Аюп 37:1—24

  • Жаратылыш күчтөрү Кудайдын улуулугунан кабар берет (1—24)

    • Кудай адамдардын иштерин токтотуп коё алат (7)

    • «Кудайдын кереметтүү иштери жөнүндө ойлонуп көрүңүз» (14)

    • «Кудай жөнүндө баарын түшүнгөнгө акылыбыз жетпейт» (23)

    • Адам өзүн акылдуу эсептебеши керек (24)

37  Ушуну ойлогондо жүрөгүм дүкүлдөп,Кабынан чыгып кетейин деп жатат.  2  Кудайдын жер жаңырткан добушуна,Оозунан чыккан күндүн күркүрөгөнүнө окшогон үнүнө кулак салгыла.  3  Ал күндүн күркүрөгөнүн бүт асман астында жаңыртып,Чагылганын+ жердин учу-кыйырына жиберет.  4  Андан соң күркүрөгөн үн угулат,Кудай катуу үн менен күркүрөйт,+Үнү угулуп жатканда, чагылган артынан чагылган чартылдайт.  5  Кудайдын үнүнүн+ күркүрөгөнү керемет,Жасаган иштери улуу, акыл жеткис.+  6  Ал карга: „Жерге жаа“,— дейт,+Нөшөргө: „Чакалап төк“,— дейт.+  7  Ар бир ажалдуу пенде Кудайдын иштерин билиши үчүн,Ал адамдардын бардык иштерин токтотуп коёт.  8  Жапайы жаныбарлар ийинине кирип,Ошол жактан чыкпай жатышат.  9  Катуу шамал өзү сакталып турган жайдан согот,+Түндүк шамалдары менен кошо суук келет.+ 10  Кудайдын деминен муз жаралат,+Суулар тоңуп калат.+ 11  Ооба, ал булуттарды нымга толтурат;Алардын арасынан чагылганын жаркылдатат.+ 12  Кудай кайсы жакка багыттаса, булуттар уюлгуп ошол жерге чогулат;Алар жер үстүндө анын бардык буйруктарын аткарат.+ 13  Кудай булуттарды колдонуп+ адамдарды жазалайт же жерди сугарат,Же алар аркылуу сүйүүсүн* көрсөтөт.+ 14  Буга кулак салыңыз, Аюп;Бир саамга токтоп, Кудайдын кереметтүү иштери жөнүндө ойлонуп көрүңүз.+ 15  Кудай булуттарды кантип башкарарын*,Алардын арасынан чагылганды кантип жаркылдатарын билесизби? 16  Булуттардын кантип калкып жүрөрүн билесизби?+ Булар — билими жеткилең Кудайдын кереметтүү иштери.+ 17  Түштүктөн соккон желден+ улам жер бети тынчып калганда,Кийимиңиз эмнеге ысып кетет? 18  Ал асманды темир күзгүдөй катуу кылып жайган*,+Сиз да ушинте аласызбы? 19  Айтыңызчы, ага эмне деп айтышыбыз керек? Түшүнбөгөн нерселерибиз ушунчалык көп болгондуктан, биз ага жооп бере албайбыз. 20  Кудай менен сүйлөшкүм келери ага кабарланышы керекпи? Ким ага көңүл бурушуна арзый тургандай маанилүү сөз айтты эле?+ 21  Асман жаркырап турса да,Шамал согуп, булуттарды айдамайынча,Адамдар атүгүл күндүн жарыгын көрбөйт. 22  Түндүктөн алтын сымал жаркырак келет,Кудайдын улуулугу+ сестентет. 23  Кудурети Чексиз Кудай жөнүндө баарын түшүнгөнгө акылыбыз жетпейт;+Анын кудурети күчтүү,+Ал акыйкаттыгы+ менен адилдигинен*+ эч качан жазбайт. 24  Ошондуктан адамдар андан коркушсун;+Себеби ал өзүн акылдуу эсептегендердин бирин да жактырбайт».+

Шилтемелер

Же: «туруктуу сүйүүсүн».
Же: «булуттарга кантип буйрук берерин».
Же: «соккон».
Же: «улуу адилдигинен».