Аюп 13:1—28
13 Мына ушунун баарын өз көзүм менен көрүп,Өз кулагым менен уккам, бардыгын түшүнгөм.
2 Силер билгенди мен да билем,Силерден эч нерсем кем эмес.
3 Мен Кудурети Чексиз Кудайдын өзү менен сүйлөшкүм келет,Арыз-доомду ага айткым келет.+
4 Силер болсо мага жалаа жаап жатасыңар,Баарыңар тең эч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер.+
5 Андан көрө, ооз ачпай эле койсоңор кана!
Акылдуулугуңар ошол болмок.+
6 Айткан жүйөлөрүмө кулак салгылачы,Коргонуп айткан сөзүмө көңүл бургулачы.
7 Кудайды жакташ үчүн адилеттикке жатпаган нерселерди сүйлөйсүңөрбү?
Же аны жакташ үчүн калп айтасыңарбы?
8 Анын тарабын ээлейсиңерби?*
Сотто чыныгы Кудайды жактайсыңарбы?
9 Ал силерди текшерсе, силерге ыраазы болобу?+
Аны ажалдуу адамды алдагандай алдай аласыңарбы?
10 Тымызын эки жүздүүлүк кылсаңар,+Ал силерди сөзсүз айыптайт.
11 Анын улуулугу үрөйүңөрдү учурбайбы?
Силерди андан келген коркунуч баспайбы?
12 Акылдуу* сөздөрүңөр күл сыяктуу пайдасыз ылакаптардай,Коргонуп айткан сөздөрүңөр чоподон жасалган морт калканычтай.
13 Унчукпай тургула, мен сүйлөйүн.
Анан эмне болсом, ошол болом!
14 Эмнеге өзүмдү коркунучка кептеп,Өмүрүмдү тобокелге салып жатам?
15 Кудай мени өлтүрүп коюшу мүмкүн болсо да, баары бир андан үмүт үзмөк эмесмин.+
Анын алдында өзүмдү коргомокмун.
16 Ошондо ал мени куткармак,+Анткени бир да ыймансыз* анын алдына бара албайт.+
17 Сөзүмдү кунт коюп уккула,Айткандарыма кулак салгыла.
18 Мына, менин доо-арызым даяр,Меники туура экенин билем.
19 Мени менен ким талашат?
Эгер унчукпашым керек болсо, анда өлүп калмакмын*!
20 Сенден жашынбашым үчүн,Оо, Кудай, сенден эки нерсени гана тилейм, аткара көр:
21 Мага экинчи азап тарттырбачы*,Үрөйүмдү учурбачы.+
22 Сүйлө, мен жооп берейин,Же мен сүйлөйүн, сен жооп бер.
23 Айтчы, кандай кылмыш-күнөөм бар?
Айыбым менен күнөөм эмне экенин көрсөт.
24 Эмне үчүн менден жашынып,+Мени душманыңдай көрүп жатасың?+
25 Шамал учурган жалбыракты коркутуп-титиретесиңби?
Бир тал самандын артынан сая түшөсүңбү?
26 Сен мага оор айыптарды тагып, аларды жазып жатасың,Жаш кездеги күнөөлөрүм үчүн жоопко тартып жатасың.
27 Сен бутума кишен салдың,Баскан жолумдун баарын аңдып,Ар бир кадамымды текшерип турасың.
28 Ошон үчүн адам* чиринди сымал,Күбө жеген кийим сымал чирип жок болот.
Шилтемелер
^ Же: «Ага тартып коёсуңарбы?»
^ Же: «Эстен кеткис».
^ Же: «Кудайдын жолунан четтеген бир да киши».
^ Же балким: «Эгер кимдир бирөө мени менен талаша алса, анда унчукпайм да, өлөм».
^ Сөзмө-сөз: «Менден колуңду ал».
^ Сөзмө-сөз: «ал». Сыягы, Аюп.