Аян 12:1—17
12 Андан кийин асмандан улуу жышаан көрдүм: күнгө чулганган аял+ көрүндү. Анын бутунун астында ай, башында 12 жылдыздан жасалган таажы бар экен.
2 Аял кош бойлуу эле. Ал толгоо тартып, катуу кыйналгандыктан кыйкырып жатты.
3 Анан асмандан башка жышаан көрдүм: чоң кызыл ажыдаар+ көрүндү. Анын 7 башы, 10 мүйүзү, баштарында 7 таажысы бар экен.
4 Ал асмандагы жылдыздардын+ үчтөн бир бөлүгүн куйругу менен шилеп, жерге кулатты.+ Аял төрөгөндө баласын жутуп алыш үчүн ажыдаар аялдын+ алдында турду.
5 Аял уул төрөдү,+ бардык элдерди темир таяк+ менен кайтара турган эркек бала төрөдү. Баласы ошол замат тактыда отурган Кудайга алынып кетти.
6 Аял болсо чөлдүү аймакка, Кудай ага орун даярдап койгон жерге, качып кетти. Ал ошол жерде 1 260 күн багылат.+
7 Асманда согуш чыкты: Микеил*+ менен анын периштелери ажыдаар менен согушушту. Ажыдаар да өзүнүн периштелери менен аларга каршы согушту,
8 бирок жеңилип калышты*. Андан ары аларга асманда калганга жол берилген жок.
9 Ошентип, бүт жер жүзүн адаштырып+ жүргөн+ байыркы жылан, Ибилис+ жана Шайтан+ деп аталган чоң ажыдаар,+ жерге кулатылды,+ аны менен кошо периштелери да кулатылды.
10 Анан мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум:
«Мына, Кудайыбыз адамзатты куткарды,+ анын күчү айкын көрүндү, Падышалыгы орноду,+ анын Машаягы бийлик жүргүзө баштады, анткени бир туугандарыбызды Кудайыбыздын алдында күндүр-түндүр айыптаган айыптоочу кулатылды!+
11 Алар аны Козунун каны+ менен, өздөрү жарыялаган кабар+ менен жеңишти.+ Алар өлүм алдында турганда да өз жанын+ аяшкан жок.
12 Ошондуктан, асманда жашагандар*, кубангыла! Ал эми жер менен деңиз, кайгыргыла!+ Себеби Ибилис убактысынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү».+
13 Ажыдаар өзүнүн жерге кулатылганын+ түшүнгөндө эркек бала төрөгөн аялды+ куугунтуктай баштады.
14 Бирок аял чөлдүү аймактагы өзүнө даярдалган орунга учуп кетиши үчүн, ага чоң бүркүттүн+ эки канаты берилди. Жыландан+ алыс ошол жакта аял бир мезгил, эки мезгил жана жарым мезгил*+ бою багылат.
15 Жылан аялды сууга чөктүрүш үчүн оозун ачып, анын артынан дарыядай сууну коё берди.
16 Бирок аялга жер жардамга келди. Жер оозун ачып, ажыдаардын оозунан чыккан дарыяны жутуп алды.
17 Ошондо ажыдаар аялга каарданып,+ анын тукумунун калгандары менен — Кудайдын осуяттарын сактагандар жана Иса жөнүндө күбөлөндүргөндөр+ менен — согушканы жөнөдү.
Шилтемелер
^ Мааниси: «Ким Кудайдай?»
^ Же балким: «ал [башкача айтканда, ажыдаар] жеңе алган жок».
^ Сөзмө-сөз: «асман жана анда жашагандар».
^ Б. а. үч жарым мезгил.