Аюп 7:1—21
7 Ажалдуу пенденин өмүрү оор эмгек менен өтөт эмеспи?!
Анын күндөрү жалданма жумушчунун күндөрүндөй эмеспи?!+
2 Ал кулга окшоп көлөкөнү эңсейт,Жалданма жумушчуга окшоп эмгек акысын күтөт.+
3 Менин акыма курулай өткөн айлар,Азап менен өткөн түндөр тийди.+
4 Жатканымда: „Качан турам?“ — дейм.+
Түн узакка созулуп, тынчым кетип, таң аткыча ооналактап чыгам.
5 Бүткөн боюмду курт каптап, чаң басты,+Теримдин баары карт менен ириң.+
6 Күндөрүм токуучунун өрмөгүнөн да тез зыпылдап,+Үмүтсүз аяктап баратат.+
7 Өмүрүмдүн шамалдай экенин,+Эми эч качан жакшылык көрбөй турганымды унутпа*.
8 Мени көрүп турган көздөр эми көрбөйт,Көздөрүң мени издейт, бирок мен жок болуп калган болом.+
9 Булут тарап, жок болуп кеткендей эле,Көргө* түшкөн киши да кайра чыкпайт.+
10 Ал үйүнө кайрылып келбейт,Аны өз жеринде тааныбай калышат.+
11 Ошон үчүн унчукпай койбойм,Өзөгүм өрттөнүп тургандыктан сүйлөйм,Жаным кейип тургандыктан наалыйм!+
12 Сен мага сакчы койгудай,Мен деңиз белем же деңиздеги алп жаныбар белем?
13 „Жатсам, сооронуп калам,Жаткан жерим азабымды жеңилдетер“,— дейм.
14 Бирок уктаганымда, түштөрдү көрсөтүп үрөйүмдү учурасың,Көрүнүштөр менен коркутасың.
15 Ошон үчүн дем жетпей өлүп калганды,Ушинтип жашагандан көрө өмүрүмөн айрылганды артык көрөм.+
16 Жашоомду жек көрөм;+ мындан ары жашагым келбейт.
Мени жайыма кой, себеби өмүр күндөрүм дем сыяктуу.+
17 Сен көңүл бургудай,Сен назар салгыдай, ажалдуу адам деги ким болуп калыптыр?+
18 Эмнеге аны күнүгө эртең менен текшерип,Көз ирмем сайын сынайсың?+
19 Эмнеге менден көзүңдү албайсың,Бир азга болсо да жайыма коюп,Шилекейимди жутканга мүмкүнчүлүк бербейсиң?+
20 Адамзатты карап, байкап турган Кудай,Эгер күнөө кылсам, сага кандай зыян келтирмек элем?+
Эмнеге менин артыман сая түштүң?
Мен сага, эмне, жүк болдумбу?
21 Айыбымды кечирип,Күнөөмө көз жумуп койсоң болбойбу?
Мына, жакында жер койнуна жатам,+Мени издейсиң, бирок мен жок болуп калган болом».