Аян 10:1—11
10 Анан асмандан түшүп келаткан, булуттарга чулганган башка күчтүү периштени көрдүм. Анын баш жагында асан-үсөн бар экен. Периштенин жүзү күндөй,+ буттары оттуу тирөөчтөрдөй экен.
2 Колунда ачылган кичинекей түрмөк бар экен. Ал оң бутун деңизге, сол бутун жерге коюп,
3 арстан арылдагандай+ катуу кыйкырды. Ошондо жети күн күркүрөөнүн+ үнү угулду.
4 Жети күн күркүрөө сүйлөгөндө, жазып алганга камындым. Бирок асмандан:+ «Жети күн күркүрөөнүн айткандарын купуя сакта*, жазба»,— деген үндү уктум.
5 Мен көргөн, деңиз менен жерде турган периште оң колун асманга көтөрүп,
6 асман менен андагынын бардыгын, жер менен анын үстүндөгүнүн бардыгын жана деңиз менен андагынын бардыгын жараткан,+ түбөлүктөн түбөлүккө+ жашаган Кудайды оозанып мындай деп ант берди: «Кудай мындан ары күтпөйт.
7 Жетинчи периште+ сурнайын тартайын деп жаткан+ күндөрдө Кудайдын өз кулдарына, пайгамбарларына,+ жакшы кабар катары жарыялаган ыйык сыры+ аягына чыгат».
8 Мен асмандан уккан үн+ кайрадан мага кайрылып: «Барып, деңиз менен жерде турган периштенин колундагы ачылган түрмөктү ал»,— деди.+
9 Ошондо периштеге барып, ошол кичинекей түрмөктү сурадым. Ал: «Муну ал да же.+ Бул оозуңда балдай таттуу, ал эми ичиңе киргенде ачуу болот»,— деди.
10 Мен периштенин колунан кичинекей түрмөктү алып, жедим.+ Ал оозумда балдай таттуу,+ ал эми ичиме киргенде ачуу болду.
11 Ошондо мага: «Сен мындан ары да улуттар, элдер, ар кайсы тилде сүйлөгөн адамдар жана көптөгөн падышалар жөнүндөгү Кудайдын кабарын айтышың керек»,— деп айтылды.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «мөөр менен бекитип кой».