары кантип аман калат? Алар алсыз эл эмеспи!»+ — дедим. 6  Ошондо Жахаба чечимин өзгөрттү.+ Эгедер Теңир Жахаба: «Сен көргөн бул нерселер да болбойт»,— деди. 7  Андан соң ал мага аян аркылуу муну көрсөттү: башында жипке асма салмоор* менен текшерилип, түз тургузулган дубалдын үстүндө Жахаба туруптур, колунда жипке асма салмоор бар экен. 8  Жахаба менден: «Амос, эмнени көрүп турасың?» — деп сурады. «Жипке асма салмоорду»,— деп жооп бердим. Ошондо Жахаба: «Мен ысрайыл элимди жипке асма салмоор менен текшерип жатам. Аны экинчи кечирбейм.+ 9  Ыскактын урпактарынын+ жалган кудайларга сыйынган жайлары ээн калат, ысрайыл элинин ыйык жайлары талкаланат.+ Мен кылыч көтөрүп, Жеробамдын тукумдарына каршы чыгам»,+— деди. 10  Бейтелдин дин кызматчысы+ Амазия Ысрайылдын падышасы Жеробамга:+ «Амос Ысрайылда сага каршы козголоң уюштуруп жатат.+ Анын сөздөрүнө эл чыдап тура албайт.+ 11  Анткени Амос: „Жеробам кылычтан өлөт. Ысрайыл эли болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет“,+— деп жүрөт»,— деп айттырып жиберди. 12  Анан Амазия Амоско: «Эй, көрөгөч, бар, Жүйүт жерине качып кет. Наныңды ошол жактан таап же да, ошол жакта пайгамбарлык кыл.+ 13  Бейтелде экинчи пайгамбарлык кылба.+ Себеби бул жерде падыша келип сыйына турган жай,+ бүт эл чогула турган ибадаткана* бар»,— деди. 14  Амос болсо Амазияга мындай деди: «Мен пайгамбар да, пайгамбардын уулу да эмес болчумун. Мал багып,+ анжир өстүрчүмүн*. 15  Жахаба мени мал багып жүргөн жеримен чакырды. Анан Жахаба мага: „Бар, ысрайыл элиме пайгамбарлык кыл“,— деди.+ 16  Эми Жахабанын сөзүнө кулак сал: „Сен мага: “Ысрайыл элине каршы пайгамбарлык кылба,+ Ыскактын урпактарына каршы сот өкүмүн жарыялаба”,+— деп жатасың. 17  Ошон үчүн Жахаба сага: “Аялың шаарда сойкулук кылат. Уул-кыздарың кылычтан өлөт. Жериңди ченегич жип менен ченеп, бөлүп алышат. Өзүң бөтөн жерде* өлөсүң. Ысрайыл эли өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет”,— деп айтты“».+

Шилтемелер

Б. а. январь—февраль айларында себилген үрөн.
Же: «өкүндү; кайгырды».
Дубалдын канчалык түз экенин текшериш үчүн колдонулат.
Сөзмө-сөз: «падышалыктын үйү».
Же: «анжирдин мөмөсүн тилчүмүн».
Же: «арам жерде».