Аюп 2:1—13
2 Кийинчерээк дагы бир күнү периштелер*+ Жахабанын алдына чогулушту.+ Шайтан да келип, алар менен кошо Жахабанын алдына турду.+
2 Анан Жахаба Шайтандан: «Кайдан келдиң?» — деп сурады. Шайтан Жахабага: «Жер жүзүн кыдырып, айланып чыктым»,— деп жооп берди.+
3 Ошондо Жахаба ага: «Аюп деген кызматчыма көңүл бурдуңбу? Жер жүзүндө андай адам жок. Ал — түз жүргөн, кынтыксыз*,+ Кудайдан корккон, жаман иштен алыс жүргөн киши. Аны себепсиз эле жок кылышымды көздөп, мени ага каршы тукуруп жатсаң да,+ ал ушу кезге чейин мага болгон берилгендигинен жазган жок»,+— деди.
4 Шайтан болсо Жахабага: «Ар бир адам өз жанын ойлойт*. Өмүрүн сактап калыш үчүн ал колунда болгондун баарын берет.
5 Ошон үчүн эми* денесине зыян келтирип көрчү, сени ачык эле каргайт»,— деди.+
6 Ошондо Жахаба Шайтанга: «Мына, ал сенин колуңда. Болгону, жанын кыйба!» — деди.
7 Ошентип, Шайтан Жахабанын алдынан кетти да, Аюптун таманынан төбөсүнө чейин жан сыздаткан жара+ каптатты.
8 Аюп денесин карапанын сыныгы менен кырып, күлдүн үстүндө отурчу.+
9 Ошондо аялы ага: «Дагы деле Кудай деп жатасыңбы*?! Андан көрө, Кудайды каргап туруп, өлүп эле калбайсыңбы!» — деди.
10 Бирок ал аялына: «Акылсыз немедей сүйлөйсүң да. Биз Кудайдан жакшылыкты гана кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коёбузбу?»+ — деди. Ушулардын баарына карабай, Аюп тили менен күнөөгө баткан жок.+
11 Аюптун башына кандай балээ түшкөнүн темандык Элипаз,+ шуахтык*+ Билдат,+ нааматтык Сопар+ деген 3 жолдошу* укту. Анан ар бири өз жеринен чыгып, жолугушту да, Аюпка көңүл айтып, аны жубатканы бармакчы болушту.
12 Ал жакка барганда Аюпту алыстан көрүп, таанышкан жок. Анан өкүрүп ыйлап, ар бири кийимин айрып, башына топурак чачты.+
13 Үчөө 7 күн, 7 түн аны менен чогуу отуруп, бири да лам деп ооз ачкан жок, анткени Аюптун кайгысы канчалык оор экенин көрүп турушту.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «чыныгы Кудайдын уулдары».
^ Же: «Кудайга берилген».
^ Сөзмө-сөз: «тери үчүн тери».
^ Же: «Ошон үчүн эми колуңду сунуп».
^ Же: «Кудайга болгон берилгендигиңден жаза элексиңби».
^ Же: «Шуахтын тукумунан болгон».
^ Же: «таанышы».