Аюп 30:1—31

  • Аюп жашоосу кандай өзгөргөнүн айтат (1—31)

    • Киши катарына кирбеген адамдар шылдыңдап жатат (1—15)

    • Кудай жардам бербей жаткандай сезилет (20, 21)

    • «Терим карарды» (30)

30  Эми минтип өзүмөн кичүүлөргө күлкү болуп отурам,+Мен алардын аталарын малымды кайтарган иттердин жанына да жолотпойт болчумун.  2  Алардын күч-кубатынын мага пайдасы тийди беле? Азыр болсо алардын алы-күчү жок.  3  Алар жокчулуктан, ачарчылыктан алсырап калышкан;Кыйрап, ээн калган жерден,Какшыган жерден тапканын кемиришет.  4  Туздуу бадалдын жалбырактарын терип жешет,Бадалдын тамыры менен азыктанышат.  5  Эл аларды бөлүп, кууп жиберет,+Ууруга кыйкыргандай кыйкырышат.  6  Алар капчыгайлардын* боорунда,Чуңкурлар менен аскалардын арасында күн өткөрүшөт.  7  Бадалдардын арасында боздошот,Чалкандын арасына корголоп, бири-бирине жабышып отурушат.  8  Алар — акылсыздардын, санда жок адамдардын уулдары,Өз жеринен куулгандар.  9  Эми ошолор мени шылдыңдап ырдап жатышат;+Мени маскаралап жатышат.+ 10  Мени жек көрүп, жакын жолобой калышты,+Бетиме түкүргөндөн да кайра тартышпайт.+ 11  Анткени Кудай мени коргонучу жок калтырды, басмырлады. Ошон үчүн алар ооздугун коё берип, мага каалаганын кылып жатышат. 12  Алар оң капталыман топ болуп чыгышты,Мени качканга мажбур кылышты,Кыйратыш үчүн жолума бөгөт коюшту. 13  Жолумду талкалап,Азабымды арбытышты,+Аларды тыяр эч ким жок*. 14  Алар дубалдагы чоң тешиктен киргендей кирип келишет,Кыйраган жерге жулкунуп кирип келишет. 15  Мени коркунуч бийлеп алды,Кадыр-баркымды шамал учуруп кетти,Куткарылам деген үмүтүм булуттай тарап кетти. 16  Эми минтип өмүрүм өчүп барат,+Ар бир күнүм азап менен өтүп жатат.+ 17  Түнкүсүн сөөктөрүм тешилгендей сыздап ооруйт,+Жанга баткан оорум жанымды жай алдырбайт.+ 18  Кийимимдин тамтыгы чыкты*,Көйнөктүн тар жакасындай мени муунтуп жатат. 19  Кудай мени баткакка ыргытты,Мен күл менен топурактай болуп калдым. 20  Оо, Кудай, жалбарып жардам сурасам, жооп бербейсиң,+Мен алдыңда турам, сен болсо мени жөн эле карап турасың. 21  Сен мага таш боордук кылдың,+Болгон күчүң менен мага сокку уруп жатасың. 22  Мени өйдө көтөрүп, шамалга учуруп жибересиң,Катуу шамал менен нары-бери учурасың*. 23  Мени өлүмгө алып баратканыңды,Тирүүлөрдүн баары акыры барчу үйгө алып баратканыңды билем. 24  Бирок башына мүшкүл түшүп, жардам сурап зарлаган,Бүк түшүп калган адамды эч ким урбайт эмеспи.+ 25  Мен кыйналып жаткандарды ойлоп ыйлачу эмес белем? Кембагалды ойлоп жаным кейичү эмес беле?+ 26  Жакшылыкка үмүттөндүм эле, бирок жамандык келди. Жарыкты күткөн элем, бирок караңгылыкка кабылдым. 27  Ичим уйгу-туйгу болуп, тынчыбай жатат,Башыма азаптуу күндөр түштү. 28  Кабагым бүркөлүп,+ күндүн нурун көрбөй жүрөм. Жыйында ордуман туруп, жардам сурап жатам. 29  Мен чөөлөрдүн бир тууганындай,Төө куштардын* досундай эле болуп калдым.+ 30  Терим карарып, сыйрылып түштү,+Ысыктан* сөөктөрүм күйүп жатат. 31  Арфам күйүт тарткандарды коштоп туруш үчүн гана чертилип,Чоорум боздогондорду коштоп туруш үчүн гана тартылып калды.

Шилтемелер

Же: «сайлардын».
Же балким: «Аларга жардам берген эч ким жок».
Же балким: «Тарткан азабымдан кебетем кетти».
Же балким: «Катуу шамал менен сокку уруп, таш-талканымды чыгарасың».
Сөзмө-сөз: «Төө куштун кыздарынын».
Же балким: «Дене табымдан».