Аюп 19:1—29
19 Аюп мындай деди:
2 «Качанга чейин кыжырыма тийип,+Сөзүңөр менен таш-талканымды чыгара бересиңер?+
3 Ушуну менен канча жолу* мага катуу айттыңар*,Ушунча катаал мамиле жасагандан уялып да койбойсуңар.+
4 Эгер чындап ката кетирген болсом,Кесепетин өзүм тартам да.
5 Эгер ырас болду, ошону көрмөксүң деп,Өзүңөрдү менден өйдө көрө бере турган болсоңор,
6 Анда, билип койгула, мага адилетсиздикти Кудай өзү кылды*.
Мени аңчынын торуна түшүрдү.
7 „Мен кордолуп жатам!“ — деп кыйкырсам да, жооп жок,+Жардамга чакырсам да, мага эч ким болушпайт.+
8 Ал таш дубал менен жолумду бөгөдү, андан өтө албай жатам,Басчу жолдорума караңгылык каптатты.+
9 Мени жакшы атымдан ажыратты,Башымдагы таажыдай болгон кадыр-баркымды түшүрдү.
10 Кыйратып жок кылмайынча туш тарабыман сокку уруп жатат,Үмүтүмдү дарактай кылып тамыры менен жулуп салды.
11 Мага каарын кайнатып,Мени душман көрүп жатат.+
12 Анын аскерлери чогулуп, мени курчап алды,Чатырымдын тегерегине жайланышып алды.
13 Ал менден өз туугандарымды алыстатты,Мени билгендер мага далысын салды.+
14 Жакын жоро-жолдошторум* таштап кетти,Жакшы тааныган кишилерим мени унутту.+
15 Үйүмдөгү конокторум+ менен күңдөрүм мени чоочун бирөөдөй көрүшөт,Алар үчүн бөтөн жерликтей эле болуп калдым.
16 Кызматчымды чакырсам, жооп бербейт,Боор оорушун өтүнүп, ага жалынып-жалбарам.
17 Демимен аялым жийиркенип калды,+Каңырсыган жытыма өз бир туугандарым чыдабай калды.
18 Жадагалса жаш балдар да мени көзгө илбей калды,Мени көрөрү менен* шылдыңдай башташат.
19 Жакын досторумдун баарына жек көрүндү болдум,+Жакшы көргөн кишилерим да мага кас болду.+
20 Этим качып, терим сөөгүмө жабышып калды,+Өмүрүм кылдын учунда турат.
21 Мени аяп койсоңор боло, жоро-жолдоштор, деги аяп койсоңор боло,Мени Кудай өзү азап чектирди*.+
22 Кудайдай болуп, эмнеге силер да мени кыйноого салып,+Тынбай сокку уруп жатасыңар?+
23 Аттиң, сөздөрүм жазылып,Китепке түшүрүлсө кана!
24 Темир калем менен аска ташка чегилип,Үстүнө коргошун куюлуп, түбөлүккө калса кана!
25 Мен жакшы билем, куткаруучум*+ бар,Ал кийинчерээк келет да, жердин үстүнө* турат.
26 Минтип терим чирип бүткөндөн кийин деле,Тирүү калып, Кудайды көрөм.
27 Аны өзүм көрөм,Башка бирөөнүн көзү эмес, өз көзүм көрөт.+
Ошентсе да жан дүйнөм жабыркап турат*.
28 Себеби кептин баары менде болгонсуп,Силер: „Муну эмне кылып кыйноого салып жатыптырбыз?“+ — дейсиңер.
29 Кылычтан өзүңөр корккула,+Себеби күнөө кылсаңар, кылыч менен жазаланасыңар.
Билип койгула, жазалай турган сот бар».+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «он жолу».
^ Же: «мени кордодуңар».
^ Же: «мени Кудай адаштырды».
^ Же: «Тууган-туушкандарым».
^ Сөзмө-сөз: «Ордуман турганда».
^ Сөзмө-сөз: «Мага Кудайдын колу тийди».
^ Же: «кунумду төлөөчү».
^ Сөзмө-сөз: «топурактын үстүнө».
^ Же: «бөйрөктөрүм жарабай калды».