Аюп 22:1—30

  • Элипаз үчүнчү жолу сүйлөйт (1—30)

    • «Адамдан Кудайга эмне пайда?» (2, 3)

    • Аюпту ач көз, адилетсиз адам кылып көрсөтөт (6—9)

    • Аны «Кудайга кайрылып келгенге» чакырат (23)

22  Ошондо темандык Элипаз+ мындай деди:  2  «Адамдан Кудайга эмне пайда,Атүгүл акылман адамдан ага кандай пайда бар?+  3  Сенин адил болгонуң Кудурети Чексиз Кудай үчүн баары бир эмеспи?* Же ал кынтыксыз болгонуңдан* пайда көрөбү?+  4  Ал сени аны урматтаганың үчүн айыптап,Ошол үчүн сени менен соттошобу?  5  Ал сени кыянат иштериңдин көптүгүнөн,Кылмыштарың эсепсиз болгондуктан жазалап жүрбөсүн?+  6  Сен элден жөн жерден эле күрөө аласың,Кийимин сыйрып алып, жылаңач калтырасың.+  7  Чарчап-чаалыкканга суу бербейсиң,Ачка калгандан наныңды аяйсың.+  8  Жердин баары сен сыяктуу күч-кубаттуу кишилерге таандык,+Анда беделдүүлөр гана жашайт.  9  Сен жесирлерди куру кол кетирчүсүң,Атасыз жетимдерди кордочусуң. 10  Ошон үчүн туш тарабыңа тузак коюлду,+Сени капысынан коркунуч басты, 11  Караңгылык басып, эч нерсе көрбөй калдың,Ташкындаган суунун астында калдың. 12  Кудай тээ жогоруда, асманда эмеспи? Жылдыздардын да канчалык бийикте экенин карачы. 13  Сен болсо: „Кудай жерде эмне болуп жатканын билет дейсиңби? Ал коюу караңгылыктын артында туруп соттой алабы? 14  Аны булуттар жаап турат,Ал асмандын кыйырында басып жүргөндө бизди көрбөйт“,— дейсиң. 15  Сен ыймансыздар жүргөн байыркы жолго түшөсүңбү? 16  Алар пайдубалын сел алып кеткен үйгө окшоп,Мезгилсиз өлүмгө дуушар болгон адамдар.+ 17  Алар — чыныгы Кудайга: „Бизди жайыбызга кой! Кудурети Чексиз Кудай бизге эмне кыла алат?“ — дегендер. 18  Ошентсе да Кудай алардын үйлөрүн мүлккө толтурган. (Мен алардай ойлонмок эмесмин, антип айтмак эмесмин.) 19  Адил адамдар алардын ойрон болгонун көрүп кубанат,Айыпсыздар аларды шылдыңдап күлүп: 20  „Душмандарыбыз кырылды,Эми алардан калганды от жалмайт“,— дейт. 21  Кудайды таанып-бил, ошондо аны менен тынчтыкта болосуң,Ошондой эле жакшылык көрөсүң. 22  Анын оозунан чыккан акыл-насаатты кабыл ал,Айткандарын жүрөгүңө түйүп ал.+ 23  Эгер Кудурети Чексиз Кудайга кайрылып келсең,Кайрадан гүлдөйсүң.+ Эгер чатырыңдан ыймансыздыкты жок кылсаң, 24  Алтыныңды* жерге,Опир+ алтынын таштуу сайга* ыргытсаң, 25  Кудурети Чексиз Кудай сенин алтының,Тандамал күмүшүң болот. 26  Ошондо кубанычыңдын булагы Кудурети Чексиз Кудай болот,Башыңды көтөрүп, ага коркпой кайрыласың. 27  Ага жалынып-жалбарасың, ал болсо үнүңдү угат;Берген анттарыңды аткарасың. 28  Ой-максаттарың орундалат,Жолуңа жарык чачылат. 29  Ал эми текебердене сүйлөсөң, басынтыласың. Анткени Кудай момунду* куткарат. 30  Ал айыпсыздарды аман алып калат,Колуң таза болсо, сени да сөзсүз куткарат».

Шилтемелер

Же: «адил болгонуңдан Кудурети Чексиз Кудай рахат алабы?»
Же: «ага болгон берилгендигиңден».
Же: «Уюган табигый алтыныңды».
Же: «өзөнгө».
Же: «жер караган кишини».