Аюп 18:1—21
18 Шуахтык Билдат+ буга мындай деди:
2 «Сөзүңөрдү качан токтотосуңар*?
Иштин жайын түшүнсөңөр, андан кийин биз сүйлөшмөкпүз.
3 Эмнеге бизди макулук көрүп,+Акылсыз* деп эсептейсиңер?
4 Атүгүл ачууланып, өзүңдү тытмалап салсаң да,Сен каалаган үчүн эле жер ээн калабы?
Же аска ордунан козголобу?
5 Ыймансыздын жарыгы өчөрү,Оту жалындабай турганы анык.+
6 Анын чатырындагы жарык караңгылап,Чырагы да өчүп калат.
7 Күчү кетип, кадамынын арышы кыскарат,Өзүнүн ой-максаттарынан улам кулайт.+
8 Себеби өз буту өзүн торго түшүрөт,Анын жиптерине чырмалып калат.
9 Согончогу менен тузакка түшөт,Ал кылтакка илинет.+
10 Аны кармаш үчүн жерге сыйыртмак жашырылат,Баскан жолуна тузак коюлат.
11 Аны туш тарабынан коркунуч каптайт,+Сая түшүп артынан калбайт.
12 Күч-кубаты кетет,Кырсыктан+ улам теңселип* басып калат.
13 Бүт терисине оору жайылат,Дене боюн* жаман оору* мүлжүйт.
14 Аны коопсуз жеринен, чатырынан, алып чыгып,+Коркунучтар падышасына алып барышат*.
15 Анын чатырында башка бирөөлөр жашайт;Үйүнө күкүрт чачылат.+
16 Анын түбүндөгү тамыры солуп,Үстүндөгү шактары куурап калат.
17 Жер бетиндеги эл аны унутат,Көчөдө атын эч ким билбей калат.
18 Ал жарыктан караңгылыкка куулат,Берекелүү жерден кууп жиберилет.
19 Элинин арасында балдары да, урпактары да болбойт,Ал жашаган жерде* эч ким аман калбайт.
20 Ал ойрон болгон күнү батыштагы эл аң-таң болот,Чыгыштагы элдин үрөйү учат.
21 Мына, жамандык кылгандын чатыры,Кудайды тааныбагандын үйү ушундай болот».
Шилтемелер
^ Сыягы, бул жерде Билдат Аюп менен ага окшогондорго же ага боор ооругандарга кайрылып жатат.
^ Же балким: «Арам».
^ Же: «аксап».
^ Же: «Колу-бутун».
^ Сөзмө-сөз: «өлүмдүн туңгучу».
^ Б. а. коркунучтуу өлүм менен өлүшү үчүн алып барышат.
^ Же: «Убактылуу жашаган жеринде».