Амос 9:1—15

  • Кудайдын жазасынан качып кутулуу мүмкүн эмес (1—10)

  • Дөөтүнүн кулаган үйү кайра тургузулат (11—15)

9  Мен курмандык жайынын үстү жагында турган Жахабаны көрдүм.+ Ал мага мындай деди: «Түркүктөрдү үстүнөн ур, түптөрү титиресин. Алардын баш жагын кыя чап. Элдин калганын болсо мен кылыч менен өлтүрөм. Алардын бири да качып кутула албайт, эч кимиси аман калбайт.+  2  Алар көргө* кирип кетишсе да,Сууруп чыгам. Асманга чыгып алышса да,Алып түшөм.  3  Кармелдин чокусуна чыгып, жашынып алышса да,Ошол жактан издеп таап, колго түшүрөм.+ Деңиздин түбүнө түшүп, бекинип алышса да,Жыланга буйрук берип, чактырам.  4  Душмандары туткундап кетишсе да,Кылычка буйрук берип, кырдырам.+ Аларды жакшылык эмес, жамандык кылыш үчүн карап турам.+  5  Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, колун тийгизгендиктен,Жер эрип жатат,+ анын тургундарынын баары боздойт;+Бул жер Мисирдеги Нилдей,Көтөрүлүп, кайра тынчыган Нилдей болот.+  6  „Ал асманга чыкканга тепкич салат,Жердин үстүнөн жаап турган курулма тургузат. Ал деңиздин суусун өзүнө чакырып,Аны кайра жер бетине төгөт.+ Анын ысмы — Жахаба“.+  7  „Ысрайыл эли, мен үчүн силер Куштун* элиндей эле болуп калган жоксуңарбы? — дейт Жахаба.— Мен Ысрайылды Мисир жеринен,+Пелиштиликтерди Криттен,+ сириялыктарды Кирден+ алып чыккан эмес белем?“  8  „Мен, Эгедер Теңир Жахаба, күнөөгө баткан падышалыкты көрүп турам,Аны жер үстүнөн жок кылам.+ Бирок Жакыптын урпактарын толугу менен жок кылбайм,+— дейт Жахаба.—  9  Мен буйрук берем да,Ысрайылдын урпактарын бүт элдердин арасына чачыратып жиберем.+ Аларды эгин элегендей элейм. Электен бир да таш жерге түшпөйт. 10  Ошондо элимдин арасындагы күнөөкөрлөрдүн,“Башыбызга алаамат түшпөйт, бизге чейин жетпейт”,— деп жүргөндөрдүн баары кылычтан өлөт“. 11  „Ошол күнү Дөөтүнүн кулаган үйүн* кайра тургузам,+Тешиктерин бүтөйм. Ураган жерлерин оңдоп,Тээ мурунку кезиндегидей кылып кайра курам.+ 12  Элим эдомдуктардын+ аман калгандарына,Менин ысмым менен аталган бардык элдерге ээлик кылышы үчүн ошентем“,— дейт ушуну кыла турган Жахаба. 13  „Мына, мындай күндөр келатат: Мол түшүм жыйналып бүткүчө, жер айдаган убак келет,Жүзүмдүн бай түшүмүн тебелеп бүткүчө, үрөн себе турган убак келет,+— дейт Жахаба.— Ошондо тоолордон таттуу шарап агат,+Бардык адырлардан агып түшөт.+ 14  Мен ысрайыл элимди туткундан алып келем.+ Алар ээн калган шаарларды кайра куруп, аларга отурукташат.+ Жүзүм отургузуп, шарабын ичишет.+ Бак отургузуп, мөмөсүн жешет“.+ 15  „Аларды өз жерине кайра тигем,Мен берген жерден алар экинчи жулунуп ташталбайт“,+— дейт Жахаба Кудайың».

Шилтемелер

Еврейче шеол. Сөздүктү кара.
Же: «Эфиопиянын».
Же: «чатырын».