Аян 13:1—18
13 Ажыдаар деңиз жээгиндеги кумдун+ үстүндө турду.
Анан мен деңизден чыгып келаткан 10 мүйүздүү, 7 баштуу жырткычты+ көрдүм. Анын мүйүздөрүндө 10 таажы, ал эми баштарында Кудайга акарат кылган ысымдар бар экен.
2 Мен көргөн жырткыч кабыланга окшош экен, бирок буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай экен. Ажыдаар+ ага күч, такты жана чоң бийлик берди.+
3 Мага жырткычтын бир башы аябай катуу жабыркагандай көрүндү, бирок ошол оор жарааты айыгып калды.+ Ошондо жер жүзүндөгү бүт адамдар жырткычтын артынан суктана ээрчип жөнөштү.
4 Ажыдаар жырткычка бийлик бергендиктен, адамдар ажыдаарга сыйынышты. Алар: «Жырткычка ким тең келе алат?! Аны менен ким салгылаша алат?!» — деп, жырткычка да сыйынышты.
5 Жырткычка менменсинип сүйлөгөнгө, Кудайга акарат айтканга, ошондой эле 42 ай+ өзүнө жаккандай иш кылганга бийлик берилди.
6 Ошондо ал Кудайга, анын ысмына, турак жайына жана асманда+ жашагандарга акарат кыла баштады.+
7 Ага ыйыктар менен согушуп, аларды жеңгенге жол берилди.+ Ал ар бир уруунун, элдин, улуттун жана ар кайсы тилдерде сүйлөгөн адамдардын үстүнөн бийликке ээ болду.
8 Жерде жашагандардын баары ага сыйынышат. Адамзат дүйнөсү жаралгандан* бери, алардын эч биринин ысмы курмандыкка чалынган Козунун+ өмүр түрмөгүнө+ жазылбай келет.
9 Ар бириңер кунт коюп уккула.+
10 Араңардан ким туткундалышы керек болсо, ал туткундалат. Ким бирөөнү кылыч менен өлтүрсө*, ал кылыч менен өлтүрүлөт.+ Мына ошон үчүн ыйыктарга туруктуулук,+ ишеним+ керек.+
11 Анан мен жерден чыгып келаткан башка жырткычты көрдүм. Анын козунукундай 2 мүйүзү бар экен, бирок ал ажыдаардай+ сүйлөй баштады.
12 Ал биринчи жырткычтын+ көз алдында аныкындай бийлиги бар экенин көрсөттү. Ал жерди жана анда жашагандарды оор жарааты айыккан ошол биринчи жырткычка сыйынганга мажбурлады.+
13 Ошондой эле улуу жышаандарды көрсөттү, атүгүл адамзаттын көз алдында асмандан жерге от түшүрдү.
14 Ал кылычтан жараат алган, бирок кайра жанданган+ биринчи жырткычтын алдында көрсөткөнгө жол берилген жышаандар аркылуу жер бетинде жашагандарды адаштырды. Андан тышкары, жер бетинде жашагандарга ошол жырткычтын сөлөкөтүн+ жасоону айтты.
15 Жырткычтын сөлөкөтү сүйлөшү үчүн жана өзүнө сыйынбагандардын баарын өлтүртүшү үчүн, ага ошол жырткычтын сөлөкөтүнө өмүр демин үйлөгөнгө жол берилди.
16 Ал бардык адамдарды: карапайымдарды да, жогорку даражалууларды да, байларды да, жакырларды да, эркин адамдарды да, кулдарды да оң колуна же чекесине белги койдурганга мажбурлады.+
17 Өзүнө жырткычтын ысмын+ же анын ысмын билдирген санды+ белги катары койдурбагандардын бири да сатып ала албашы же сата албашы үчүн, ушундай кылды.
18 Ким даанышман болсо, жырткычтын санын эсептеп алсын, анткени ал сан — адамзатты билдирген сан. Анын саны — 666.+ Муну түшүнүш үчүн акылмандык керек.
Шилтемелер
^ Бул Адам ата менен Обо эненин балдары төрөлө баштаган убакты билдирет.
^ Же балким: «Ким кылыч менен өлтүрүлүшү керек болсо».