Аюп 15:1—35

  • Элипаз экинчи жолу сүйлөйт (1—35)

    • Башкалардын Кудайдан коркпой калганына Аюпту күнөөлөйт (4)

    • Аюпту текебер кылып көрсөтөт (7—9)

    • Кудай периштелерине да ишене бербейт деп айтат (15)

    • Ким азап тартса, ошол ыймансыз деп айтат (20—24)

15  Ошондо темандык Элипаз+ мындай деди:  2  «Акылман жөнү жок сөз* менен жооп береби? Жүрөгүн куру ойлорго толтурабы?*  3  Куру сөз менен ашкерелегенден пайда жок,Маани-маңызы жок сөздөрдөн майнап чыкпайт.  4  Сенин айыңан башкалар Кудайдан коркпой калышты,Кудай жөнүндө ой жүгүртпөй калышты.  5  Анткени ушул сөздөрдү оозуңа күнөөң салып жатат*,Сен митаамдардын тили менен сүйлөп жатасың.  6  Сени мен эмес, өз оозуң айыптап жатат,Өз тилиң өзүңө каршы күбө болуп жатат.+  7  Эмне, адамдардын арасынан биринчи болуп төрөлдүң беле? Же адырлардан мурун туулдуң беле?  8  Эмне, Кудайдын купуя сырларын угуп жүрөсүңбү? Же өзүңдөн башка акылман жок деп ойлойсуңбу?  9  Биз билбеген эмнени билесиң?+ Биз түшүнбөгөн эмнени түшүнөсүң? 10  Арабызда ак чач карыялар,+Атаңан да улуу аксакалдар бар. 11  Сага Кудайдын жубатып жатканыЖе жумшак айтылган сөздөр аздык кылып жатабы? 12  Эмнеге сезимдерге алдырып жатасың? Эмнеге көзүңөн чаарың чыгып жатат? 13  Сен Кудайга каршы чыгып,Ушундай сөздөрдү айтканга батынып жатасың. 14  Ажалдуу пенде кантип таза болсун? Аялдан төрөлгөн киши кантип адил болсун?+ 15  Кудай керек болсо периштелерине* да ишене бербейт,Анын көз алдында асман да таза эмес.+ 16  Анда ал анын көз алдында бузулган, жийиркеничтүү адамга,+Ыймансыздыкты суудай ичкен пендеге ишенмек беле?! 17  Мен сүйлөйүн. Ук мени! Көргөнүмдү сага айтып берейин, 18  Акылмандар жашырбай айтып берген,+Аталарынан уккан нерселерди айтып берейин. 19  Аларга берилген жерде алар өздөрү гана жашашкан. Аларды бир да чоочун аралаган эмес. 20  Ыймансыз өмүр бою кыйналып өтөт,Бирөөнү эзген киши өмүрүнүн бардык жылдарында азап тартат. 21  Кулагына коркунучтуу дабыштар угулат,+Бейпил маалда ага талап-тоноочулар кол салат. 22  Ал каргашадан* качып кутуларына көзү жетпейт,+Аны кылыч күтүп турат. 23  „Каяктан нан табам?“ — деп темселеп жүрөт. Каргашалуу күндүн жакындап калганын жакшы билет. 24  Кырсык менен азап-кайгы үрөйүн учурат,Кол салганы даяр турган падышадай жүрөгүнүн үшүн алат. 25  Себеби ыймансыз киши колун көтөрүп, Кудайга каршы чыгат,Өзүн Кудурети Чексиз Кудайдан жогору койгусу келет; 26  Калың, бекем калканын алып,Өжөрлөнүп Кудайга каршы бет алат; 27  Анын бети чытырап турат,Белин май баскан; 28  Ал жер менен жексен боло турган шаарларда,Эч ким жашабай, ээн кала турган,Үймөк ташка айлана турган үйлөрдө жашайт. 29  Ал байыбайт, дүнүйөсү көбөйбөйт,Мал-мүлкү да жер бетине жайнабайт. 30  Каргашадан качып кутулбайт,Оттун жалынынан бутагы* куурап калган дарактай болот,Кудайдын оозунан чыккан демден кыйрайт.+ 31  Ал алданып, куру нерсеге ишенбесин,Анткени ошонун айынан куру нерсени гана алат. 32  Бул тез эле болот. Ошондо ал бутактары эч качан көгөрбөй турган дарактай болот.+ 33  Быша элек мөмөлөрүн силкип салган жүзүмдөй,Гүлүн күбүп таштаган зайтун дарагындай болот. 34  Ыймансыздардын* иши жемиш бербейт,+Паракорлордун чатырларын от жалмайт. 35  Алар жамандык кылууну ойлоп, кыянаттык кылышат,Жүрөгүндө бирөөнү алдоону ойлоп турушат».

Шилтемелер

Же: «курулай билим».
Сөзмө-сөз: «Курсагын чыгыш шамалына толтурабы?»
Же: «оозуңду кылмышың үйрөтүп жатат».
Сөзмө-сөз: «ыйыктарына».
Сөзмө-сөз: «караңгылыктан».
Б. а. айрылган нерсесине кайра ээ болом деген үмүтү.
Же: «Кудайдын жолунан четтеп кеткендердин».