Аюп 16:1—22
16 Буга Аюп мындай деди:
2 «Мен мындайдын далайын уккам,Баарыңар тең азабымды арбыткан сооротуучусуңар!+
3 Ушундай куру сөздөрдүн аягы болобу деги?
Эмнеге минтип сүйлөп жатасың*?
4 Эгер силер менин ордумда болсоңор,Мен деле силердей сүйлөй алмакмын.
Силерге кыйынсынып сүйлөп,Жактырбай башымды чайкап отура алмакмын.+
5 Бирок антмек эмесмин, кайра, сөзүм менен силерди кубаттап,Жылуу сөз айтып, жүгүңөрдү жеңилдетмекмин.+
6 Азыр болсо сүйлөсөм деле, азабым азайбайт,+Же унчукпай калсам эле, андан арылып калмак белем?
7 Кудай мени алсыратты,+Үйүмдөгүлөрдүн* баарын кыйратты.
8 Өзүмдү да бекем кармап алды, башкалар буга күбө,Арыктыгым өзүмө каршы күбө болуп жатат.
9 Кудай каары менен мени бырчалап, мага кастык кылып жатат.+
Мени көргөндө ачууланып, тишин кычыратат.
Душманым сымал мени теше тиктеп турат.+
10 Мени жутуп жибериш үчүн эл оозун араандай ачты,+Алар мени шылдыңдап, жаакка чаап жатат,Мага каршы көп болуп чогулуп жатышат.+
11 Кудай мени уландардын колуна салып берди,Ыймансыздардын алдына ыргытты.+
12 Тынч жашап жатканымда, капыстан жашоомду талкалады.+
Желкемен алып, таш-талканымды чыгарды,Мени бута кылып алды.
13 Анын жаачылары мени курчап алышты;+Ал бөйрөктөрүмдү+ аёосуз тешип,Өтүмдү жерге төгүп жатат.
14 Денемди дубал тешкендей тешип жатат,Жоокердей болуп мага атырылып келатат.
15 Таардан кийим тигип кийип,+Кадыр-баркымды* топуракка көмүп таштадым.+
16 Ыйлай берип бетим кызарды,+Көзүмдүн тегереги карарып калды*.
17 Бирок мен эч качан башкаларга зордук-зомбулук кылган эмесмин,Кудайдан да чын жүрөктөн тиленем.
18 Оо, жер, канымды жашырба!+
Зарлаган үнүм эч качан басылбасын!
19 Азыр деле асманда күнөөлүү эмес экенимди тастыктай ала турган бирөө бар,Жогоруда мени жактап-коргой турган бирөө бар.
20 Жоро-жолдошторум мени шылдыңдап жатат,+Мен болсо көз жашымды төгүп Кудайга кайрылып жатам*.+
21 Эки адамдын ишин териштирген калыстай болуп,Кимдир бирөө Кудай экөөбүздүн ортобуздагы ишти да териштирсин.+
22 Себеби саналуу эле жылдарым калды,Кайрылып келгис жакка кеткени турам.+
Шилтемелер
^ Элипазга кайрылып жатат.
^ Же: «Тегерегимдегилердин».
^ Же: «Күч-кубатымды». Сөзмө-сөз: «Мүйүзүмдү».
^ Же: «Көзүмдүн тегерегине өлүмдүн көлөкөсү түштү».
^ Же балким: «Көздөрүм болсо уйкудан калып, Кудайды карап турат».