Аюп 34:1—37
34 Элиху сөзүн мындай деп улады:
2 «Акылдуулар, сөзүмдү уккула,Билимдүүлөр, мага кулак салгыла.
3 Тил* тамактын даамын сезип, айырмалагандай,Сөздү кулак айырмалайт.
4 Келгиле, эмне туура экенин өзүбүз үчүн аныктап алалы,Эмне жакшы экенин өз ара чечип алалы.
5 Себеби Аюп: „Мен акмын,+Кудай болсо мага адилеттүүлүк кылбай жатат.+
6 Же эмне, адилеттүү өкүм чыгарылышына татыктуу эмесмин деп жалган айтайынбы?
Эч кандай күнөө кылбасам да, жараатым айыкпай жатат“,— деди.+
7 Шылдыңды суудай ичкен Аюптай адам барбы?
8 Ал кыянатчылдардай эле,Ыймансыздардай эле болуп калды.+
9 Себеби: „Адам Кудайга жакканга аракет кылса да,Андан өзүнө пайда жок“,— деди.+
10 Ошондуктан, акыл-эстүүлөр, мени уккула:
Чыныгы Кудай жамандык кылышы,+Кудурети Чексиз Кудай туура эмес иш кылышы мүмкүн эмес!+
11 Анткени ал пендесине иштерине жараша сыйлык берет,+Жүргөн жолуна жараша тиешесин берет.
12 Ооба, Кудай жамандык кылбайт,+Кудурети Чексиз Кудай акыйкаттыкты бурмалабайт.+
13 Ага жерди башкарганга ким бийлик берген?
Аны бүт дүйнө жүзүнө бийлик кылганга ким койгон?
14 Эгер ал адамдардын иштерине көңүл топтосо,Алардын өмүрү менен демин алып койсо,+
15 Анда бүт адамзат жок болуп кетмек,Адам баласы топуракка айланмак.+
16 Ошон үчүн түшүнүгүңүз болсо, кулак салыңыз,Сөздөрүмдү кунт коюп угуңуз.
17 Адилеттүүлүктү жек көргөн бийлик кылмак беле?
Же адил башкаруучуну айыптайсызбы?
18 Падышага: „Эч нерсеге жарабаган кишисиң“,Же аттуу-баштууларга: „Силер ыймансызсыңар“,— дей аласызбы?+
19 Кудай төрөлөрдү башкалардан өйдө көрбөйт,Байды жакырдан* артык көрбөйт,+Себеби алардын баары өзүнүн колунан бүткөн.+
20 Алар капыстан эле,+ түн жарымда+ өлүп калышы мүмкүн,Катуу калтырак басып, көз жумушат,Атүгүл күчтүү кишилер да киши колдуу болбой эле жок болушат.+
21 Анткени Кудай адамдын иштерине көңүл бурат,+Бардык кадамын көрүп турат.
22 Күнөө кылып жүргөндөр жашына алгыдайКараңгылык да, коюу түн да жок.+
23 Адам соттолгону алдына келиши үчүн,Кудай ага убакыт белгилебейт.
24 Ал бийлиги барларды жок кылып,Ордуна башкаларды коёт.+
Аларды ишин териштирбей туруп эле жок кылат.
25 Себеби алардын иштерин билет,+Аларды түн ичинде кыйроого учуратат, тыптыйпыл кылат.+
26 Ыймансыздык кылышканы үчүн,Аларды баарынын көзүнчө талкалайт,+
27 Себеби алар Кудайдын жолу менен жүрбөй,+Анын кылган иштеринин бирине да маани бербей калышкан.+
28 Ошонун айынан жакырлар Кудайга зарлашат,Ал болсо бей-бечаралардын муң-зарын угат.+
29 Кудай унчукпай койгондо, аны ким айыптай алат?
Жүзүн жашырганда, аны ким көрө алат?
Бүт элден жашырабы же бир адамданбы, айырмасы жок:
30 Ал муну ыймансыз* киши бийлик жүргүзбөшү үчүн,+Элге тузак койбошу үчүн кылат.
31 Кимдир бирөө Кудайга:
„Эч жаман иш кылбасам да, жазаланып жатам;+
32 Байкабай калган нерсем болсо, айт,Эгер туура эмес иш кылган болсом, аны кайталабайм“,— деп айта алабы?
33 Сиз анын өкүмүн четке кагып жатсаңыз,Ал сизге каалаганыңыздай сыйлык бериши керекпи?
Эмне кылышты, мен эмес, өзүңүз чечесиз.
Кана, билгениңизди айтыңыз.
34 Түшүнүгү терең адамдар да,Мени уккан даанышман да мага:
35 „Эмне деп жатканын Аюп өзү билбейт,+Сөздөрүнөн эч нерсени түшүнбөй турганы көрүнүп турат“,— дейт.
36 Ыймансыздардай болуп жооп кайтарганы үчүн,Аюп толук сыналса экен*!
37 Күнөө кылгандан тышкары, ал Кудайга каршы чыгып жатат,+Көз алдыбызда бизди мазактап алакан чаап,Чыныгы Кудайга каршы көп сөз сүйлөп жатат!»+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Таңдай».
^ Же: «Тектүүнү карапайымдан».
^ Же: «Кудай жолунан четтеген».
^ Же балким: «Ата, Аюп толук сыналса экен».