Аюп 38:1—41

  • Жахаба адамдын болгону пенде эле экенин көрсөтөт (1—41)

    • «Жердин пайдубалын тургузганда, сен кайда элең?» (4—6)

    • «Кудайдын уулдарынын баары салтанаттуу үн салышкан» (7)

    • Табият кубулуштары тууралуу суроолор (8—32)

    • «Асмандагы нерселерди башкарган мыйзамдар» (33)

38  Анан Жахаба катуу шамалдын ичинен+ Аюпка жооп иретинде мындай деди:  2  «Чечимдеримди талашка салып жаткан,Эч нерсе билбей туруп сүйлөп жаткан бул ким?+  3  Эми эркектей болуп белиңди бекем буу,Сага суроо берейин, жооп берчи.  4  Мен жердин пайдубалын тургузганда, сен кайда элең?+ Эгер билем деп ойлосоң, айтчы.  5  Эгер билсең, айтчы, жердин чен-өлчөмүн ким белгилеген,Үстүнөн ченегич жипти тартып ким өлчөгөн?  6  Анын пайдубалы эмнеге орнотулган,Бурчуна негизги ташты ким койгон?+  7  Таңкы жылдыздардын+ баары бирге шаттана кыйкырганда,Кудайдын уулдарынын*+ баары салтанаттуу үн салганда, сен кайда элең?  8  Деңиз жатынды жарып чыккандай жулунганда,Дарбаза менен аны ким тоскон?+  9  Мен ага булутту кийим кылып кийгизгенде,Аны коюу караңгылык менен орогондо, 10  Ага чек койгондо,Эшиктери менен бекиткичтерин орноткондо,+ 11  „Ушул жерге чейин келесиң, мындан ашпайсың. Ээ-жаа бербеген текебер толкундарың ушул жерден токтосун“,— дегенде, сен кайда элең?+ 12  Өмүрүңдө таңга буйрук берип көрдүң беле,Таң шооласына ордун көрсөттүң беле?+ 13  Жердин учу-кыйырына барып,Ыймансыздарды күбүп ташта деп таңга сен айттың беле?+ 14  Мөөр басылганда чопо өзгөргөндөй, жарык тийгенде, жер жүзү өзгөрөт,Жердин бети көрктөнүп, кооз кийимдей көрүнөт. 15  Бирок ыймансыздар жарыгынан айрылат,Алардын ыймансыз иштери соңуна чыгат. 16  Сен деңиз башаттарына чейин түшүп бардың беле? Терең сууларды изилдедиң беле?+ 17  Өлгөндөр жаткан жайдын дарбазаларын,+Көзгө сайса көрүнгүс караңгы жердин дарбазаларын* көрдүң беле?+ 18  Жердин канчалык кең экенин түшүнөсүңбү?+ Ушунун баарын билсең, айтчы. 19  Жарыктын турагы кайда?+ Түндүн түнөгү кайда? 20  Аларды жашаган жерине жеткире аласыңбы? Үйүнө кеткен жолдорду биле аласыңбы? 21  Ушунун бардыгын билгидей,Мен баарын жаратып жатканда эле төрөлдүң беле? Ушунчалык көп жашадың беле? 22  Кар сакталган кампаларга кирип көрдүң беле?+ Мөндүр сакталган кампаларды көрдүң беле?+ 23  Мен аларды алаамат маалына,Салгылаш менен согуш күнүнө сактап турам.+ 24  Айтчы, жарык* кайсы жактан тарайт? Чыгыш шамалы жер бетине кай тараптан согот?+ 25  Нөшөргө жол салган,Чагылгандуу кара булутка жол ачкан ким?+ 26  Ошентип адам баласы жашабаган жерге,Пенде отурукташпаган чөлгө жамгыр төктүргөн,+ 27  Бүлгүнгө учураган ээн жерлерди сугарып,Чөп өстүргөн ким?+ 28  Жаандын атасы барбы?+ Шүүдүрүмдүн атасы ким?+ 29  Музду жарык дүйнөгө алып келген ким? Асмандан түшкөн кыроону төрөгөн ким?+ 30  Ошентип суулардын бетин таштай кылып койгон,Терең суулардын бетин катуу кылып тоңдуруп койгон ким?+ 31  Кима топ жылдызынын* аркандарын түйүн кылып байлай аласыңбы,Же Кесил топ жылдызынын* боолорун чече аласыңбы?+ 32  Топ жылдызды* өз маалында чыгара аласыңбы,Аш топ жылдызын* балдары менен жетектей аласыңбы? 33  Асмандагы нерселерди башкарган мыйзамдарды билесиңби,+Алардын* бийлигин жер бетине орното аласыңбы? 34  Булуттарга буйрук берип,Үстүңө нөшөр жаадыра аласыңбы?+ 35  Чагылган түшүрө аласыңбы? Ал келип, сага: „Мен мындамын!“ — дейби? 36  Булуттарга* акылмандыкты ким берген?+ Асман кубулуштарына* түшүнүктү ким берген?+ 37  Булуттарды санап чыкканга кимдин акылы жетет? Асман кумураларын ким көмкөрө алат?+ 38  Ким ошентип чаңды баткакка айлантып,Кесек-кесек топуракты бири-бирине жабыштыра алат? 39  Сен арстанга олжосун кармап бере аласыңбы,Жаш арстандарды тойгуза аласыңбы?+ 40  Алар турагында боортоктоп жатканда,Жемин аңдып жатканда тойгуза аласыңбы? 41  Балапандары жем таппай темселеп,+Кудайга жалбарганда,Кузгунга азыгын ким таап берет?

Шилтемелер

Же: «Периштелердин».
Же: «Өлүмдүн көлөкөсүн».
Же балким: «чагылган».
Сыягы, Букачар топ жылдызындагы Үркөр жылдыз чогулмасы.
Сыягы, Орион топ жылдызы.
Сөзмө-сөз: «Мазаротту». Падышалар 2-китеп 23:5теги ушул сөзгө маанилеш көптүк сандагы сөз жылдыз төлгөдө колдонулган топ жылдыздарды билдирет.
Сыягы, Чоң Жетиген топ жылдызы.
Же балким: «Кудайдын».
Же балким: «Адамга».
Же балким: «Акылга».