Аян 17:1—18
17 Жети чөйчөгү+ бар 7 периштенин бири мага келип: «Кел, сага көп суулардын үстүндө отурган+ улуу сойкунун кандай жазага тартыларын көрсөтөйүн.
2 Аны менен жер жүзүнүн падышалары жыныстык адеп-ахлаксыздык* кылышкан+ жана жер үстүндө жашагандар анын жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштерин билдирген шарабын ичип, мас болушкан»,+— деди.
3 Периште Кудайдын ыйык руху аркылуу мени чөлдүү аймакка алып барды. Ал жерден 7 башы, 10 мүйүзү бар кыпкызыл жырткычтын үстүндө отурган аялды көрдүм. Жырткычтын бүт дене-башына Кудайга акарат кылган ысымдар жазылган экен.
4 Аял кызгылт көк+ жана кыпкызыл кийим кийип, алтындан, баалуу таштардан, берметтен+ жасалган жасалгаларды тагынып алыптыр. Колуна жийиркеничтүү нерселерге, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан ыпылас иштерине толгон алтын чөйчөк кармап алыптыр.
5 Чекесинде: «Улуу Бабыл, сойкулардын+ жана жердеги жийиркеничтүү нерселердин энеси»,+— деген сырдуу ысым жазылуу экен.
6 Аял ыйыктардын, Исанын күбөлөрүнүн канына мас экен.+
Аялды көрүп, аябай таң калдым.
7 Ошондо периште мага мындай деди: «Эмнеге таң калып жатасың? Мен сага аял+ жана ал минип отурган 7 баштуу, 10 мүйүздүү+ жырткыч жөнүндөгү сырды ачып берем.
8 Сен көргөн жырткыч мурун бар болгон, азыр жок, бирок жакында түпсүз туңгуюктан чыгат,+ анан жок кылынат. Жерде жашагандар — адамзат дүйнөсү жаралгандан* бери аттары өмүр түрмөгүнө+ жазылбай келгендер — анын мурун бар болуп, анан жок болгонуна, бирок кайра пайда болгонуна таң калышат.
9 Буларды түшүнүш үчүн акылмандык керек: 7 баш+ 7 тоону билдирет. Аял ошолордун үстүндө отурат.
10 Ошондой эле алар 7 падышаны билдирет: бешөө кулаган, бирөө бар, бирөө али келе элек, бирок келгенде аз эле убакыт болот.
11 Мурун бар болуп, азыр жок болгон+ жырткыч сегизинчи падыша да болуп саналат, бирок ал берки жетөөнөн чыгат, анан кыйрайт.
12 Сен көргөн 10 мүйүз падышалык бийликти ала элек 10 падышаны билдирет. Алар падышалык бийликти жырткыч менен бирге алышат, бирок бир эле саатка башкарышат.
13 Ой-максаты бир болгондуктан, алар өздөрүнүн күчү менен бийлигин жырткычка беришет.
14 Алар Козу+ менен согушушат, бирок Козу аларды жеңет,+ анткени ал — мырзалардын Мырзасы, падышалардын Падышасы.+ Кудай чакыргандар, тандалгандар жана ишенимдүүлөр Козу менен бирге жеңишке жетишет».+
15 Анан периште мага: «Сен көргөн жана үстүндө сойку отурган суулар элдерди, сүрмө топторду, улуттарды, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарды билдирет.+
16 Сен көргөн жырткыч+ менен анын 10 мүйүзү+ сойкуну+ жек көрүп, талап-тонойт, жылаңачтайт. Анан этин жеп, өзүн өрттөп жиберет.+
17 Себеби Кудай өзүнүн эркин аткартыш үчүн+ ошол 10 падышага ой салат. Башкача айтканда, алар өздөрүнүн жалпы бир оюн ишке ашырууну — Кудайдын сөздөрү аткарылганга чейин өз падышалыгын жырткычка+ берүүнү — чечишет. Бирок, чынында, алар Кудайдын оюн ишке ашырган болушат.
18 Сен көргөн аял+ жер жүзүндөгү падышаларды башкарган улуу шаарды билдирет»,— деди.
Шилтемелер
^ Бул Адам ата менен Обо эненин балдары төрөлө баштаган убакты билдирет.