Аюп 36:1—33

  • Элиху Кудайдын акыл жеткис улуулугун даңазалайт (1—33)

    • Баш ийгендер гүлдөп-өсүшөт; ыймансыздар кылычтан өлүшөт (11—13)

    • Кудайдай насаатчы барбы? (22)

    • Аюптун Кудайды даңктаганы туура (24)

    • «Кудайдын улуулугу акыл жеткис» (26)

    • Кудай жамгыр менен чагылганды башкарат (27—33)

36  Элиху сөзүн мындай деп улады:  2  «Дагы бир аз чыдай туруңуз, сизге түшүндүрүп берейин,Себеби Кудайды коргоп айтар дагы сөзүм бар.  3  Билгенимди майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем,Жаратканымдын адилдигин жарыялайм.+  4  Менин сөздөрүм жалган эмес,Алар — билими+ жеткилеңдин* сөздөрү.  5  Ооба, Кудай кудуреттүү,+ ал эч кимди четке какпайт,Анын түшүнүгүнө чек жок.  6  Ал ыймансыздардын жанын сактап калбайт,+Азап чеккендер үчүн болсо адилеттикти орнотот.+  7  Адил адамдардан көзүн албайт,+Аларды падышалардын тагына отургузуп*,+ түбөлүккө зоболосун көтөрөт.  8  Эгер адил адамдар күнөө кылып, ошон үчүн кармалып, байланса,Кишенделип азап тартса,  9  Кудай алардын эмнени туура эмес кылышканын,Бой көтөрүп кеткендиктен күнөө кылышканын ачып берет. 10  Акыл-насаатты угушу үчүн, алардын кулагын ачат,Жаман иштен баш тарткыла деп айтат.+ 11  Эгер алар баш ийип, ага кызмат кылышса,Анда өркүндөп-өсүп,Өмүрүн жыргалчылыкта өткөрүшөт.+ 12  Ал эми баш ийбесе, кылычтан* өлүшөт,+Билими жок бойдон өтүп кетишет. 13  Ыймансыздар* көкүрөгүнө ыза сакташат. Алар атүгүл Кудай жазалаганда да жардам сурашпайт. 14  Алар жашоосун ибадаткана сойкусу* болгон эркектердин арасында өткөрүп*,+Жаш кезинде эле өлүшөт.+ 15  Бирок Кудай эзилгендерди башына түшкөн мүшкүлдөн арылтат,Кысым көрсөтүлгөндө алардын кулагын ачып, акыл-насаатын айтат. 16  Сизди азап-кайгынын чеңгелинен куткарып,+Эч кандай кысымчылык жок, коопсуз жерге алып чыгат,+Сооротуш үчүн дасторконуңузду чүйгүн тамакка толтурат.+ 17  Ошондо ыймансызга чыгарылган өкүмгө канааттанасыз,+Өкүм жүзөгө ашырылып, адилеттик орногондо сүйүнөсүз. 18  Бирок сак болуңуз: каарданып отуруп аны табалап кирбеңиз,+Чоң парага азгырылып түз жолдон чыгып кетпеңиз. 19  Болбосо жардам сурап зарлаганыңызда,Далбас уруп аракет кылганыңызда,Кыйынчылыктан куткарылмак белеңиз?+ 20  Адамдар күтүлбөгөн жерден жок боло турган маалды,Түнкү маалды самабаңыз. 21  Туура эмес иш кылгандан сак болуңуз,Андан көрө, азап чеккениңиз жакшы.+ 22  Кудайдын кудурети күчтүү;Андай насаатчы барбы? 23  Ага эмне кылышты ким айтты эле*?+ Же: „Туура эмес кылдың“,— деп ким айтты эле?+ 24  Анын иштерин,+Эл ырдап жүргөн иштерин даңазалаганды унутпаңыз.+ 25  Аларды бүт адамзат көргөн,Ажалдуу адам аларды алыстан карап турат. 26  Ооба, Кудайдын улуулугу акыл жеткис,+Жашаган жылдары эсеп жеткис*.+ 27  Ал суу тамчыларын бууга айлантып, жогору көтөрөт,+Анан буу жамгырга айланат. 28  Ошондо булуттардан суу төгүлүп,+Адамзатка жамгыр нөшөрлөйт. 29  Булут катмарлары кандайча жараларын,Кудайдын чатырынан угулган күн күркүрөө кантип пайда болорун ким түшүнө алат?+ 30  Ал булут үстүнөн чагылганын кантип жаркылдатарын,+Деңиздин түбүн суу менен кантип жашырарын караңызчы. 31  Ушинтип ал элдерге кам көрөт*,Тамак-ашты мол берет.+ 32  Ал чагылганды колуна кармайт,Аны түшүшү керек болгон жерге багыттайт.+ 33  Анын күндү күркүрөткөнү ал жөнүндө жар салат,Атүгүл мал да кимдин* жакындап келатканын кабарлайт.

Шилтемелер

Кудай жөнүндө сөз жүрүп жатат.
Же балким: «Падышаларды такка отургузуп».
Же: «куралдан».
Же: «Кудайдын жолунан четтеп кеткендер».
Андай сойкулар жалган кудайларга сыйынганда сойкулук кылган эркектер же аялдар болушкан.
Же балким: «Алардын жашоосу ибадаткана сойкусу болгон эркектердин арасында аяктап».
Же балким: «Аны кылган иштери үчүн ким сындады эле; жоопко тартты эле».
Же: «Жашаган жылдарын эч ким биле албайт».
Же балким: «элдерди сотто коргойт».
Же балким: «эмненин».