Аюп 39:1—30

  • Адам жаныбарлар дүнүйөсү жөнүндө баарын билбейт (1—30)

    • Тоо эчкилер менен маралдар (1—4)

    • Жапайы эшек (5—8)

    • Жапайы бука (9—12)

    • Төө куш (13—18)

    • Ат (19—25)

    • Шумкар менен бүркүт (26—30)

39  Сен тоо эчкилеринин тууй турган маалын билесиңби?+ Маралдардын тууп жатканын көрдүң беле?+  2  Алар баласын канча ай көтөрөрүн эсептеп чыга аласыңбы? Тууй турган маалын билесиңби?  3  Тууп жатканда алар ийилип-бүгүлөт,Азапка салган толгоосунан арылат.  4  Улактары телчип, талаада чоңоюшат,Энелеринен бөлүнүп кетишет да, кайра кайтып келишпейт.  5  Жапайы эшекти* эркин коё берген ким?+ Анын жибин чечкен ким?  6  Ага ээн талааны үй кылып,Шор жерди турак кылып берген менмин.  7  Ал кыжы-кужу түшкөн шаардан алыс жүрөт,Артынан айдап ишке салган кишинин кыйкырыгын укпайт.  8  Ал жайыт издеп, адырларды кыдырат,Азык болор чөп издейт.  9  Жапайы бука сага кызмат кылабы?+ Малканаңда* түнөйбү? 10  Аны аркан менен байлап, сокого чеге аласыңбы? Ал артыңан ээрчип, өрөөндөгү жериңди айдайбы*? 11  Анын зор күчүнө таянасыңбы,Оор жумушуңду ага кылдырасыңбы? 12  Жыйналган түшүмүңдү ташып келип берет деп,Кырманыңа жыйып берет деп үмүттөнөсүңбү? 13  Төө куш канатын кубана кагат,Бирок анын канаты менен жүнү илегилектикине тең келеби?+ 14  Ал жумурткаларын жерге таштайт,Кумга жылытат. 15  Аларды бирөөнүн буту басып кетиши,Же жапайы жаныбар тебелеп кетиши мүмкүн экенин унутуп коёт. 16  Ал өз балапандарын өгөйлөп, катаал мамиле кылат,+Мээнети текке кетиши мүмкүн экенин ойлоп коркпойт. 17  Себеби Кудай ага акылмандык да,Түшүнүк да берген эмес. 18  Бирок ал туруп, чуркаш үчүн канатын каккандаАт менен атчанды шылдыңдап күлөт. 19  Атка күчтү сен берип жатасыңбы?+ Мойнуна желбиреген жалды сен жабасыңбы? 20  Аны чегирткедей секирте аласыңбы? Анын катуу кошкуругу үрөйдү учурат.+ 21  Өрөөндө туягы менен жер чапчып, күчү ашына туйлайт,+Салгылашты көздөй жулунат.+ 22  Ал коркунучту шылдыңдайт, эч нерседен коркпойт,+Кылычтан жалтанып да койбойт. 23  Капталына чабандестин саадагы урунуп шалдырттайт,Найзасы менен кыска найзасы жалтылдайт. 24  Ал жер чапчып туйлап, алдыга жулунат,Мүйүз сурнайдын үнүн укканда тынч тура албайт*. 25  Сурнай тартылары менен, кишенейт,Алыстан салгылаштын жытын сезет,Башчылардын кыйкырыгын, согуш ураанын угат.+ 26  Шумкар сен үйрөткөндүктөн каалгып учабы,Канатын жайып түштүктү көздөй бет алабы? 27  Бүркүт сен буйрук бергендиктен бийик көтөрүлөбү,+Уясын бийик жерге салабы?+ 28  Сенин буйругуң боюнча аскада түнөйбү,Зоокадагы чебинде жашайбы? 29  Ал ошол жактан карап, жемин издейт,+Көзүн тээ алыска багыттайт. 30  Балапандары кан ичет,Өлүк каерде болсо, ал да ошол жерде болот».+

Шилтемелер

Же: «Онагрды». Жапайы эшектин түрү. Айрымдардын ою боюнча, бул жерде зебра жөнүндө айтылып жатат.
Же: «Акырыңдын жанында».
Же: «малалайбы».
Же балким: «ишенбейт».