Амос 8:1—14
8 Андан соң Эгедер Теңир Жахаба мага аян аркылуу муну көрсөттү: жайында бышчу жемиштер салынган бир себет туруптур.
2 Анан ал менден: «Амос, эмнени көрүп турасың?» — деп сурады. Мен: «Жайында бышчу жемиштер салынган себетти»,— дедим. Ошондо Жахаба мага мындай деди: «Ысрайыл элимдин күнү бүттү. Аларды экинчи кечирбейм.+
3 „Ошол күнү ибадатканада ырдабай эле, боздошот,+— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Жердин баарында өлүктөр жатат.+ Чүшш, акырын!“
4 Кедей-кембагалдарды тебелеп-тепсегендер,Бул жердеги мүнөзү жумшак кишилердин көзүн тазалагандар, уккула!+
5 Силер: „Ай жаңыргандагы майрам качан өтөт?+ Өтүп кетсе, эгинибизди сатат элек.
Дем алыш күн*+ өтсө, дан сатат элек.
Өлчөгүч идиштин* көлөмүн кичирейтип,Бааны көтөрөт элек,Таразадан жейт элек.+
6 Кедейди күмүшкө,Жакырды жуп сандалга сатып алат элек,+Дандын ыпыр-сыпырын сатат элек“,— дейсиңер.
7 Жакыптын сыймыгы+ болгон Жахаба өзүн оозанып мындай деп ант берди:
„Алардын жаман иштерин эч качан унутпайм.+
8 Ошондуктан бул жер солкулдап,Ар бир тургуну күйүт тартат.+
Бул жер Мисирдеги Нилдей,Көтөрүлүп, ташкындап, кайра тартылып тынчыган Нилдей болот.+
9 „Ошол күнү,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,—
Мен чак түштө эле күндү батырып,Күндүз эле жерге караңгылык каптатам.+
10 Майрамдарыңарды күйүттүү күнгө,+Ырларыңарды кошокко айландырам.
Баарыңарды таар* курчантып, чачыңарды кырып таштайм.
Ошондо жалгыз уулун жоктогон адамдай күйүт тартасыңар,Ошол күндүн аягы өтө азаптуу болот“.
11 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мына, мындай күндөр келатат:
Мен жерге ачарчылык жиберем,Бирок ошондо адамдар нанга же сууга эмес,Жахабанын сөзүн укканга зар болот.+
12 Алар деңизден деңизге чейин,Түндүктөн чыгышка чейин тентип,Жахабанын сөзүн издеп жер кезишет, бирок табышпайт.
13 Ошол күнү сулуу кыздар менен жигиттер суусап,Ошонун айынан эс-учун жоготот.
14 Самариянын+ жалган кудайларын оозанып:
“Дан,+ сенин кудайыңды оозанып ант берем!” — дегендер,“Беир-Шебанын+ жолун оозанып ант берем!” — дегендер кулашат,Ошол бойдон турушпайт“».+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Эйфанын». Б14 тиркемесин кара.
^ Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушу сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.