Аюп 25:1—6

  • Билдат үчүнчү жолу сүйлөйт (1—6)

    • «Пенде Кудайдын алдында кантип адил боло алсын?» (4)

    • Кынтыксыз болгондун пайдасы жок дейт (5, 6)

25  Ошондо шуахтык Билдат+ мындай деди:  2  «Кудайда бийлик да, сестентерлик күч-кубат да бар,Ал асманга тынчтык орнотот.  3  Анын кошуундарына сан жетеби? Анын жарыгы кимге тийбейт?  4  Демек, ажалдуу пенде Кудайдын алдында кантип адил боло алсын,+Же аялдан төрөлгөн киши кантип айыпсыз* боло алсын?+  5  Анын көз алдында жадагалса ай да жарык эмес,Жылдыздар да таза эмес.  6  Анда курт сыяктуу эле болгон ажалдуу адам жөнүндө,Сөөлжандай эле болгон адам баласы жөнүндө эмне дешке болот?»

Шилтемелер

Же: «таза».