Аюп 10:1—22

  • Аюп жообун улайт (1—22)

    • «Мага эмнеге каршы чыгып жатканыңды түшүндүр» (2)

    • Аюп өзүн, ажалдуу адамды, Кудайга салыштырат (4—12)

    • Бир аз эс алып алгысы келет (20)

10  Жашоого тоюп кеттим*.+ Ичимдеги арманымды төгөм,Өзөгүм өрттөнгөндүктөн сүйлөйм!  2  Кудайга мындай дейм: „Мени айыпка жыкпа. Мага эмнеге каршы чыгып жатканыңды түшүндүр.  3  Ыймансыздардын ой-максатына батаңды берип,Мени болсо эзгениңен,Өз колуң менен жаратканыңды+ жеригениңен сага эмне пайда?  4  Сенин көзүң адамдын көзүндөй беле? Же сен ажалдуу адам карагандай карайсыңбы?  5  Өмүр күндөрүң ажалдуу пенденикиндей саналуу элеби? Же жылдарың адамдыкындай кыска элеби?+  6  Анда эмнеге менден айып издеп,Күнөө тапканга аракет кылып жатасың?+  7  Сен менин жазыксыз экенимди билесиң;+Сенин колуңан мени эч ким куткара албайт.+  8  Мени өз колуң менен калыпка салып, жаратпадың беле,+Эми өзүң түп-тамырым менен жок кылганы жатасың.  9  Эстечи, мени ылайдан жасабадың беле,+Эми минтип кайра топуракка айландыргың келип жатат.+ 10  Мени сүт сыяктуу куйбадың беле,Быштак сыяктуу уютпадың беле. 11  Мага тери менен эт чаптап,Денемди сөөк, тарамыштар менен бириктирбедиң беле.+ 12  Өмүр берип, дайыма сүйүүңө бөлөп,Мени* коргоп, кам көрүп келбедиң беле.+ 13  Бирок мага ушундай жамандык кылууну жашыруун ойлоп жүрүптүрсүң. Мунун баарын сен кылып жатканыңды билем. 14  Эгер күнөө кылсам, анымды көрмөксүң,+Кылмышымды кечирбейт болчусуң. 15  Эгер айыбым болсо, шорумдун катканы! Атүгүл айыбым жок болсо да, башымды көтөргөнгө батынбайм,+Анткени аябай уят болдум, азапка малындым.+ 16  Баш көтөрсөм, мага арстандай кол саласың,+Кайрадан мага каршы күчүңдү колдоносуң. 17  Мага каршы жаңы күбөлөрдү алып келип жатасың,Каарың ого бетер кайнап,Башыма улам бир кырсык түшүп жатат. 18  Энемдин ичинен мени эмнеге чыгардың экен?+ Эч ким көрө электе эле өлүп калсам кана. 19  Ошондо эч качан болбогондой эле болмокмун,Жатындан түз эле көргө түшмөкмүн“. 20  Саналуу эле күндөрүм калбадыбы.+ Кудай мени жайыма койсун,Менден көзүн бурсун, бир аз эс алып алайын*.+ 21  Себеби жакында коюу караңгылык каптаган жерге кетем,+Кайра кайтып келбейм.+ 22  Көзгө сайса көрүнгүс караңгы жерге,Коюу караңгылык менен баш аламандыктын жерине,Ал тургай, жарык да караңгыдай болгон жайга кетем».

Шилтемелер

Же: «Жашоомдон жийиркенем».
Же: «Өмүрүмдү».
Же: «көңүлүм бир аз көтөрүлүп калсын».