Аюп 12:1—25
12 Буга Аюп мындай деди:
2 «И, ооба, силер билерман эмессиңерби,Силер өлсөңөр, акылмандык кошо өлөт!
3 Бирок менде деле билим бар.
Силерден кем эмесмин.
Силер айтканды ким билбейт экен?
4 Кудайга кайрылып, андан жооп күткөнүм үчүн+Жоро-жолдошторума шылдың болдум.+
Ооба, адил, кемчиликсиз киши шылдың болду.
5 Кайгысы жок киши башына мүшкүл түшкөндөрдү жектейт,Жамандыкка ага чейин эле кыйынчылык тартып жүргөндөр* гана кабылат деп ойлойт.
6 Талап-тоноочулар чатырында бейкут жашайт,+Кудайдын каарын кайнаткандар,Өз кудайларын колунда көтөрүп жүргөндөр коопсуз жашайт.+
7 Бирок айбанаттардан сурап көрчү, алар сени үйрөтөт,Асмандагы канаттуу куштарга кайрылып көрчү, сага айтып берет.
8 Же жерге назарыңды салчы*, ал үйрөтөт.
Деңиздеги балыктарга байкоо салчы, алар да айтып берет.
9 Мунун баарын Жахаба кылганынАлардын кайсынысы билбейт?
10 Ар бир тирүү жандын,Ар бир кишинин өмүрү* Кудайдын колунда.+
11 Сөздү айырмалаган кулак эмеспи?
Тамактын даамын сезип, айырмалаган тил* эмеспи?+
12 Даанышмандык карыларда,+Түшүнүк көп жашагандарда болбойбу?
13 Акылмандык менен күч-кубат,+Кеңеш менен түшүнүк Кудайда.+
14 Ал бир нерсени кыйратса, эч ким кайра кура албайт,+Ал жапкан нерсени бир да адам ача албайт.
15 Сууларды токтотсо, баары соолуп калат,+Коё берсе, жерди каптап калат.+
16 Күч-кубат менен акылмандык Кудайда,+Адашкан да, адаштырган да анын бийлиги астында.
17 Ал кеңешчилерди жылаңайлак калтырат*,Сотторду акылынан ажыратат.+
18 Адамдарды падышалар салган кишенден бошотот,+Ал эми падышаларга кулдун курун тагат.
19 Дин кызматчыларды жылаңайлак калтырат,+Бийлигин бекемдеп алгандарды кулатат.+
20 Ишеничтүү кеңешчилерди тилден калтырат,Карыяларды* акылмандыгынан ажыратат.
21 Аттуу-баштууларды жек көрүндү кылат,+Күчтүүлөрдү алсыратат.
22 Караңгылыкта жаткан жашыруун нерселерди ачыкка чыгарат,+Коюу караңгылыкты жарык кылат.
23 Элдерди улуу эл кылат да, кайра жок кылат,Жерин кеңейтет да, туткунга айдап жиберет.
24 Эл башчыларын акылмандыгынан ажыратат,Ошондо алар жолсуз ээн талаада каңгып калышат.+
25 Жарык тийбеген караңгы жерде+ сыйпалап басышат,Ал аларды мас кишидей темселетип коёт.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «буту бек турбагандар». Же: «буту тайгалангандар».
^ Же балким: «жер менен сүйлөшүп көрчү».
^ Же: «деми».
^ Сөзмө-сөз: «таңдай».
^ Же: «бардык нерсесинен ажыратат».
^ Же: «Аксакалдарды».