Аян 15:1—8

  • 7 балээ алып келген 7 периште (1—8)

    • Муса менен Козунун ыры (3, 4)

15  Анан асмандан улуу, кереметтүү башка жышаанды — 7 периштенин+ 7 балээ алып келатканын — көрдүм. Ал балээлер — акыркы балээлер, анткени алар бүткөндө, Кудай да каарданганын токтотот.+ 2  Мен айнек деңизге окшогон,+ от аралашкан нерсени көрдүм. Ошондой эле жырткыч менен анын сөлөкөтүн+ жеңип жаткандарды,+ жырткычтын ысмын билдирген санды+ өздөрүнө койдурбагандарды көрдүм. Алар айнек деңизге окшогон нерсенин жанында турушуптур, колдорунда Кудайдын арфалары бар экен. 3  Алар Кудайдын кулу Мусанын+ ырын жана Козунун ырын+ минтип ырдап жатышыптыр: «Кудурети Чексиз Жахаба Кудай, сенин иштериң+ улуу, кереметтүү.+ Түбөлүктүктүн Падышасы,+ сен кылган нерселердин баары* адил, туура.+ 4  Жахаба, сенден ким коркпойт?! Ысмыңды ким даңктабайт?! Анткени бир гана сен берилгендигинен жазбаган Кудайсың!+ Бардык элдер алдыңа келип, сага сыйынышат,+ себеби алар буйруктарыңдын адил экенин айкын көрүштү». 5  Ошондон кийин асмандагы ыйык чатырдын* ыйык жайы*+ ачылганын көрдүм.+ 6  Ыйык жайдан таза, жаркыраган зыгыр кийим кийип, көкүрөгүнө чейин алтын кур менен курчанган жана 7 балээ+ алып келаткан 7 периште чыкты. 7  Төрт периштенин бири ошол 7 периштеге түбөлүктөн түбөлүккө жашаган Кудайдын каары+ толтурулган 7 алтын чөйчөк берди. 8  Ыйык жай Кудайдын даңкы+ менен күчүнөн улам түтүнгө толду. 7 периште алып келаткан 7 балээ+ бүткөнчө, ыйык жайга эч ким кире алган жок.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сенин жолдоруң».
Сөзмө-сөз: «күбө чатырдын».
Б. а. Ыйыктын ыйыгы.